Жомоктогудай Галапагос: фотоконкурстун жыйынтыгы

Галапагос аралдарындагы өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө арналган жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан фотоконкурстун жеңүүчүлөрү жарыяланды.

Буревестник

Сүрөттүн булагы, McKenna Paulley/Galapagos Conservation Trust

Бул сүрөт жеңүүчү деп табылды. Автору Маккенна Полли. Сүрөт Фернандина аралындагы жээкте тартылган. Деңиздерди пааналап жашаган канаттуулардын бул түрү суу үстүндө чуркап бараткандай элес калтырат.

чайка

Сүрөттүн булагы, Carlos Cuenca Solana/GCT

Конкурстун катышуучулары төмөндөгү номинациялар боюнча эмгектерин сунуштаган: "Жаныбарлардын жүрүм-туруму", "Ботаника", "Ландшафт", "Архипелагдагы адам" жана "Жаныбарлардын портрети". Соңку номинация боюнча Карлос Куэнка Солананын эмгеги биринчи орунду алды. Жалпы конкурстан ал экинчи орунду багындырды.

Судно

Сүрөттүн булагы, Andres Eduardo Paredes Buenaño/GCT

Үчүнчү орунга татыктуу болгон эмгек. Ташталып калган Siempre Angelito VI кемеси Сан-Кристобаль аралындагы жээкте акырындык менен урандыга айланып жатканы. Сүрөттүн автору Андреас Буэнано. Бул сүрөт "Архипелагдагы адам" номинациясы боюнча биринчи орунду алды.

Цапля

Сүрөттүн булагы, Ivan Dario Vasquezala/GCT

Флореана аралында тартылган көк кытан. Эмгектин автору Иван Дарио Васквесал "Жаныбарлардын жүрүм-туруму" номинациясын жеңип алды.

Пересмешник

Сүрөттүн булагы, James Robins/GCT

Бул номинация боюнча экинси орунду алган Джеймса Робинстин эмгеги.

Игуана

Сүрөттүн булагы, Sheri Vandermolen/GCT

Шери Вандермолендин эмгегиндеги чоң кескелдирик. "Жаныбарлардын портрети" номинациясы боюнча экинчи орунду алды.

Кактус

Сүрөттүн булагы, Eric Williams/GCT

Эрик Уильямс "Ботаника" сыйлыгы боюнча жеңүүчү деп табылды.

Скалезия

Сүрөттүн булагы, Nicole Aherron/GCT

"Ботаника" сыйлыгы боюнча экинчи орунду алган Николь Ахеррон тарткан сүрөт.

Скалы

Сүрөттүн булагы, Eric Williams/GCT

"Ландшафт" боюнча жеңүүчү Эрика Уильямстын эмгегинде Сан-Кристобаль аралынын жээктериндеги аскалар.

Крабы

Сүрөттүн булагы, Charlotte Brett/GCT

Шарлотт Бреттин бул эмгеги "Ландшафт" номинациясы боюнча экинчи орунга татыды.

Игуана

Сүрөттүн булагы, Carlos Cuenca Solana/GCT

Деңиз игуанасы адам колу менен жасалган көпүрөдө. Автор Карлос Куэнка Солан бул сурөтү менен "Архипелагдагы адам" номинациясы боюнча экинчи орунду багындырды.