Фейктен коргоочулар менен сөз эркиндигин коргоочулардын күрөшү

Ак үй алдындагы пикет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ак үй алдындагы пикет
    • Author, Кубатбек Чекиров
    • Role, Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек

"Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште өтпөй калган менен аны биротоло бүттү деп кубанууга эрте деген маанайдагы талкуулар болууда. Бийлик үчүн керектүү долбоор бул жагынан болбосо башка жагынан качан болбосун кайтып келбей койбойт дешет. Аны азыр карабаса дагы кийинки чакырылышта карай турган парламенттин саясий эркине жана күчү кандай болот, кеп ошондо.

Жогорку Кеңеште добуш берүүдөн өтпөй калган "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору эми эреже боюнча кайра кароого алты айдан эрте киргизилбейт. Демек, ал күзүндө жаңы шайланып келе турган жаңы парламентте гана кайра кароого алынышы ыктымал.

"Бул жаңы мыйзам эмес, эски мыйзам болчу. Президенттен каршы пикир менен кайра иштеп чыккыла деп, макулдашуу тобу менен киргизилген мыйзам четке кагылгандан кийин, бул мыйзам регламент боюнча алты айга чейин Жогорку Кеңешке кире албайт. Жаңы жылга чейин кире албайт",-деди Рыскелди Момбеков.

Аталган мыйзам долбоору бир жылдан бери талаш-тартыш, ызы-чуу менен коштолуп келди. Шаршембиде Жогорку Кеңештин жыйынында аны биринчи кароодон өткөрүүгө эки добуш жетпей калды. Бирок биринчи жолу добушка салганда ага көпчүлүк добуш берип, кайталап добушка салганда жетиштүү колдоо таппай калганы кызык болду. Каршы добушту эң көп "Республика Ата-Журт" (10) жана "Ата Мекен" (9), КСДП (9) фракциялары берди.

Жогорку Кеңеште талаштуу мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңеште талаштуу мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгы.

Кээ бир депутаттар жаңылыш добуш берип алганын айтып кайра добушка коюну өтүнүмүш болду. Бирок, чынында сыртта жарандык активисттер менен журналисттердин каршылык пикетте турганы кээ бир депутаттардын чечимине таасир этпей койгон жок.

Ошол күнү Жогорку Кеңештин алдына анчалык көп болбосо да бир топ активисттер чогулду. Алардын бири Улан Үсөйүн бул долбоорго башынан бери активдүү түрдө каршы туруп келатат:

"Мен бул мыйзам долбооруна каршы болуп келдим, анткени бул сөз эркиндигин чектөө. Карапайым адамдар бийликке үнүн кантип жеткизе алат, социалдык медиа, эркин сайттар аркылуу гана жеткире алат. Бир жыл мурун коронавирус боюнча кечирим сураткан нерсени азыр мыйзамдуу түрдө киргизген жатышат. Эл айтып чыккан нерсени азыр жалган деп, кечирим суратып, алардын баракчаларын жабууга жана кылмыш ишин козгоого барган жатышат".

Мыйзам долбоорунун өтпөй калганына депутаттардын бири кубанып, экинчилери түшүнө албай кабатыр болуп турду

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мыйзам долбоорунун өтпөй калганына депутаттардын бири кубанып, экинчилери түшүнө албай кабатыр болуп турду

Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева өз кезегинде бул сөз эркиндигине коркунуч алып келбейт, аны колдоо менен демократияга жамынган ээнооздукка бөгөт коюлат деп келди. Жарандык активисттер өз кезегинде аны тескерисинче сөз эркиндигин басуунун аракет-амалы деп сындап жатат.

Бул мыйзам бир жыл мурда дагы жарандык коомдун катуу каршылыгына кабылып, ошого карабай Жогорку Кеңеште үч окуудан өтүп кабыл алынган, бирок ошол убактагы президент Жээнбеков ага кол койбой парламентке кайтарган. Анын атын өзгөртүп, кайрадан кабыл алуу аракети дагы ошентип ишке ашпай калды.