Лас-Вегастагы казинодо болгон атышуудан каза тапкандар 50гө жетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лас-Вегастагы Mandalay Bay казиносунун жанында өтүп жаткан фестиваль учурунда белгисиз киши чогулгандарды көздөй ок аткан.
Жергиликтүү шерифтин айтымында, 50гө чукул киши каза таап, 200 киши жаракат алды. Ок чыгарган киши атайын операциянын жүрүшүндө атып өлтүрүлдү.

Окуя болгон жердеги сүрөттөрдө канга боелуп жаткан кишилерди көрүүгө болот. Жергиликтүү маалымат каражаттары күбөлөргө шилтеме берип, ок атуу тынымсыз болуп турганын айтып жатышат.
"Октор биринин артынан бири туш-тарапка атылып жатты» деп күбөнүн айтканын чыгарды жергиликтүү каналдардын бири.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Маалымат агентиктери ок аткан киши мейманкананын маңдайындагы имараттын 32-кабатында туруп алып, полицияны көздөй ок атканын билдирди. Атайын бөлүктүн кызматкерлеринин турумдары ок чыгарган кишиге белгилүү болуп калбасын деп, операция учурунда телеканалдарды түз чагылдырбоону суранышты.
Атайын операция учурунда окуя болгон жерге жакын аэропорт убактылуу ишин токтотту. Бир топ убакытка чейин полиция имаратка кирбей турууну суранып, ок чыгарган кишинин шериктери болeшу мүмкүн деп кооптонуп жаткан эле. Бирок кийин анын жалгыз экени айтылды.
Мындай мүнөздөгү окуялар АКШда биринчи болуп жаткан жок. Мындай окуялардын эң үрөй учурганы 2016-жылы Орландо шаарындагы кумсалардын клубунда болгон. Анда экстремисттик топторго азгырылып кетти делген Омар Матин 49 кишини атып өлтүрүп, 53 киши жаракат алган эле. (AbA)




