Аңчынын аңгемелери: карышкырдай улуган Санжар

тоодогу малчы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда соңку апталарда мал менен эттин баасы кызуу талкууга айланды. Тоолуу аймакта жашаган калктын басымдуу бөлүгү малчылык менен тиричилик өткөрөт. Ушул мезгилде төрт түлүктүн баасы кымбат болуп жатканы менен ит куш дагы күчөп турган маалы.

Малдын түмөн түйшүгүн тарткан тоолуктарга карышкыр чоң чыгым алып келет. Кыргызстанда карышкыр атууга тыюу салынган эмес. Тескерисинче, өкмөт карышкыр аткан аңчыларга атайын сыйлыктарды берет. Биз малчыларга жардамга барып, карышкыр атып жүргөн мергенчи Санжар Мияев менен маектешип калдык. Анын адаттан тыш өнөрү көптөрдү таң калтырбай койбойт.

С. Мияев: Өзүм Бишкекте турам. Бирок ит куш күч алганда малчылар чакырып калат. Болбосо тоолорду сагынганда эле Ат-Башыга жөнөмөй. Ошол жердин кулунумун. Кыш түшкөндө ыркыраган суук бир жагынан, бөрү бир жагынан кыйнайт эмеспи. 3-4 күн мурун эле "үйүр карышкыр тажатты, бододон бери жеп жатат" деп, малчылар даттанышканда бардым. Аймакка жетип барып эле эртеси тоого бастырдык. Карышкырлар жүргөн жерин болжоп бардык, жердин уусун билген соң жаткан жерди таптык. Алты карышкыр жаткан экен. Үч киши барганбыз, тозотко экөөбүз калып, айдакка бирөө кетти. Зоо тарапка качат деп болжоп, өзүм ошол жерге ыктап олтургам. Айткандай эле ошондой болду. Алты карышкырдын төртөөнү атып калдым. Карышкырдын үйүрүндө баары бөлүштүрүлгөн. Кадимкидей эле айдакчысы, тосотчусу, чабуулчусу бар дегендей. Кийикти тобу менен кубалаган учурун үстүнөн чыгып, алканга салгандай жерден көрдүк да. Кийикти кууганда өрдү көздөй качышат, арасындагы чабалдар кууган карышкырларды аттап-буттап ылдыйды көздөй жөнөйт. Так ошол этекте тозотко турган алдуу күчтүүлөрү жаза кетирбей баса жыгылат. Кашабаңдын изине түшкөнүмө кеминде 25 жыл болуп калган экен.

Би-Би-Си: Адатта бөрү баласынын чүкөсүн, боорун, тарамышын, тиши менен тырмагын ырым-жырымга деп алышаар эле. Кийин анын этинен баштап, ичеги, жатынына чейин издеп, кымбат баада сатып алганы да айтылып жүрөт. Карышкыр атуу киреше булаганы айландыбы?

С.Мияев: Мурун байбичелер сиз айткандарды сурачу эле. Майын муун ооруларына алдырышчу. Азыр баарын эле сурап, эч нерсесин калтырбай калышканын мен да көп угуп жүрөм. Бирок мен анчалык жиликтеп саткан эмесмин.

Би-Би-Си: Дасыккан аңчылар карышкырча улуп чакырып аткан амалы да бар эмеспи. Сизди жакындан билгендер да ушул ыкманы колдонгонуңузду айтып жүрүшөт. Өз оозуңуздан уксак.

С.Мияев: Бир жылдары "айына баланчадан карышкыр атасыңар" деп жумушубуз милдеттенмени моюнга илип койду. Айына бир мергенге беш карышкыр болсо керек эле. Эми ойлоп көр, план төгөт эле деп кашабаң келип бермек беле? Кубалап жүрүп бирди атсаң төртөө калып жатпайбы. Анан адамдан амал качып кутулбайт болуп укканыбызды туурап көрмөй болдук. Улусаң үйүр карышкыр келбейт. Жөн гана жооп кылып улуп коёт. Улуп чакырганыңда жалгыз жарым калган карышкыр келет. Тажрыйба бизге ошону көрсөттү. Бир жолу чет жерден карышкырга аңчылыкка мерген келди. Тоого бардык. Бир топ кыдырдык, кабылган жок. Атайын келген аңчынын болсо атып алсам деп бүйүрү кызып турат. Мен даяр тур деп айттым дагы аны далдоо жерге олтургуздум. Улусам бир аздан кийин жооп кылып улуду. Дагы улусам мени көздөй келе жатканын сездим. Дагы улусам карааны көрүндү. Тиги аңчы оозу ачылып, аябай таң калып калды. Даяр тур деп дагы эскерттим. Улантып улусам ылдамдап желип, жөнөдү. Бир маалда маңдайыбызга 70-80 метрге чейин келди. Ат эле ат деп кыйкырып жатам. Тиги мылтыгын таштап коюп эле боору эзилип каткырып жыргап алган. Кайра-кайра айтып атсам дагы такыр атпай койду. Ал ошончо чакырым басып келгенине, убарасына кайыл болуп аябай жыргады. Моокумум канды деп жыргаган бойдон кетти.

