Карышкыр менен кармашкан келин

Эсенжан кызы Элнура: Башында маани бергидей деле болгон жокмун. Күйөөм алышып атканда ага кошулуп мен да бычактап жибердим

Сүрөттүн булагы, Esenjan kyzy Elnura

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эсенжан кызы Элнура: Башында маани бергидей деле болгон жокмун. Күйөөм алышып атканда ага кошулуп мен да бычактап жибердим
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Саналуу күн мурун Ысык-Көлдө жаш келин күйөөсүнө кол салган карышкырга бычак уруп, күйөөсүн ажал оозунан сууруп алды. Бул окуя бир чети коркунучтуу болгону менен көптөрдү келиндин эрдиги таң калтырып жаткан учур. Би-Би-Си тоо койнунда жашаган каарман келинге байланышты.

Би-Би-Си: Элнура, окуянын чоо-жайын өз оозуңуздан уксак.

Эсенжан кызы Элнура: Биз райондун борборунан бир топ эле алыс жашайбыз. Жакшы автоунаа менен Кызыл-Сууга чейин беш саатка жакын жол жүрүүгө туура келет. Балабызды каникулда чоң ата-энесине учураштырып келели деп барып кайра келе жатканбыз. Ак-Шыйракка кетчү жолдо Сары-Чат-Ээр-Таш коругуна жакын жерде үй бар. Машинебиз ошол жерде кечки саат төрттөрдө бузулуп, күйөөм оңдоп жаткан. Суук чыкылдайт, мен жылынып алайын деп үйгө киргем. Аңгыча эле сырттан балам кыйкырып, "атамды карышкыр тиштеди" деп чуркап келди. Бала неме ойноп жатабы деп мен көп ишене бербей сыртка чыга калсам, күйөөм чындап эле карышкыр менен алышып жаткан экен. Быча-а-ак дегенинен заматта эле үйдөн жип менен бычак алып чуркап бардым. Кадимкидей алышып калышыптыр. Болжоп туруп жүрөк тушка үч жолу сайып-сайып жибердим. Көрсө балам бакыргандай чындап эле карышкыр келип сан туштан тиштегенде, жолдошум аны кулактан алып баса жыгылыптыр. Коргонуш керек да. Аябай эле ачыккан карышкыр окшойт. Маңдайыңыздан эле ач карышкыр чыга калып, кол салганын элестетип көрүңүз.

Эсенжан кызы Элнура: Балам кыйкырып, "атамды карышкыр тиштеди" деп чуркап келгенинен, ишенбей сыртка чыга калсам, күйөөм карышкыр менен алышып аткан экен.

Сүрөттүн булагы, Mirbek Kelgenbaev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эсенжан кызы Элнура: Балам кыйкырып, "атамды карышкыр тиштеди" деп чуркап келгенинен, ишенбей сыртка чыга калсам, күйөөм карышкыр менен алышып аткан экен.

Би-Би-Си: Карышкырга кол салууга кантип батындыңыз?

Эсенжан кызы Элнура: Башында жанагыдай алышып, кармашып калганын көргөндө акыл токтотуп маани бергидей деле болгон жокмун. Күйөөм алышып жатканда ага кошулуп мен да бычактап жибердим. Качан гана кашабаңды өлтүрүп, күйөөмдү үйгө алып киргенде, өлүп жаткан карышкырды көрүп, опколжуп, коркуп, бир аз жүрөгүм айланды. Ошондо гана эмне болуп кетти деп ойлонгонго чамам жетти. Баарыбир жырткыч болгондон кийин коркот экенсиң. Жырткычч деген жырткыч да, өлгөндөн кийин да алда кандай болуп кетпесин деп таңып салдык.

Би-Би-Си: Сиздин мындай эрдигиңизге жолдошуңуз абдан ыраазы болуп жатса керек?

Эсенжан кызы Элнура: Качан гана кашабаңды өлтүрүп, күйөөмдү үйгө алып киргенде, өлүп жаткан карышкырды көрүп, опколжуп, коркуп, бираз жүрөгүм айланды.

Сүрөттүн булагы, Mirbek Kelgenbaev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эсенжан кызы Элнура: Качан гана кашабаңды өлтүрүп, күйөөмдү үйгө алып киргенде, өлүп жаткан карышкырды көрүп, опколжуп, коркуп, бираз жүрөгүм айланды.

Эсенжан кызы Элнура: Ооба, аябай ыраазы болуп жатат. Башкалар да жакшы кеп-сөзүн айтышты.

Би-Би-Си: Окуя тууралуу айыл эли эмне деп жатат?

Эсенжан кызы Элнура: Угуп, билгендин баары эле ыраазы. Өзүңүз билендей айылда тамаша , кеп сөз деген укмуш эмеспи. "Карышкырды өлтүргөн келинден абайлайлы ай" деп эле баары тамашалап күлүп жатышат. "Күйөңдү ушунчалык жакшы көрөт турабайсыңбы, сен керек болсо көк жал карышкырдан да кайра тарткан жоксуң" дешип эле тамашага салып күлгөн киши көп. Жалпысынан аягы жаман иш менен бүткөн жок деп ыраазы болгон эле кишилер. Кокус чындап эле бир нерсе болсо кандай болмок? Окуя болгондон көп өтпөй эле айыл өкмөтүбүз келди. Ал киши карышкырдын башын текшерүүгө жиберди. Kүйөөмдү райондун борборуна алып барып, кутурмага каршы эмдетип келди.

Күн сууктагандан тарта карышкырлардын малга кол салганы күчөйт. Ал тургай айыл аралап кирип келген мисалдар да жок эмес. Тобу менен жүргөн карышкыр болсо жылкы баштаган кара малга чейин оңой эле жеп коёт. Кээ бир айылдарда күндө бирден жылкы желген мисалдар деле арбын. Жыл бою карышкырдан миллион сомдоп зыян тарткан айылдар бар. Ошондон улам айылдыктар атайын аңчылардын тобун уюштуруп, керек болсо аларды Бишкектен бери жалдап барышат.

Аңчылар карышкыр абдан акылдуу, күчтүү, аябай жаны бекем, айлакер жырткыч деп сыпаттап келишет. Атылган ар бир карышкыр үчүн ченелүү өлчөмдө сый акы да каралган. Эми бир топ аймактарда карышкыр эле эмес, чөө дагы баш оорууга айланды. Чөөнун эң жаман жери кыргоол сыяктуу канаттуулардын чытырмандагы уясына чейин кирп барып, жумурктасынан бери жеп, кырып жибергенинде дешет. Кээ бир аймактарда кадимкидей кекилик, кыргоол, коён сыяктуу жандыктар саны кыскарып кетти деп тынчсызданышууда. Жашынып, аттырбаган чөөлөрдү эми акырындап тайганга алдыра башташты. Карышкырдын өзүндөй улуган, дасыккан аңчы менен маекти мындан окуңуз.