Жапайы жаратылыштагы мыкты сүрөттөр
Жапайы жаратылыштагы сүрөттөр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынактын башкы сыйлыгын эки маймылдын ойго баткандай түр көрсөтүп олтурган сүрөтү жеңип алды.

Сүрөттүн булагы, Marsel van Oosten / WPY
Би-би-си Wildlife Photographer Of The Year сынагындагы негизги багыттар боюнча жеңишке жеткен сүрөттөр топтомун сунуштайт.
Голландиялык Марсель ван Остен бул маймылдарды Кытайдын Циньлин тоосунан тарткан.
"Мен өзүм тарткан сүрөткө канааттандым. Анткени маймылдын бул түрү тукум курут болуу коркунучунда турат. Көптөр мына ушундай жапайы жаныбар бар экенин биле беришпейт. Жер бетинен кандай жан-жаныбарлар жок болуп баратканын билүү, биз үчүн маанилүү болушу керек",-деди сүрөттүн автору Би-би-си менен маегинде.

Эс алып жаткан кабыландын сүрөтүн 16 жаштагы Скай Микер Ботсванада тарткан. Ал "Жаш сүрөтчүнүн мыкты эмгеги" деген номинация боюнча жеңип алды. Бул кабыланды Ботсванадагы коруктун кызматкерлери жакшы билишет. Аны "Матоджа" - "аксак" деп аташат. Ал кичине кезинде бутун сындырып алып, кийин аксап басып калган.

Сүрөттүн булагы, Skye Meaker / WPY
"Аксап баскандыктан "Матоджа" өз жемин даракка сүйрөп чыга албайт. Ошондуктан жерде гиеналарды кубалап, жегенге аргасыз",-деп айтты Микер.
Бул түтүктүн үстүндө олтурган үкүлөрдүн сүрөтү "11 жаштан кичүү фотограф" наамын утту. Анын автору Аршдип Сингх Индиянын Пунджаб штатынан.

Сүрөттүн булагы, Arshdeep Singh / WPY


Сүрөттүн булагы, Cristobal Serrano / WPY
"Жаныбарлар табигый чөйрөдө" деген категория боюнча сыйлыкты испандык фотограф Кристобал Серранонун эмгеги утту. Анда тюлендер океан үстүндөгү музда жатканы тартылган.


Сүрөттүн булагы, Georgina Steytler / WPY
Аарылардын сүрөтүн тарткан австралиялык Жорджин Стейтлердин эмгеги.
"Мен аарынын бир нерсени көтөрүп бара жатканын тартайын дегем. Сүрөткө дароо эки аары түшүп калыптыр, бул таң калычтуу",-деди Стейтлер.


Сүрөттүн булагы, Michael Patrick O'Neill / WPY
"Суу алдындагы сүрөт" категориясы боюнча америкалык Патрик Макнил утту. Ал учуучу балыктарды түн ичинде Флориданын жээгинен тартып алган.


Сүрөттүн булагы, Joan de la Malla / WPY
"Табияттагы фотожурналистика" боюнча биринчи орунду испаниялык Жоан де ла Малланын эмгеги алды. Сүрөт Индонезияда тартылып, анда чынжыр менен байланган макакага клоундун бет кабын кийгизип коюшкан. Жаныбарларды коргоо уюмунун өкүлдөрү мындай мамилени жок кылууга каршы иштеп келет.


Сүрөттүн булагы, Orlando Fernandez Miranda / WPY
"Пейзаж" номинациясы боюнча жеңип алган сүрөт. Намибиядагы чөл, сүрөттүн автору испаниялык Орландо Фернандес. (AbA)
*










