Бийлик алмашкан сайын жаңыланган Конституция: азыркысы жана мурункулары

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP via Getty Images
Кыргызстандын эгемендүү тарыхында Конституцияны өзгөртүүдө дайыма бийлик ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү маселеси ортого коюлат.
Жаңы Конституцияны колдогондор президенттик башкаруу формасын артка кайтарууну - бийликке жоопкерчиликти берүүнүн жалгыз айласы катары көрөт. Алар "жоопкерчиликти бир эле кишиге жүктөп, акыйкат башкаруу камсыздалат" деп ишендирүүдө. Ошондой эле парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүн камсыздай алган жок деп эсептешет.
Конституциялык реформага каршы чыккандар болсо, парламентаризмдин мындан аркы өнүгүшүн жактайт. Алар ушул жол аркылуу гана реалдуу демократиялык өнүгүүгө алып барып, бийликти бир колго топтоого, узурпацияга жол берилбейт деген пикирде. Алардын пикиринде маселе бир эле жоопкерчиликте эмес. Маселе - борборлоштурулган президенттик бийликте жана ишке ашпай калган парламентаризм институтунда. Соңку саясий кризис парламент институтунун жана демократиялык институттардын өнүкпөгөндүгүнөн келип чыкты.
Кыргызстанда иш жүзүндө парламенттик башкаруу эч качан болгон эмес. Башкаруунун аралаш түрү ишке ашырылып келген. Күч түзүмдөрү, прокуратура жана сот тутуму толугу менен же жарым-жартылай президенттин көзөмөлүндө болуп келген дейт эксперттер.
Кыргызстанда Конституциялык реформаны өткөрүүгө тогуз жолу аракет болгон. Жарандар президенттик, супер-президенттик, парламенттик-президенттик башкарууга күбө болду.
1993-жылдын 5-майы
Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясында светтик мамлекет катары көрсөтүлөт. Мыйзам чыгаруу бийлиги, бир палатадан турган Жогорку Кеңеш. Анын курамында 105 депутат болгон.
- Аткаруу бийлигин өкмөт жана жергиликтүү администрация ишке ашырат
- Сот бийлиги - Конституциялык Сот, Жогорку Сот, Арбитраждык Соттун жана төмөнкү инстанциядагы соттордун колуна берилген
- Президент беш жылга шайланып, мамлекет башчысы куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы саналат
- Президент өкмөттүн курамын аныктап, премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн, башкы прокурорду, Улуттук банктын төрагасын жана элчилерди дайындайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ошондой эле мыйзамды чыгаруу боюнча демилгелерди көтөрө алат жана парламенттин токтомуна вето койгонго укуктуу. Президент мыйзамдуу күчкө ээ жарлыктарды чыгарууга укуктуу.
Конституция долбоору 1991-жылы жазылып, бирок "легендарлуу" аталган парламенттеги талкууга эки жыл убакыт кеткен.
1994-жылдын 22-октябры
Референдум аркылуу Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып, Жогорку Кеңешти эки палаталуу кылып түзүү тууралуу мыйзам кабыл алууну чечишкен.

1996-жылдын 10-февралы
Баш мыйзамга өзгөртүүлөр кирип, ага ылайык өкмөт президенттин көзөмөлүнө өткөрүлөт. Парламент өкмөттү отставкага кетире албайт, премьер-министрге ишеним көрсөтпөй койгон укугунан ажырайт.
Президент министрлерди жана жергиликтүү администрация башчыларын өзү дайындайт. Президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, парламент иш жүзүндө чечим кабыл алууга таасирин жоготкон. Президент парламентти дагы таратууга укук алган.
1998-жылдын 17-декабры
Негизги өзгөртүү жеке менчикке байланыштуу мыйзамды тиркөөгө байланыштуу болгон. Жер жеке менчикке өтүп, аны мамлекет коргоого милдеттеме алган. Ошондой эле сөз эркиндигин чектеген мыйзамдык өзгөртүүлөр кирген.
2001-жылдын 24-декабры
Кыргыз тили мамлекеттик тил катары, ал эми орус тили расмий тил катары кабыл алынып, этникалык азчылыктардын тилин сактоого кепилдик жана өз тилинде сүйлөө укугу берилген.
2003-жылдын 18-февралы
Президенттин ыйгарым укуктары дагы кеңейтилип, эки мөөнөткө шайланууга, өкмөттүн структурасын тузүп, премьер-министрди дайындап, Коопсуздук кызматына, генпрокурорду, судьяларды, Улуттук Банк төрагасын кызмат ордуна дайындап, же бул кызматтарды жоюп салууга укук алат.
2003-жылдан тарта президент бийликти бир колго топтоп алды деген айыптоолорго кабыла баштаган.

2007-жылдын 23-октябры
1993-жылдагы Конституцияга кайтуу, бирок жаңы редакциясы сунушталат. Ага ылайык, президент беш жылдык мөөнөткө шайланып, эки жолу катарынан шайлоого катыша албайт деп көрсөтүлгөн. Ал эми парламент партиялык тизме менен гана шайлана турган болот.

