Норвегия желим бөтөлкөлөрдөн кантип арылды?

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетип, айлана-чөйрөнү коргогон Норвегиянын ыкмасы дүйнө жүзүнө тарап жатат. Бул көйгөй Кыргызстанда дагы курч маселеге айланды.

Айталы, Кыргызстанда өзгөчө жай айларында жаратылыш койнуна эс алып чыккандардын артынан желим бөтөлкө жана баштыктар жайнап калганын жергиликтүү медиа көп эле чагылдырып келе жатат.

Желимден жасалган буюмдар Жер планетасына ири коркунуч жараткан деңгээлге жетти. Жакында эле Кариб деңизинде бир нече чакырымга созулган желим буюмдардын топтолуп, калкып турганы байкалган. Желимден жасалган буюмдар 100 жылдан баштап төрт жүз жылга чейин чирибей турат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Бирок бул көрүнүш менен натыйжалуу күрөшүп жаткан мамлекеттер дагы бар. Алардын бири Норвегия.

"Дүйнө жүзүндө желим бөтөлкө чоң маселе жаратууда. Биз Норвегияда көйгөйгө чечим таптык деп ойлойбуз", -деди Infinitum компаниясынын директору Кьелл Клав Мальдум.

Чынында бул мамлекетте желим бөтөлкөлөрдү чогултуу системасы мыкты өздөштүрүлгөн.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 3

2016-жылы 600 миллион желим бөтөлкө чогултулган же таштанды бөтөлкөлөрдүн 97 пайызы кайра иштетилген.

Желим бөтөлкөлөрдү чогултуу системасы кантип иштейт?

Көп мамлекеттерде желим бөтөлкө таштандыга же көчөнүн боюна ыргытылат.

Бирок Норвегиянын дүкөндөрүндө атайын аппараттар орнотулган. Ал жерге желим бөтөлкөнү таштаганда, аппарат акча кайтарып берет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 4
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 4

"Биз бир бөтөлкө суу алганда, бир крона көбүрөөк төлөйбүз. Аппаратка бөтөлкөнү кайтарып бергенде, бир кронаны артка алабыз", деди Норвегиянын тургундарынын бири.

Бул системанын жардамы менен желим бөтөлкөлөрдү өндүрүүнүн зарылчылыгы жок болуп калат.

Норвегиянын дүкөндөрүндө атайын аппараттар орнотулган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Норвегиянын дүкөндөрүндө атайын аппараттар орнотулган

"Желим бөтөлкөнү бир нече жолу кайра иштетсе болот. Желимди 12 жолу кайрадан пайдаланса мүмкүн. Биз түстүү жана түсү жок бөтөлкөлөрдү ажыратабыз. Түсү жокторду кайрадан колдонсо болот. Түстүү бөтөлкөлөрдөн жаңы желимден жасалган буюмдарды өндүрсө мүмкүн", -деди Кьелл Клав Мальдум.

Бул системаны ким каржылайт?

Суусундук чыгарган компаниялар ыктыярдуу түрдө кошулат. Бирок алар айрым салыктан бошотулат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 5
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 5

Буга окшош системалар Скандинавия мамлекеттери, Германия, Канада жана АКШнын айрым штаттары дагы өздөштүрдү. Анын натыйжалуулугунан улам Улуу Британия дагы системаны ишке ашырууну баштады.

Долбоорду колдогондор салык төлөөчүлөрдүн акчасын көчөлөрдү тазалоого сарптагыча, бул ыкма аркылуу каражатты кыйла натыйжалуу колдонсо болот деген пикирде. Андан тышкары желим бөтөлкөлөрдүн айлана-чөйрөгө болгон зыяны дагы кескин азаймак.