Дүйнөдөгү тукум курут коркунучунда турган жаныбарлар

javan rhinos in captivity

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдө жетимишке жетпеген Яван кериги калды

Кениядагы акыркы эркек ак кериктин өлгөнү - бул жаныбардын түрү тукум курут болгонунан кабар берет.

Эми ак кериктерди бир гана жасалма уруктандыруу жолу аркылуу көбөйтсө болот. Учурда дүйнөдө эки гана ургаачы ак керик калды.

1958-жылы биринчи жолу аныкталган Вакита деңиз чочкосу жана Яван кериги дагы тукум курут болуп, жок болуп кетүү коркунучунда турат.

Ошондой эле саны жүзгө жетпеген сейрек жаныбарлар дагы абдан көп. Жаратылышты сактоо боюнча эл аралык бирикме коркунучка кабылган жаныбарлардын "кызыл тизмесин" жарыялап турат.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 1

Аталган уюмдун маалыматына таянсак, учурда 5,583 жаныбар тукум курут болуу коркунучунда. 2017-жылы бул тизмеге кеминде 26 жаныбардын түрү кошулду.

2016-жылы Жаратылышты сактоо боюнча эл аралык бирикме дүйнөдө болжолдуу 30 гана Вакита деңиз чочкосу калганын жана бул жаныбарлар он жылдын ичинде жок болуп кетиши мүмкүн деп кооптонгон.

Жаныбарлардын так санын айтуу мүмкүн эмес. Бирок уюм бир нече ыкма аркылуу жаныбарлардын санын аныктоого аракеттенет.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 2

Жаратылышты коргогон адистер жерде байырлаган жаныбарлардын санын болжолдуу түрдө GPS трекер, фото капкан жана жаныбарлардын издери аркылуу аныкташат.

Жыл сайын жаныбарлардын жаңы түрлөрү дагы табылууда. Ага карабастан дүйнөдөгү жапайы жаныбарлардын канчасы тез кырылып жатканын, канчасы тукум курут коркунучуна кабылганын так айтуу өтө татаал.

amur leopard

Сүрөттүн булагы, WWF

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиядагы Амур кабыланы дагы коркунучта

Жаратылышты коргогон адистердин айтымында, жаныбарлардын айрым түрлөрү жаңыдан аныкталаар замат "кызыл тизмеге" кошулат. Мисалы, Бразилиядагы көк ара кушу тукум курут болду деп жарыяланган. Бирок 2016-жылы токойдо учуп жүргөнү байкалган.

Жаныбарларды "кызыл тизмеге" кошкондо, бир гана алардын саны маанилүү эмес.

Presentational grey line

Жаныбар тукум курут коркунучунда экени кантип аныкталат?

  • Жаныбарлар бир аймакты байырласа - алар баары бир илдеттен кырылып кетиши ыктымал.
  • Жаныбарлар тез көбөйө алабы?
  • Кандай коркунучтар бар?
  • Жаныбарлардын генетикасы ар түрдүүбү?
  • Алар жашаган аймактын эко-системасы коркунучтабы?
Presentational grey line

Айрым учурда жаныбарлар беш жүз чамалуу болсо дагы, ал тукум курут коркунучуна кабылды деп жарыяланат. Ошол эле учурда айрым жаныбарлардын үч жүз түрү калса дагы, алардын көбөйүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар болушу ыктымал.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 3
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы, 3

Жаныбарлар байырлаган аймак дагы кылдат изилденет. Тропикалык токойду байырлган жаныбарларды башка жерде таба албайсыз. Токойду кесип өткөн дарыя бузулса - жаныбарлардын баары коркунучка кабылат. Демек, аймактагы жаныбарлардын санына карабастан, башка себеп менен дагы тукум курут коркунучуна туш болушу ыктымал. (AT)

Presentational grey line
Reality Check branding