Эми Кыргызстанда желим баштык жоголобу?

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө желим баштыкты пайдаланууга тыюу салынган
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө желим баштыкты пайдаланууга тыюу салынган
    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Бишкектик журналист

Кыргызстанда полиэтилен баштыктарды чыгарууга жана колдонууга тыюу салуу боюнча сунуш бышып жетилди. Таштандыда чирибеген мындай баштыктардын экологияга зыяны улам талкууланганы менен иш жүзүндө өзгөрүү боло элек. Анткени анын ордуна колдонулган баштыктардын баасы кымбат деген себептер дагы айтылып жүрөт. Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде желим баштыктарга тыюу салуу мыйзам долбоору жактырылды. Эми Кыргызстанда желим баштык жоголобу?

Желим баштык арзан жана ыңгайлуу болгондуктан, биздин турмушубузда маанилүү орунду ээлейт. Күн сайын ар бирибиз жок дегенде эле бир-экиден мындай баштыкты көтөрөбүз. Бирок бул табият үчүн абдан чоң зыяны тийип жатканын ойлогондор аз.

Азамат айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча бир катар акцияларды уюштуруп келген жаш активисттердин бири:

“Желим баштыктар биздин экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Маселен, көчөдө үйүлүп турган таштандылардын дээрлик сексен пайызы желим баштыктар. Дүкөндөрдө бул буюмду бекер бергендиктен, ченебей иштетебиз. Айтып отурса анын кесепеттери көп: айрымдар целлофанды сууга таштайт же ичине таштанды толтуруп туруп, агызып жиберишет, бул сууну тосуп, ташкындатат. Күйгүзө турган болсок дем алып жаткан абабыз булганат, ал эми жөн койсо оңой менен чирибейт”, - дейт Азамат Абылгазы.

Кыргызстанда жука желим баштыктар өтө көп колдонулат, ошону менен бирге аларды кайра иштетүү жолго коюлбагандыктан, таштанды көбөйүп, сууларды дагы булгоодо дешет байкоочулар. Бул себептен өлкө аймагында полиэтилен пакеттерди жасоо, импорттоо жана сатууга тыюу салуу аракети көрүлүүдө.

“Полиэтилен баштыктарынын айлана-чөйрөгө эбегейсиз зыяны бар. Ал турсун адамдардын ден-соолугуна дагы залакасын берүүдө. Ошондуктан өлкө аймагында синтетикалык балык уулоочу торлорду жана желим баштыктарды импорттоого жана өндүрүүгө тыюу салып жатабыз. Кыргызстанда целлофан өндүргөн ондой чакан ишкана бар экен. Жылдык кирешелерин эсептеп чыкканыбызда, 16 миллион сомду түздү. Бирок бул суммадан биздин элдин ден-соолугу жана экологиябыз бийик турушу керек”, - деди депутат Эркингүл Иманкожоева.

Активисттер: полиэтилен баштыгы калыңдыгына жараша 500 жылга чейин бузулбай сакталат. Аларды кайра иштетүү, өрттөө да туура эмес
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Активисттер: полиэтилен баштыгы калыңдыгына жараша 500 жылга чейин бузулбай сакталат. Аларды кайра иштетүү, өрттөө да туура эмес

Кыргыз элинде илгертеден эле буюмдарын кездеме баштыктарга, кагаздарга ороп-чулгап жүрүшкөн. Кийинчэрээк полиэтилен баштыктары чыкканда маданияттын бир жетишкендиги катары кабыл алынган.

«Сөз болуп жаткан буюмдардын чектебесек, экологиялык көйгөйгө айланат. Желим баштыкка көнгөн коомго альтернатива катары мурда энелерибиз колдонгондой эле кагаздан же болбосо материалдан тигилген баштык сунуштайт элем”, - деп кошумчалайт депутат айым.

Полиэтилен баштыгы калыңдыгына жараша 500 жылга чейин бузулбай сакталат. Аларды кайра иштетүү, өрттөө да туура эмес.

Буга байланыштуу дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө желим баштыкты пайдаланууга тыюу салынган. Маселен, тыюу мыйзамы Калифорния штатынын Лос-Анжелес, Сан-Франциско сыяктуу ири шаарларында жана Кытайда көптөн бери иштейт.

Кыргызстанда болсо желим баштыктарга тыюу салуу өлкөнү тазалоо багытындагы бир гана кадам.