Учуучу авто унаалар канчалык реалдуу?

Голландиялык Pal-V компаниясы Женевада өзүнүн жаңы автомобиль-гиропланын көрсөткөндөн кийин, учуучу авто унаалар тууралуу кыялдар ишке ашабы деген үмүт жаралды.

Pal-V

Сүрөттүн булагы, PAL-V

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Liberty - голландиялык Pal-V компаниясынын учуучу авто унаасы.

Бул чакан, үч дөңгөлөктүү авто унаа жолдо да жүрө алат, анан үстүндөгү парасы менен уча да алат.

Мындай техниканын пайда болушу менен аэросаякатоо кеңири жайылабы же жөн гана бай кишилердин оюнчугуна айланабы?

Авто унааны Liberty деп аташкан. Унаа эки моторлуу болуп, 100 аттын күчүнө барабар. Жерде унаанын бир гана кыймылдаткычы иштеп, саатына 160 чакырымга чейин жүрө алат. Учуп бартканда айдоочу жер менен жүргүсү келсе, анда жерге конуп эле сапарын улантып кете алат.

Pal-V инженерлеринин айтымында, авто унаа үч дөңгөлөктүү болгонуна карабастан конструкциясы мыкты болуп, чукул бурулуштарга ыңгайлуу. Бул өзгөчөлүгү ага артыкчылык берет.

Голландиялык компаниянын аткаруучу директору негизги ыңгайсыздык кичи авиацияны колдонуу экенин айтты. Анткени каалаган учурда, каалаган жерден учуп жана конууга мүмкүн эмес.

Гиропландын бир катар кемчиликтери бар дейт Ланкастер университетинин энергияны изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Гарри Хостер:

"Гиропландар кадимки тик учактан айырмаланып, чакан эле аянтчага коно алат. Бирок учуу үчүн мейкиндик керек. Ошондуктан мындай унаа тик учак көтөрүлгөн жерден учуп, бийик имараттардан көтөрүлүп кете албайт".

Terrafugia компаниясына таандык TF-X учуучу авто унаасы.

Сүрөттүн булагы, BarcroftMedia/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Terrafugia компаниясына таандык TF-X учуучу авто унаасы.

Мындай унаа менен калк жыш отурукташкан аймактарда учууда көйгөй бар. Анткени паранын иштөөсүнө ачык жер керек деп кошумчалады профессор Гарри Хостер. Анын пикиринде, гиропландарды шаарда колдонуу ашыкча ызы-чуу жаратышы мүмкүн. Парадан чыккан үндүн доошу катуу болот.

Учуучу авто унааларды чыгарууга аракеттенгендерден - Pal-V жападан жалгыз компания эмес. Башка дагы багытта иштеп жаткандар бар. Айталы, канаты менен жасоого аракет кылып келе жатышат. Мисалы, америкалык Terrafugia уча турган авто унаа иштеп чыккан. Ал жерден көтөрүлгөндөн кийин канаттары жайылат. Terrafugia жетекчиси Крис Жаран Би-Би-Си кабарчысы менен маегинде:

"Сиз авто унааны гараждан аэропортко чейин айдап барып, каалган башка аэропортко учуруп кете аласыз. Андан кийин кайра авто унаанын канаттарын жыйрып, айдап кете бересиз".

Aeromobil

Сүрөттүн булагы, Aeromobil

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Словакиялык AeroMobil компаниясынын авто унаасы 2020-жылы сатыкка чыгат деп күтүлүүдө. Баасы 1,2 млн доллардын тегерегинде.

Авто унаанын кыймылдаткычы бензин менен жүрөт. Кара жолдо саатына 113 км жүрсө, абага көтөрүлгөндө саатына 160 км жүрөт. АКШнын авто унаа жана учуучу аппараттар боюнча стандарттарына дал келет деп ынандырды Жаран.

Terrafugia компаниясынын негиздөөчүлөрү Анна жана Карл Дитрихи иштелип чыккан бул аппарат жеке авиацияга кеңири уруксат берилип калганда иштеп кетет деп эсептейт.

Бирок унааны баасын карап туруп, кол жете тургандай эмес деп эле ойлойсуң. Бул транспорттук каражат 280 миң доллар турат.

Ойлоп табуучулардын айтымында, кемчиликтеринин бири - авто унааны аэропортко айдап барып анан учууга мүмкүн. Ушул себептүү TF-X жаңы версиясында тик учууга ыңгайлашкан пара коюлганы жатат.

Словакиялык AeroMobil компаниясы дагы канатуу авто унаа иштеп чыгууга аракет кылып жүрөт. Бул аппарат жерде электр кубаты менен жүрүп, асманга көтөрүлгөндө бензин менен жүргөн кыймылдаткычын иштетет. Баасы 1,2 млн долларга барат.

Деген менен бул сыяктуу унаалар менен кадимки учакты колдонуу жана тейлөөдө айырмачылктар чоң. Атайын нормалар каралган жана атайын лицензия керек. Массалык түрдө жайылышына бөгөт болгон бир топ маселе бар.

Бирок өндүрүшчүлөр келечекте уча турган таксилер деле реалдуу болушунан күмөн санашпайт. Ошон үчүн мындай уналарды иштеп чыгууга катуу киришип жатышат. Алардын баасы тууралуу айта турган болсок, чектелүү үлгүдө чыккандары 600 миң долларга чейин турат. Стандарттуу үлгүлөрү 370 миң доллардын тегерегинде. (AbA)