Лас-Вегастагы кан төккөн киши тууралуу эмне белгилүү?

Сүрөттүн булагы, CBS NEWS
Лас-Вегастын полициясы массалык киши өлтүрүүгө алып келген кылмыштын максатын иликтөөгө алууда. Соңку маалыматтарга караганда 59 киши каза таап, октон жаракат алгандар 527ге жетти.
Ок чыгарган киши 64 жаштагы Стивен Паддок «Мандалай-Бэй» мейманканасынын 32-кабатында туруп алып, автоматтык куралдан музыкалык фестивалга келген кишилерге ок чыгарган.
Лас-Вегас полициясы кылмыштын максатын иликтөөдө
Полиция анын мейманканадагы бөлмөсүнөн 23 ок атуучу куралды тапкан. Ошондой эле анын Невададагы үйүнөн 19 даана ок атуучу курал жана жардыргыч зат табышкан.
Бирок азырынча полиция анын ок атуу максаты эмне болгонун түшүндүрүп бере элек. Тергөөчүлөр анын террордук уюмдар менен байланышын таба элек.
Мунун алдында өздөрүн «Ислам мамлекети» атаган экстремисттик топ Лас-Вегастагы ок атууну өздөрүнүн тарапташы жасаганын билдирип чыккан эле. Экстремисттик уюмга байланышы бар эсептелген "Амак" агенттиги аркылуу тараган билдирүүдө, ок аткан кишинин бир нече ай мурун ислам динин кабыл алганы айтылат. Бирок эч кандай далилдер келтирилген эмес.
Полициянын айрым кызматкерлери болжолу ок чыгарган киши психикалык дартка чалдыккан болушу мүмкүн деп айтып жатышат. Бирок буга азырынча так аныктама дагы жок болуп турат.
Лас-Вегастагы кан төккөн киши тууралуу эмне белгилүү?
Полициянын айтымында Лас-Вегастагы ок аткан кишини Стивен Паддок деп аташкан. Ал 64 жаштагы жергиликтүү тургун.
Паддок Невада штатынын Мескит шаарында жашаган. Полиция кызматкерлери ал ок чыгарган мейманканадагы бөлмөдөн 10 ок атуучу курал табышкан. Алар качан, кайсыл убакта ал жакка жеткирилгени азырынча белгисиз. Полициядан кабарлагандай, Паддок Mandalay Bay отелинде 28-сентябрдан бери жашап турган болушу мүмкүн.
Паддок пенсияга чыкканга чейин бухгалтер болуп иштеген. Анын жеңил моторлуу учактарды айдаганга лицензиясы болуп, уча турган эки аппараттын ээси болгон деди полиция.
Рейтер агенттиги америкалык бийлик өкүлдөрүнө шилтеме берип, Паддоктун психологиялык дарты болгонун жазды.
Федералдык иликтөө бюросу азыркы учурда анын эл аралык террордук топтор менен байланышы аныкталбаганын айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аймактын шерифи Паддок буга чейин бир да жолу мыйзам бузууга барбаганын айтты. Бир нече жыл мурун жол эрежесин бузуп, айып төлөгөн. Тергөөчүлөр анын шаардын сыртындагы үйүн тинтүүгө алышып, бирок эч нерсе табышкан жок.
Паддоктун агасы айтып бергенине караганда, алардын атасы банктарды тоноо боюнча шектелип, бир катар убакыт Федералдык иликтөө бюросу түзгөн коркунучтуу кылмышкерлердин тизмесинде болгон экен.
1969-жылдагы документте айтылгандай, Федералдык иликтөө бюросу Паддоктун атасы банктарды тоноо боюнча план түзгөн жана психикалык жетишпестиктери бар, өз жанын кыйганга чейин бара турган киши деп эсептеп жүргөн. Брайан Паддоктун айтымында, бир тууганы куралдарды өтө жакшы көргөн. (AbA)