Каыршыкыр

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си: Карышкыр жырткыч, абдан сак жана өтө чыдамкай деп келебиз. Дагы кандай кызыктуу окуяларды көрдүңүз?

С.Мияев: Бизди мергендерди мыкаачы, кыргын салгандан башканы билбеген неме экен деп ойлоп калгандар да болушу мүмкүн. Чындыгында андай эмес, жырткыч экенине карабай кээде аткын келбей, колуң барбай турган учурлар дагы болот. Мисалы, бөлтүрүктөрүн ойнотуп, ээрчитип баратса же коркунучка кабылган учурда кадимкидей ойлонуп, айла-амал менен кутулууга аракет кылып жатканын көргөнүңдө, мейли кутулуп кетсинчи дейсиң. Атып салууга мүмкүн болуп турганда дагы, кол барбайт андайда. Бирок бирөөнүн жалгыз малын жеп, ана тууйт, мына тууйт деген малды жарып салганда, бир канча баш малды ой келди кырып салып, болор болбосун жеп басып кеткенде баш чайкайсың да. Ушунчаны тамактап таштап салганча бирди жыгып, тоё жесе эмне дейсиң. Бир жолу ээрчитип келе жаткан эки тайганымдын бирин карышкырга талатып, араң дегенде ажыратып калгам. Ат менен келе жатсам эле эки тайган чуркап кетти. Адатта зоого эчки-теке камаганда үрүп белги берет. Бирок, каңшылаган үн угулуп калды. Эмне болду деп ылдамдап бастырсам эле бир тайган мени көздөй чуркап келе жатыптыр. Экинчисинин каңшылаган үнү сай тараптан чыгып калды. Көрсө, бир тайганды үч карышкыр курчап алыптыр. Тайган жаналакетке түшүп айласы кетип жаткан экен. Тиштетип ийбейин деп чимирилгенде тим эле буту жерге тийбей абада калкыгандай эле тегеренип жатыптыр. Ой келди атсам тайганымды атып алчудаймын. Аралык ашып кетсе жүз метр.

Малчы

Сүрөттүн булагы, Jon Kruger

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санжар өзү малчынын бүлөсүндө чоңойгон, сүрөттө атасы

Мээлей баштасам эле экинчи тайган үрүп жиберди. Баягылар мени карап калды да үчөө тең ойт берди. Из суутуп кеткенче экөөнү аттым, бирөө кутулуп кетти. Ошол тегеректе карышкыр бар экенин жарым айдан бери байка жүргөм. Аны сезгеним ошол жактагы көк жалтаң музга кулжа, эки текени жыгып жегенин тарпынан, издеринен улам билгем. Көп өтпөй үчүнчүсүн да аттым. Азыр ойлосом аябай эле баш отум менен кирип кеткен экем. Бир жолу мен карышкырды, карышкыр мени көрүп калды. Өрдү көздөй качып жөнөдү. Мен чоң таштын түбүндө тургам. Былк этпей ошол жерде тура бердим. Улам өйдөлөп, кылчактап карап баратты. Кырга жетип жата кетти. Дүрбү менен карап турдум. Козголбой кыйла олтурдум. Боору менен жаткан карышкыр капталдап жатканы көрүндү. Алар түнү желип-жортуп күндүз уктайт. Капталдап жатып кылчактап карап жатты. Башында болжол менен мүнөт сайын караса, бир убакта беш, алты мүнөттө карай баштады. Үргүлөй баштады дедим. Анан андан да кеч карай баштады. Өңүп ордумду которуп кеттим дагы жанып кырга жөнөдүм. Кыскасы мурун карышкыр мени кырдан карап атса, эми мен карышкырды кырдан карагандай жерге чыгып бардым. Качканын, жашынганын же мал жегенин далай көргөм да. Уктап жатканын биринчи ирет көрдүм. Эмне кылат болду экен деп, жарым сааттан ашуун көз салдым. Анда-санда башын көтөрүп баягы мен турган ташты карап жатты. Мени башка тараптан келет деп күтпөсө да керек. Аралык ашып кетсе 30 метр. Бир топ жаткан соң ышкырдым, селт этип эле кетти. Басып жиберсем оодарылып эле түшүп калды.