Фото: Жапайы жаратылыш, катаалдык жана кооздук

Wildlife Photographer of the Year 2019 жапайы жаратылышты чагылдырган фото сынакка келген сүрөттөр жарыяланды. Сынак Лондондогу Табият таануу музейинде элүүнчү ирет өтүп жатат. Жеңүүчүлөр октябрь айында жарыяланат.

Weevil

Сүрөттүн булагы, Frank Deschandol/WPY2019

Бул сүрөттүн автору француз сүрөтчүсү Френк Дешандор. Бул эмгек "козу карындар жана өсүмдүктөр"номинациясына көрсөтүлдү.

Presentational grey line

Табият кээде катаал экенин дагы эскерте кетели. Сүрөттүн автору Питер Хейгарт.

Wild dogs

Сүрөттүн булагы, Peter Haygarth/WPY2019

Африкалык жапайы иттер жана кабылан. Сүрөт Түштүк Африкадагы корукта тартылган.

"Жашоо айлампасы" - Алекс Мастард, Улуу Британия. Кызыл деңизде тартылган сүрөт.

Shoal of fish

Сүрөттүн булагы, Alexander Mustard/WPY2019

Presentational grey line

"Бактылуу учур" - Жейсон Бэнтл, Канада.

Racoon

Сүрөттүн булагы, Jason Bantle/WPY2019

Еноттун ургаачысы киши жашабай калган фермада 1970-жылкы "Форд" унаасынын сынган терезесинен башын чыгарып турат. Сүрөт Канада аймагында тартылган. Бул жаныбар унаанын ичи коопсуз деп, ошол жерге балалаган экен.

Presentational grey line

Томас Песчак, германиялык автор. Жаш кит Мексикадагы деңизге туташкан Сан Игнасио булуңунда туристтин колун карап турган учуру.

Whale

Сүрөттүн булагы, Thomas.P.Peschak/WPY2019

Presentational grey line
Cage

Сүрөттүн булагы, Minghui Yuan/WPY

Presentational grey line

Кытайлык Миньгуй Юандын эмгеги. Бул табышмактуу конструкциянын ичине кирип алган көпөлөк курту өзүн жырткычтардан сактайт.

Presentational grey line
Turtle

Сүрөттүн булагы, Matthew Ware/WPY2019

Томас Уэйр, АКШ. Океандын булганышы оор кесепеттерге алып келүүдө. Бул деңиз ташбакасы балыкчылар таштап кеткен торго илешип калган креслону кошо сүйрөп кетип, муунуп калган. Сүрөт Алабамада тартылган.

"Акыркы дем" - Адриан Хирши, Швейцария.

Hippo

Сүрөттүн булагы, Adrian Hirschi/WPY2019

Бегемоттун эркеги жаңы туулган баласына кол салып жатат. Мындай учур сейрек болсо дагы кездешет.

*