Баш мыйзам: юристтерди кооптондурган беренелер

митинг
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президенттик башкарууга кайтып барууга каршы болгондор аны "ханституция" деп аташкан эле

"Адилет" укуктук клиникасы Баш мыйзамдын долбоорунда бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулук жок деди. Жаңы долбоорго анализ жасаган юристтер баштапкысынан айырмаланып азыр көп адам укуктары камтылганын белгилешти.

"Адилет" укуктук клиникасы Баш мыйзамдын Конституциялык кеңешме иштеп чыккан жаңы долбоору боюнча жасаган анализин жарыялады. Клиника 2020-жылы ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары даярдаган долбоорду да изилдеген болчу. Анын юристтери мурунку анализде адам укуктары боюнча айтылган сунуштар дээрлик токсон пайыз кошулганын айтышты.

Адам укуктары жана эркиндиктери бөлүмү

Экинчи долбоорго кыйноого, адам сатууга жол бербөө, баланы коргоо сыяктуу негизги укуктар кириптир. Бирок адам укуктары менен эркиндиктери боюнча олуттуу эки кемчиликти белгилеп жатышат.

Биринчиси, коммерциялык эмес уюмдардын кирешесинин ачыктыгын көзөмөлдөө тууралуу норма кошулду. Бул боюнча Жогорку Кеңештеги чуулгандуу мыйзам долбоору Кыргызстанда резонанс жаратып, аягында өткөн эмес.

"Аны Баш мыйзамдын долбооруна киргизүү ошол мыйзам долбоорундагы ойдун уландысы. Кошумча көзөмөл болот. Эң маанилүүсү - бул коммерциялык эмес уюмдарды басмырлоо. Анткени Конституциялык кеңешме ошондой эле талапты мамлекеттик же коммерциялык уюмдар үчүн койгон жок", - деди "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Искендер Какеев.

Юристтердин көңүлүн бурган экинчи маселе - тынч жыйындарга чогулууну чектөө аракети. Уюштуруучу тынч жыйын, митинг тууралуу эскертпегенине карабай иштеп жаткан Баш мыйзам аны тыя албайт. Азыркы долбоордо ошол сүйлөм алып салынган. Демек, иш жүзүндө алдын ала эскертилбеген болсо тынч жыйындарга мыйзам менен тыюу салганга болот.

Конституциялык кеңешме өткөн жылы ноябрь айында түзүлдү
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Конституциялык кеңешме өткөн жылы ноябрь айында түзүлгөн

Мамлекеттик органдар арасында бийлик бөлүштүрүү

Юристтер мамлекеттик органдар тууралуу бөлүмдө олуттуу тобокелчиликтер бар экенин айтууда. Жалпылаганда, президенттик башкаруу болот. Юрист Какеев президентке өтүп жаткан аткаруу бийлиги мыйзам чыгаруу жана сот бийлигине үстөмдүк кылып калаарын белгиледи.

"Башкы кызматты президент ээлеп, аткаруу бийлигин ишке ашырат жана жетектейт. Аткаруу бийлиги өкмөт эмес, министрлер кабинети деп аталат, толугу менен президентке баш ийет. Президент сот бийлигинин бардык бутактарын түзүү боюнча кенен укукка ээ болот. Анткени сотторду тандоо анын милдетине кирет. Соттордун төрагаларын да президент ЖК менен макулдашып дайындайт. Парламент аткаруу бийлигин көзөмөлдөй турган эч кандай натыйжалуу механизм жок. Парламент өз алдынча министрди же башка жетекчини кетире албайт", - деди Какеев.

Бирок аткаруу бийлиги ЖКда республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берет. Анткен менен бул азыркыдай өкмөттүн бардык жумуштары боюнча отчет эмес жана ЖК аны бир жылда бир гана угат. Бир жагынан анын логикасы түшүнүксүз, анткени парламент отчетко канааттанбаганда эч нерсе кыла албайт, өкмөттүн жоопкерчилигин президент карайт.

Юристтер президенттик башкаруу формасында деле негизги бийлик бутактары арасында тең салмактуулук болуп, мыйзам чыгаруу органы күчтүү болоорун белгилешет. Алар ошондой эле укуктарды өзүнө алган президенттин жоопкерчилиги жок болуп жатканын айтып келишти. Жаңы долбоордо "аткаруу бийлигинин ишмердиги үчүн президент жеке жоопкерчиликти алат" деген норма кирди.

Президент Садыр Жапаров мурда жооп берээр тарап жок болсо, эми жоопкерчиликтин баары президентте болуп жатканын айтты.

"Бүгүнкү Конституция менен президенттин укуктары эбегейсиз зор. Бирок көшөгө артында туруп алып башкарып жатат. Премьер-министрдин колу менен чок кармап келди. Биз ошондон ачык чыгып, керт башың менен жооп бер деп жатабыз. Бүгүн кадрлар туура эмес болуп калса же Максат ажы боюнча элдин баары эле мени сындап жатышпайбы. Ал эми мурда кимди күнөөлөрүн билчү эмес. Президент жооп берчү эмес, парламент жооп берчү эмес, өкмөт жооп берчү эмес. Баары бири-бирине шылтачу", - деген Жапаров жаңы Конституция боюнча ар бир кемчилик боюнча жоопкерчиликти бир киши мойнуна алсын, эртең эл алдында жооп берсин деп жатышканын кошумчалады.

Адеп-ахлак нормалары

Баш мыйзамдын жаңы долбоору буга чейинки бардык редакциялардан айырмаланып, моралдык жоопкерчилик, адеп-ахлак нормаларын камтыйт. Күздө чыккан долбоордун ал тууралуу беренелерине да көп сындар айтылган. Искендер Какеев ал нормалар жаңысында кыйла азайганын айтты. Бирок сөз эркиндигине каршы келген олуттуу берене бар. Ал 4-бөлүмдүн 5-пунктундагы "Өсүп келаткан муунду коргоо максатында моралдык, адеп-ахлак баалуулуктарына, Кыргыз Республикасынын коомдук аң-сезимине карама каршы келген иш-чаралар мыйзам менен чектелиши мүмкүн" деген 10-берене.

Пикир билдирүү эркиндиги боюнча "сөз эркиндиги эч кандай чектелбейт" деген норма да камтылган.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизе алат деди.

Юрист Сания Токтогазиева Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда Кыргызстанда коомдун ого бетер бөлүнүп жарылуусуна алып келе турган "жай жарылчу бомбалар" бар экенин белгиледи.

Конституциялык кеңешменин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев адам укуктарынын сакталышына кепилдик берип, бийлик бутактарынын арасындагы укуктарды тең бөлүштүргөнгө болушунча аракет кылышканын билдирген эле.

Баш мыйзам азыр Жогорку Кеңеште, ачы талкууга коюлган. Келерки аптада депутаттар карай турганы айтылып жатат. Көз карандысыз эксперттер аны парламентке алып чыгууга даяр эмес, дагы "чийки" дешүүдө. Анткени ичинде карама-каршылыктар, техникалык каталар көрсөтүлүүдө.