Фото: Британиянын эң мыкты деңиз пейзажы

Сент-Эббз-Хед

Сүрөттүн булагы, WILLIAM POLLARD

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул сүрөттө Шотландиядагы Сент-Эббз-Хед тумшугундагы маяк тартылган. Сүрөттүн автору Уильям Поллард.

Бул сүрөттө Шотландиядагы Сент-Эббз-Хед тумшугундагы маяк тартылган. Сүрөт Британиянын эң мыкты деңиз пейзажы деп табылып, Ultimate Sea View сүрөт конкурсун жеңип алды. Сүрөттун автору Уильям Поллард.

Сүрөт конкурсун Shipwrecked Mariners' Society кайрымдуулук уюму өткөрдү. Уюм мурдагы моряктарга, алардын үй-бүлөлөрүнө жана жесирлерине жардам көрсөтүп келет.

Жон Робертстин "Үйгө карай жол» деген сүрөтү.

Сүрөттүн булагы, JOHN ROBERTS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жон Робертстин "Үйгө карай жол» деген сүрөтү.

Дагы башка төрт номинация боюнча сыйлыктарды Гебрид аралдарында, Сент-Килда архипелагында жана Сидмут, Ньюквей шаарларынын жээктеринде тартылган сүрөттөр утуп алды.

Коомдун жетекчиси капитан Малкольм Уильямс бул ирет жеңүүчүн аныктоо өтө татаал болгонун айтты.

Рой Кёртис тарткан сүрөт.

Сүрөттүн булагы, ROY CURTIS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Рой Кёртис тарткан сүрөт.

"Конкурска Улуу Британия боюнча 400 автордон 1300 гө жакын эмгек келип түштү»,-деди Малкольм Уильямс.

"Кеп алардын санынын көптүгүндө эмес, бул жылы көрсөтүлгөн эмгектердин сапаты дагы абдан жогору болду»,-деп белгиледи Shipwrecked Mariners' Society жетекчиси.

Жон Дайердин бул сүрөтү Сент-Килда архипелагында тартылган.

Сүрөттүн булагы, JOHN DYER

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жон Дайердин бул сүрөтү Сент-Килда архипелагында тартылган.
Алекс Иакобеттин сүрөтү.

Сүрөттүн булагы, ALEX IACOBET

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алекс Иакобеттин сүрөтү.

Калыстар тобунун бири - Amateur Photographer порталынын редактору Найджел Атертон дагы жаратылган эмгектерди карап олтуруп, жеңүүчүнү аныктоо чоң мүшкүл болгонун агынан жарыла айтып берди.

"Бул жылы бизге оңдой берди болду -чыны менен укмуш эмгектер келип түштү. Толкундаткан, техникалык жактан тартылышы татаал эмгектер кыска тизмеге көп кирген экен»,-деди ал.

Бул жылы кыска тизмеге 100 чукул эмгек киргизилген деп кабарлайт Shipwrecked Mariners' Society сайты.

"Конкурска бир нече жылдан бери калыстык кылып жүрүп, бул жылы тандоо өзгөчө татаал болгонуна күбө болдум. Кайрымдуулукка салым кошум жаткан өтө таланттуу сүрөтчүлөрдүн көп экенин көрүп абдан кубандым»,-деп белгиледи Найджел Атертон. (AbA)