Фрейд селфиге болгон берилүүбүз тууралуу эмне демек?

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
- Author, Tomás Chamorro-Premuzic, psychologist
- Role, BBC Ideas
Дүйнөнүн кайсыл бурчуна барбаңыз, селфи тартып жаткандарды байкайсыз.
Селфини жаңы термин деп эсептегендер бар. Бул сөз 2013-жылы гана Оксфорд сөздүгүнө кирген. Ага карабастан биринчи селфини америкалык Роберт Корнелиус 1839-жылы тарткан.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
Өзүбүздү күзгүдөн эле карап суктансак болот эмеспи. Анда эмнеге көптөр селфи тартууга шашылат.
Адам баласынын мындай кыймыл аракетин психоанализдин негиздөөчүсү Зигмунд Фрейд мыкты түшүндүрүп берсе керек.
"Өзүмдү жакшы көрөм, сен да мени жакшы көр"
Австриялык невропатолог, психиатр жана психолог Зигмунд Фрейд психоанализ багытын негиздеген. Андан тышкары Фрейд адамдын эгосу, аң-сезими жана психологиялык терапия боюнча өз идеяларын дүйнөгө тараткан.
Алардын бири адамдын өзүнө болгон сүйүүсү же нарциссизм.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
Грек мифологиясында Нарцисс аттуу жаш жигит суу ичкени дарыянын боюна басып барат. Өзүнүн суудан чагылган келбетин көрүп, сулуулугуна суктанып, өзүн жоготуп коет. Ошентип отуруп Нарцисс сууга чөгүп өлөт.
Фрейд өзүнө болгон сүйүү кадыресе көрүнүш деген пикирде. Бирок адам бир гана өзүн жактыра берсе, ал психологиялык илдетке айланышы мүмкүн.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
Грек мифологиядагы окуядан "нарциссизм" деген сөз пайда болгон.
Психологиялык тесттер
Окумуштуулар нарциссизмдин деңгээлин аныктаган тесттерди чыгарган.
Ага ылайык, нарциссисттер коомдук медиада активдүү болушат жана алардын селфи тартканы - өзүнө болгон сүйүүсүн айгинелейт. Бирок бул тесттердин жыйынтыгы бир гана эркектерге таандык.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
Аялдар менен эрекектер селфи сүрөттөрүн бирдей жактырса дагы, аялдар эркектерге салыштырганда азырак нарциссист болот экен.
Ал эми америкалык психолог Жин Твенж соңку жылдары нарциссизм, ашыкча салмак сыяктуу эле кеңири жайылып жатканын аныктаган.
Байкоо
Зигмунд Фрейд идеяларынын көбүн күн сайын байкоо жүргүзүп олтуруп аныктаган. Ааламдашуу доору Фрейд сыяктуу окумуштууга абдан кызыктуу болмок дегендер абдан көп.
Көптөр Фрейд адам баласынын селфи болгон берилүүсүн сөзсүз изилдемек дешет.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
Коомдук медианын жайылышы менен көптөр селфиге өзүн жактырганы үчүн эмес, башкаларды кызыктыруу үчүн түшөт.
Фрейд адам баласынын өзүнө көңүл бурдуруу аракетин 19-кылымда эле изилдеген. Ал учурда аялдар менен эркектер сезимдерин бири-бирине ачык айта алчу эмес. Консервативдик коом буга терс көз карашта эле.
Вена шаарынын бай жана таасирдүү өкүлдөрү Фрейдке ар түрдүү илдеттер менен кайрылган. Фрейдке эч кандай физикалык көйгөй жок болсо деле, баса албай калган "истериялык талма" илдетине кабылган бейтаптар кайрылган.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
Истерия - нервоздор тобуна кирүүчү нерв-психикалык оору. Ал психикалык травманын негизинде болот. Бул илдетке кабылгандар себепсиз эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып же чаап жибериши да мүмкүн.
- Истериялык талма психикалык травма алганда же аны эстегенде болот. Бул учурда акыл-эси толук жоголбойт, ошондуктан талмадагыдай оорулуу бир жерин жабыркатып албайт, тишин кычыратпайт. Эгерде оорулууну жалгыз таштап койсо, талма тез тарайт. Оорулуунун акыл-эси бузулуп, туталанып, психикасын жабыркаткан ситуация көзүнө элестей берет. Кээде акыл-эси бузулат. Оорулуу кичинекей баланы туурап, чыйылдап сүйлөп, чырланып, оюнчук менен алаксыйт, өңүн бузат. Айрым учурда сезүү органдары бузулат. Ооруну сезүү күчөйт, кээде сезбей калат, убактылуу сокур, дүлөй болуп, жөөлүп, калчылдайт. Жүрөк-кан тамыр системасы, дем алуу жана башка органдары бузулат. Кээде шал болгонсуп жатып калат, тилин чайнабайт, окшуп кусат, эти ысышы, ичи өтүшү мүмкүн.
Мүнөздүн истериялык өзгөрүшүнө көп учурда өтө эмоциялуу кишилер туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. Алар өтө ишенчээк болот, дайыма өзүнө көңүл буруп турууну талап кылат. Истерияны психотерапиялык жол менен дарылайт. Дары физиотерапия, санаторий, курортто дарылоо менен айкалыштырылат. Баарыдан мурда психиканы жабыркатуучу таасирди жоготуу зарыл. Алдын алууда бала күнүнөн өзүмчүл кылбай, өтө эркелетпей туура тарбиялоонун, организмди чыңдоонун мааниси чоң.
Фрейд болсо истерия илдетине кабылган аялдар өзү түшүнбөсө да, алардын аң-сезими өзүнө көңүл бургусу келип жатат деген тыянак чыгарган.
Бүгүнкү күнү селфиге көп түшүү да психологиялык оору катары кабыл алынат. Селфи адамдын турмушундагы эң кызыктуу ирмемдерди тартуулат. Аны каалагандай кесип, оңдоп, түзөп койсо болот.
Мындай сүрөттөр адамдын чөйрөсүнө да терс таасир этет. Соңку изилдөөлөргө ылайык, коомдук медиадагы сүрөттөрдү карап айрымдар өзүн обочолонтуп, өзүнө болгон ишенимди азайтып же башка адамдын ийгилигине же сүрөттөгү образына ичи тарыган учурлар көбөйдү.
Фрейддин терминин колдонсок, адам баласы "ачуулу, агрессивдүү" болуп калды.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
"Психоанализдин максаты ачуулу, агрессивдүү жүрүм-турумду, кадыресе бакытсыздыкка алмаштырышыбыз керек",-деп тамашалаган Зигмунд Фрейд.
Эмдиги жолу селфи тартам дегенде, нарциссизмди эске алып, камераны досторуңузга буруңуз. Балким сиздин сүрөттү "жактыргандар" азыраак болот, бирок Фрейддин айткандарына көңүл бурган болосуз.

Сүрөттүн булагы, BBC Ideas
Фрейддин селфиге болгон көз карашы тууралуу кеңири (англис тилинде) BBC Ideas баракчасынан окусаңыз болот.












