Жаратылыш менен ден соолукка бирдей зыяндуу желим таштандыдан кантип арылабыз?

    • Author, Канат Жолочиев,
    • Role, Бишкектик журналист

Кыргызстандык экологдор желим таштандылардын айлана-чөйрөгө олуттуу зыяны тууралуу айтып коңгуроо кагууда.

желим таштанды

Сүрөттүн булагы, FETHI BELAID/AFP/Getty Images

Желим баштыкчалар атмосферага, жер кыртышына ошондой эле жан-жаныбарларга жана адамдардын ден-соолугуна зыяндуу дейт адистер.

"Биз Ош жана Жалал-Абад облустарынын таштанды жыйноочу жерлерине барганыбызда, ал жердеги желим баштыктардын 5-7 км чакырым жерге чейин учуп, тегеректи булгаганына күбө болдук. Жапайы жаныбарлар жана үй-жаныбарлары оттоп жүрүп, желим баштыкчаларын жеп ичеги карынына тыгылып өлгөн учурлары көп. Биздин экспедиция Ысык-Көлдүн түбүндөгү пластикалык таштандыларды тазалоого барганыбызда, суу алдынан желим баштыкчаларын жана башка таштандыларды көрүүгө болот. Суу түбүндөгү таштандылар өтө кооптуу болбогону менен деңиз жаныбарларынын өлүмүнө алып келүүдө"-дейт Бишкектеги эколог Илья Домашов.

Видеонун түшүндүрмөсү, Таштанды жамынган жашоо

Жакынкы өлкөлөрдөн алынып келинген жеңил, баасы арзан жана кайра иштетүүгө жарабай турган желим баштыкчаларын өлкөгө киргизүүгө тыюу салыныш керектигин айтышууда. Анын ордуна табиятта оңой жана бат чирип жок болуп кетүүчү биологиялык таза баштыкчаларды колдонууну сунушташууда. Өнүккөн өлкөлөрдө көбүнесе дал ушундай баштыкчаларды пайдаланып келишет. Жеке ишкер Алтынбек Рахманов жаратылышта өзүнөн-өзү жок болуп кете турган биопакеттерди чыгарып жатканын айтат. Анын айтымында күндүн нуру менен жана жетишерлик нымдуулукта чирип жок болот.

Видеонун түшүндүрмөсү, Деңиздей болгон таштанды

"Биооксо материалын кошуу жолу менен жаратылышта өзүн жок кылуучу биопакеттерди чыгарып келебиз. Бул баштыкчалар эгерде сууга жатып калса же жерге көмүлүп калган болсо өзүнөн-өзү жок боло албайт. Өнүккөн өлкөлөрдө желим пакеттерге тыюу салбастан аларга биокошумчаларды кошуп жасап чыгарса жаратылышка азыраак зыян алып келээрин айгинелешкен. Кагаз баштыктарга караганда биопакеттер 10 эсе арзан тураарын белгиледи"-деди жеке ишкер Алтынбек Рахманов.

Биоксо материалы кошулуп жасалган желим баштыкчалар кадимки желим баштыкчаларга караганда баасы 10-30% пайызга чейин кымбат тураарын белгиледи. Бирок ошого карабастан экологияга салымын кошом деген чон соода жайлары жана магазиндер бизден алып жатышат деди жеке ишкер Алтынбек Рахманов.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамовдун айтуусунда айыл жергесинде көбүнчө пластикалык таштандыларды өрттөп салышат. Андан атмосферага көптөгөн зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. 20-25 жылда канчалаган зыяндуу заттар бөлүнүп чыкты биз аны карашыбыз керек, бул экологиялык коопсуздуктун бир түрү деп белгиледи.

"Кичинекей желим баштыктарды кытайдан алып келүүнү токтотсок, бул жактан дагы чыгарууну тыюу салышыбыз керек. Ал эми чоң баштыктар башкача айтканда кайра иштетүүгө жана чогултууга жарай тургандар колдонула бермекчи. Мисалы Ош, Баткен, Жалал-Абадда кагаз пакеттерди базарларда колдонуп атышат. Элдер пластик таштандылардын зыяндуулугун билип аларды өрттөбөй жергиликтүү тазалык ишканаларына тапшырып беришсе деген ойдобуз. Себеби бул биринчиден биздин ден-соолугубуз жана экологиялык коопсуздук"-дейт Абдыкалык Рустамов.

Кайра иштетүүгө жарабай турган кичинекей баштыкчаларды чыгарбоого жана өлкөгө киргизүүнү токтотуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгып Жогорку Кеңешке жөнөткөнүн белгиледи айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги. Эгерде мыйзам колдоо тапса экологияга олуттуу пайда болоорун белгилешүүдө.