Сүрөттүн булагы, AFP
2010-жылдын 27-июну
Башкаруу формасы президенттиктен парламентикке өткөн. Президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайланат. Депутаттардын саны 120 болгон. Диний жана этникалык өзгөчөлүгүнө карап партия түзүүгө тыюу салынган. Негизги көңүл адам укуктарына бурулуп, өлүм жазасына мораторий киргизилет. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин мораторий кирген. Европа Кеңешинин Венециялык комиссиясы бул Баш мыйзамды жактырып, "мактоого татыйт" деп баалаган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2016-жылдын 11-декабры
Премьер-министр бир эле учурда парламент депутаты боло алат деген өзгөртүү менен ыйгарым укуктары кеңейген.
Азыркы учурда өкмөт парламент алдында отчет берип, парламент өкмөттү отставкага кетире алат. Өзгөртүүлөргө ылайык, премьер-министр парламентарийлердин өкүлү катары чечимге таасир эте алат. Эгерде кызматтан кетсе, депутат катары ишмердүүлүгүн уланта алат.

Ошондой эле премьер-министр өкмөт мүчөлөрун кызматтан кетирүү укугуна ээ болот.
Андан сырткары парламент менен президенттин судьялар корпусуна таасир этүү рычагы каралып, парламент менен президенттин өкүлдөрү судьялардын мыйзам бузууларын караган дисциплинардык комиссиянын курамына мүчө болуп кирген.
2021-жылдагы Конституциянын жаңы долбоору

Жаңы Баш мыйзамда президент 5 жылдан эки мөөнөткө шайлана алат.
Президенттин ыйгарым укуктары:
- Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун сунуштай алат
- Министрлерди дайындайт жана аларды кызматтан алууга укуктуу
- Премьер-министрдин ордун президенттин администрация башчысы ээлейт
- Жергиликтүү кеңештерди тарката алат
- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн дайындайт
- Коопсуздук кеңешин түзөт
- Күч түзүмдөргө жооптуу

- Тышкы саясатты аныктайт
- Башкы прокурорду сунуштайт
- Борбордук шайлоо комиссиясынын жарымын ЖК сунуштайт
- Референдумду президент жарыялайт
- Депутаттарды кезексиз жыйынга чогулта алат
- Парламентке шайлоолорду дайындайт
Мыйзам чыгаруу бийлиги

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жаңы Баш мыйзамда парламенттин ыйгарым укуктары мурункудан кыйла эле чектелет. Азыркы ыйгарым укуктарынын көбү президентке өтөт. Биз айрым гана ыйгарым укуктарына токтолобуз.
- Бюджетти бекитип, анын аткарылышы тууралуу Министрлер кабинетинин ар жылдык отчетун угат. Президенттик шайлоону дайындайт.
- Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт.
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн экиден бирин президенттин сунушу менен, экиден бирин өзүнүн демилгеси менен шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот.
- Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет.
- Президенттин сунуштамасы менен Башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет.
- Конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат.
- Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат (84-берене).
- Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте президентке каршы айып коет жана президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат (80-берене).
73-беренеге ылайык, президент Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлик органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн кызматтан четтетилиши ыктымал. Ал үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн экисинин добушу, Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун ырасталган корутундусу керек. Бирок сынчылар Башкы прокурор менен Конституциялык соттун судьялары президенттин сунушу менен дайындалып жатканын эске алганда, президентти кызматтан кетирүү мүмкүн эмес экенин эскертүүдө.

Сүрөттүн булагы, AFP
Аткаруу бийлиги
- Аткаруу бийлигин президент ишке ашырат
- Министрлер кабинетинин түзүмүн жана курамын президент аныктайт
- Министрлер кабинетинин төрагасы - Президенттин администрация башчысы
Президент аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жетектейт, Министрлер кабинетинин жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөйт, Министрлер кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, конституциялык мыйзамдын негизинде Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет.
Өкмөт президентке гана отчет берет. Президенттин жана өкмөт башчынын жеке жоопкерчилиги жөнүндө жоболор жок. Учурдагы Конституцияда премьер-министрдин жеке жоопкерчилиги каралган.
Президент Министрлер кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет. Президент өз демилгеси менен Министрлер кабинетинин учурдагы курамын же мүчөсүн кызматтан кетирүүгө укуктуу.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.
Сот бийлиги

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Ар бир президенттин учурунда сот системасында реформа жүргүзүүгө аракеттер болгон. Бирок азыркыга чейин адилеттүү, калыс жана көз карандысыз соттук система орной элек деген пикирлер үстөмдүк кылат.
Адистердин айтымында, учурда соттук системада көптөгөн көйгөйлөр бар. Бирок алардын негизгилерин төрткө бөлүп караса болот: сотторду тандоо, соттордун кесипкөйлүгү жана алардын чечимдеринин сапаты, соттордун көз карандысыздыгы жана коррупция. Бул көйгөйлөр бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, бири экинчисин жаратат.
Жаңы Баш мыйзамга ылайык, президент сот бийлигине дагы деле кыйла таасир этет. Жаңы түзүлгөн Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы менен президент Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын дайындоо жана аларды иштен алууну Жогорку Кеңешке сунуштайт. Ошондой эле Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызматтан бошотууга укуктуу.
Андан тышкары президент жаңы түзүлгөн Кеңештин сунуштамасы менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт жана кызматтан бошотот.
Буга чейин өлкөдө судьяларды тандоо системасы кесипкөй жана татыктуу кадрлардын кызматка келишин камсыздай албайт деген сындар айтылган. Жаңы түзүлө турган Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш дагы кесипкөй судьяларды сунуштай алат деген кепилдик жок дейт эскперттер. (AbA/AT)











