World Press Photo сынагын Венесуэлада тартылган сүрөт жеңип алды

Сүрөттүн булагы, AFP
Кадыр-барктуу World Press Photo сынагын венесуэлалык фотограф Ранолд Шемидт утуп алды. Анын эмгегинде Каракас шаарында өкмөткө каршы демонстрацияга учуру тартылган.
Сүрөт 2017-жылы 3-майда тартылган. Бул күнү Венесуэлада президент Николас Мадуронун конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы нааразылык акциялар болгон эле.
Фотограф кийими өрттөнгөн активисттин сүрөтүн тартып калган. Анын жанында турган мотоцикл жарылып, 28 жаштагы тургун жабыркап, ооруканага жеткирилген.
"Бул классикалык сүрөт, бирок анда кыймылдын энергиясы жана динамика байкалат. Көп түстүүлүк, кыймыл - анда күч бар. Мен сүрөттү карап дароо эмоцияны сезем",-деди калыстар тобунун башчысы Магдалена Эррера Washington Post гезитине берген маегинде.

Сүрөттүн булагы, AFP
World Press Photo - 1955-жылы негизделген, дүйнөдөгү кадыр-барктуу жыл сайын өткөн фотожурналистика боюнча сынак.
Быйыл 125 мамлекеттен төрт жарым миң фотограф 73 миң сүрөтүн жөнөткөн. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар Амстердам шаарында тапшырылды.

Германиялык фотограф Жеско Дензел Нигериянын эң ири шаары Лагостон бир нече аралыкта жайгашкан балыкчылардын байыркы кыштагы Мококого келген туристтерди тарткан. Бул сүрөтү менен фотограф "Замандын көйгөйлөрү" категориясы боюнча жеңишке жетти.
Мококодо уруксатсыз курулган үйлөр чоң маселеге айланган. Жергиликтүү бийлик жыгачтан жасалган үйлөрдү талкалап, андагы тургундарды көчүрүүнү көздөйт. Анын ордуна көп кабаттуу имараттарды куруу долбоору дагы бар. Бирок өткөн жылы сот жыгач үйлөрдү талкалоо конституцияга каршы келет деген өкүм чыгарган.

Сүрөттүн булагы, EPA

"Айлана-чөйрө" категориясында көзү кызыл жоолук менен байланган кериктин сүрөтү жеңип алды. Аны түштүкафрикалык Нейл Олдриж тарткан.
Бул керикти Түштүк Африкадагы браконьерлерден коргоп, айлана-чөйрөнү коргогон активисттер аны Ботсванадагы коркукка жеткиришти. Кериктердин бул түрү дагы тукум-курут коркунучуна кабылган.

Сүрөттүн булагы, EPA

"Адам" категориясында швециялык фотограф Магнус Веннман жеңишке жетти. Ал Косоводон жер которгон качкын кыздарды чагылдырган. Бул кыздар "обочолонуу синдрому" (Resignation Syndrome) аттуу психикалык илдетке кабылган. Кызыгы, психикалык илдетке качкындардын балдары гана туш болууда. Алар тамак же суу иче албай, жаткан жеринен тура албай калышат. Илдеттен так себептери али аныктала элек.

Сүрөттүн булагы, EPA

Кадир ван Лохайзен Лагостогу таштанды жайында тарткан сүрөтү "Айлана-чөйрө - окуялар" аттуу категориясында жеңишке жетти.
Нигериянын бийлиги 2022-жылга чейин таштанды жайын жабабыз деп убада кылууда. Күнүнө үч миң тонна таштанды келген жайда төрт миңден ашуун адам иштеп, жан багат.

Сүрөттүн булагы, EPA

"Жаратылыш" категориясында сейрек кездешкен кушту тарткан Кори Арнольд ийгиликке жетти. Ал XVII кылымдан бери АКШнын символу деп саналган ак шумкарды таштандынын арасында тарткан.
Бул куштар XX кылымдын экинчи жарымында кызыл китепке киргизилген. Бирок 10 жыл мурун айлана-чөйрөнү коргогон адистер куштардын санын көбөйтүүгө жетишкен.

Сүрөттүн булагы, EPA

"Жаңылык" категориясында автралиялык Патрик Браун жеңишке жетти. Ал аргасыз жер которуп, жолдо чөгүп кеткен рохинжа мусулмандарынын жансыз денесин сүрөткөн тартып, көйгөйдү көтөргөн.
Бул кишилер Мьянмадан кайык менен качып чыгып, Бангладешке сегиз чакырып калганда кайыгы аңтарылып кеткен. Кайыкта жүзгө чукул адам бар болчу, алардын 17 гана аман калды.
Мьянма армиясынын аскердик аракеттеринен улам өткөн жылы 650 миң рохинжа мусулмандары аргасыз жер которгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters

"Окуя болгон жерден алынган сүрөттөр" категориясында Дэвид Беккер ийгиликке жетти. Фотограф Лас-Вегас шаарында Стивен Паддок топтошкон жөн жай кишилерге ок чыгаргандан кийин полициянын кадамын чагылдырган. Кол салууда 58 адам каза таап, беш жүздөн ашууну жарадар болгон.
64 жаштагы Стивен Паддок «Мандалай-Бэй» мейманканасынын 32-кабатында туруп алып, автоматтык куралдан музыкалык фестивалга келген кишилерге ок чыгарган.
Полиция анын мейманканадагы бөлмөсүнөн 23 ок атуучу куралды тапкан. Ошондой эле анын Невададагы үйүнөн 19 даана ок атуучу курал жана жардыргыч зат табышкан.

Сүрөттүн булагы, EPA

"Жаратылыш - окуялар" категориясын Кениядагы Ретети коругундагы сүрөт утуп алды. Жетим калган пилдердин балдарын Самбуру эли негиздеген корукка жеткирилди.
Кызыгы, бул пилдер талаадагы өсүмдүктөрдүн көбөйүшүнө түрткү болот экен. Алар суу талашкан айрым бадалдарды жок кылганы үчүн, чөп жана башка өсүмдүктөр жашкы өсөт. Мал менен жан баккан Самбуру элине талаадагы чөп жана өсүмдүктөрдүн жайылышы абдан маанилүү.

Сүрөттүн булагы, EPA

"Спорт" категориясында америкалык Оливер Скарфф жеңишке жетти. Ал Ашборн шаарындагы орто кылымдарда негизделген салттык футбол оюнун чагылдырган.

Сүрөттүн булагы, EPA

Ал эми "Спорттогу окуялар" категориясында Индонезияда муундан-муунга өткөн салттык ат чабышта тартылган сүрөт утуп чыкты. Беш жаштан он жашка чыккан балдар күн сайын машыгып, айрымдары саатына 80 чакырым ылдамдыкка чейин ат чабышат.

Сүрөттүн булагы, ALAIN SCHROEDER / HANDOUT
.












