2018-жылдагы мыкты сүрөттөр: Sony беделдүү сынагын жыйынтыктады

Sony World Photography Awards сынагынын калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн ысымын атады. Ачык сынактын жеңүүчүлөрү бир нече номинация боюнча тандалган.

"Эмилиянын портрети"

Сүрөттүн булагы, Nick Dolding

"Портрет" номинациясы боюнча мыкты эмгек деп британдык фотограф Ник Долдингдин "Эмилиянын портрети" деген сүрөтү табылды.

Эми түрдүү бөлүмдөр боюнча жеңүүчү аталгандар "Жылдын мыкты фото сүрөтчүсү" наамы үчүн күрөшөт. Бул беделдүү сыйлык 19-апрелде тапшырылмакчы.

Сүрөттө Олстинден тоосу

Сүрөттүн булагы, Mikkel Beiter

"Бул эмгегим кесиптештериме абдан жакты. Эмне үчүн экенин мен түшүндүм",-дейт "Саякат" бөлүмү боюнча сынакты уткан Миккель Бейтер.

"Сүрөттө Олстинден тоосунун укмуш көрүнүшү тартылып, тоонун көрүнүшү сүрөттөгү үйдүн кебетесине окшоп турат. Үйдүн дубалындагы сары түс менен аскадагы ак кар өзгөчө кооздукту берип турат". Бул сүрөт Норвегиядагы Лофотен аралында тартылган. Фото сүрөтчү Lightroom жана Photoshop программаларынын жардамы менен сүрөткө бир аз түс бергенин айтты.

суучулдар

Сүрөттүн булагы, Klaus Lenzen

Клаус Ленцендин "Сенин ар бир демиң" аталган эмгеги дагы мыкты деп табылды. 35 ар башка сүрөттү бириктирип жасаган бул сүрөткө суучулдар түшүрүлгөн.

"Көпүрөдө болуп калганым мага чоң олжо болду. Алар төмөндө сүзүп баратканда, ар биринин жеке техникалык дем алуусун кармоого мүмкүн эмес эле",-деди Ленцен.

күздөгү дарак

Сүрөттүн булагы, Veselin Atanasov

Веселин Атанасов күздөгү даракты Болгариядагы улуттук парктан тартып алган. Ал "Пейзаж жана табият" деп аталган конкурсту жеңип алды.

Жерри Микеск рестораны

Сүрөттүн булагы, Richard Frishman

"Жерри Микеск ресторанындагы жекшембидеги ашкана" деп аталган эмгектин автору Ричард Фришман эң мыкты натюрморт сынагын утуп алды.

спорттук бассейн

Сүрөттүн булагы, Fajar Kristianto

Фото сүрөтчү Фахар Кристиано Жакартадагы жаңы спорттук бассейниндеги "Бийик мунараны" тарткан. Бул сүрөт "Кыймыл" номинация боюнча жеңүүчү аталды.

Минотаврдын бет кабын кийген

Сүрөттүн булагы, Panos Skordas

"Маданият" бөлүмү боюнча грек фото сүрөтчүсү Панос Скордас Минотаврдын бет кабын кийген уулун сүрөткө тартып, жеңүүчү болду.

бугулар

Сүрөттүн булагы, Justuna Zduńczyk

Юстина Здунчик бугулардын сүрөтү менен "Жандуу табият" боюнча сыйлыкты утту.

"Калифорнияга болгон саякат учурундагы эң мыкты көз ирмем болуп калды",-деди Юстина Здунчик.

Пожилая дама с собачкой

Сүрөттүн булагы, Manuel Armenis

Мануэль Арменистин "Эски достор" аталышындагы сүрөтү "Көчө сүрөттөрү" номинациясын утту.

Таинственная башня

Сүрөттүн булагы, Andreas Pohl

"Адам жана сырдуу мунара". Андреас Полдун бул эмгеги "Архитектура" бөлүмү боюнча мыкты сүрөт болду.

Сүрөт өткөн кылымдын 30-жылдары аэронавтиканын үйрөнүп ждаткан сутденттер үчүн Берлинде курулган жайда тартылган. (AbA)

Сүрөттөр Sony World Photography Awards тарабынан сунушталды.