"Фейсбуктагы" жеке маалыматыңызды кантип коргойсуз?

"Фейсбуктагы" өздүк маалыматтардын колдонулушуна байланыштуу чуулгандуу окуянын тегерегиндеги талаш күчөдү.

Facebook

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коомдук сайттын колдонуучуларынын маалыматтары 2016-жылдагы АКШ шайлоосуна таасир этүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн деп айтылууда. Бул окуя боюнча британдык Cambridge Analytica компаниясынын дарегине айыптар жаап жаткан учур.

Качандыр бир "Фейсбук" сиз тууралуу эмне билерине кызыгып көрдүңүз беле? Коомдук сайттар ал маалыматтарды кантип колдонот?

Коомдук сайттар сиз тууралуу ар дайым жаңы нерселерди билип турат.

Эгерде сиз "Фейсбуктун эки миллиард активдүү колдонуучсунун бири болсоңуз, коомдук сайт сиз тууралуу төмөнкү маалыматтарды билет: туулган датаны, телефон номериңизди, ишмердүүлүгүңүздү, жактырган музыка, сиз барган жерлерди, колдонгон транспорт жана бош убактыңызда эмне менен алектенгениңиз.

Видеонун түшүндүрмөсү, "Фейсбуктагы" жеке маалыматыңызды кантип коргойсуз?

Жарнамалык компанияларга жардам көрсөтүү үчүн коомдук сайт колдонуучуларды жынысына, жашына, ар кандай кызыкчылыктарына карап топторго бөлөт. Ошого карап сизге кызыктуу болгон жарнамалар сунушталып турат.

"Фейсбук" коомдук сайтында "Сиздин артыкчылык берген жарнамаңыз" деген бөлүм бар. Ал төрт бөлүккө ажыратылган.

Сиздин кызыкчылык

Ваши интересы

Сүрөттүн булагы, Mark Shea

"Сиздин кызыкчылык" деп аталган бөлүмдө сиздин табитиңизге туура келген, көңүл ачуу, кесибиңизге байланышкан, спорттук кызыгууңузга, сиз артыкчылык берген тармактарга карап жарнамалар турат.

Коомдук сайт бул элементтер эмнеге ал жерде турганын дагы түшүндүрүп берет. Алардын белгилүү бир бөлүгү сиз кайсыл бир жарнамалык шилтемеге киргенде же шилтеме орноткондо, башкалардын билдирүүлөрүнө "жактыруу" белгисин койсоңуз, пикир жазсаңыз пайда болуп турат.

Сиз кызматташкан жарнама берүүчүлөр

Рекламодатели, с которыми вы взаимодействовали

Сүрөттүн булагы, Mark Shea

Бул бөлүмдө жарнама берүүчүлөрдө сиздин байланыш маалыматыңыз болот жана сиз кайсыл жарнамаларга кызыктыңыз, кайсыл сайттарга кирдиңиз, баары катталып турат.

Сиздин өздүк маалыматтар

Ваши данные

Сүрөттүн булагы, Mark Shea

Бул бөлүмдө сиздин үй бүлөлүк абалыңыз, жумушуңуз, кызмат абалыңыз (эгерде өздүк баракчаңызга жазган болсоңуз) көрсөтүлгөн.

Кызыгы, мына ушул бөлүмдө сизди кайсыл жаранмалык топко киргизгенин дагы билип алсаңыз болот. Жарнамалык топтор толтура, маселен, "июнда туулгандар", "iPad Air колдонгондор" ж.б.у.с.

Жаранманы тескөө

Настройки рекламы

Сүрөттүн булагы, Mark Shea

Бул бөлүмдө "Фейсбук" сизге кызыктуу жарнама жөнөтүшүн каалайсызбы же жокпу ушуну көрсөтөсүз. "Фейсбук" өзү ээлик кылбаган башка сайттардан дагы шилтемелер болушу мүмкүн.

Кыскача кеңеш: эгерде сиз коомдук сайттагы өзүңүз тууралуу маалыматтардын баарын өчүрүп салган күндө деле сиздин барагыңыздагы жарнамалар кыскарып кетпейт. Сиз мурдагыдай эле аларды көрө бересиз, бирок алар капыстан эле пайда болуп турат. "Фейсбуктан" жарнаманы такыр бууп салуу мүмкүн эмес. "Жарнама болгон үчүн гана коомдук сайт бекер болуп келе жатат",-дейт коомдук сайттын жетекчилиги. (AbA)