Референдум: ачуу сындар менен мыйзам кабыл алынды

Референдумду дайындоо тууралуу мыйзамды ЖК кабыл алды. Ага коомдун жана эксперттик чөйрөнүн пикири бир кылка эмес. Добуш берүүгө келген депутаттардын саны көп болуп, камактагы эл өкүлү да катышты.
Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча референдумду 11-апрелге дайындаган мыйзам ЖКда кабыл алынды. Аны жыйынга катышкан 100 парламентарийдин 94ү колдоду. Алты депутат каршы добушун берди.
Айрым жергиликтүү басылмалар жыйынга 100 киши катышпаганын жазууда. Аталган мыйзамга биринчи окууда кароо учурунда процедуралык мыйзам одоно бузулуп жатканын кээ бир эл өкүлдөрү айтып чыккан.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Кайсы 57 депутат колдоп берди? Уят, туугандар, берген добуш үчүн дагы тарых алдында жооп беребиз, акыретте жооп беребиз. Конституциялык палатанын чечими бар. Эртең эки депутат чыгып сотко берет да, анан жокко чыгарат. Бүтү аппак болот дагы, ушул добуш бергендер капкара болот", - деди 10-марттагы талкууда депутат Рыскелди Момбеков.
Добуш берүүгө коррупцияга айыпталып камалган депутат Дүйшөн Төрөкулов катышты. Ал журналисттерге бир күн мурда чыкканын айтты. 10-марттагы жыйында ал камактан туруп добуш бергени талкууланган эле.
Аталган мыйзам карала баштагандан тарта бир катар мыйзам беренелери тебеленип жатканын айтып, сындагандырдын бири Дастан Бекешов.
"Сурамжылоосу жок. Чечимге фракция лидери Иса Шейшенкулович кол койду, бирок сурамжылоо баракчасы жок. Бар болсо ошону бербейби? Биз жок дегенде ошо менен таанышып, билели да. Комитеттин сурамжылоо баракчасы эмнеге жок? Комитеттин төрагасы өзү чечим чыгара албайт да", - деген Дастан Бекешов бир күн мурда мыйзамды талкуулоо учурунда.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Депутат Бакыт Төрөбаев болсо Баш мыйзам элдин талабы менен өзгөртүлүп жатканын айтып, Башкы прокурор, Жогорку Соттун төраймын жана президентти талкууга чакырууну сунуштаган.
"Эл жаңы Конституция, жаңы президент, 80 пайыз добуш менен президенттик башкаруу деп тандаган, - деди Төрөбаев. - Эми 80% элдин добушун сыйлайлык да. Эгерде туура эмес болсо, алты айдан кийинби, бир жылдан кийинби ушул Конституцияны кайра өзгөртөбүз. Эгерде туура эмес иштесе, мына биз каршы чыгабыз".
Талкууга келген Баш прокурор Курманкул Зулушев Баш мыйзамды кабыл алуу укуктук жактан да, элдин оюн эске алуу жагынан да абдан туура жүрүп жатат деген баасын берди:
"5-октябрдан баштап мамлекетке керектүү көптөгөн тарыхый чечимдерди кабыл алдыңыздар. Баш мыйзамды кабыл алуу да сиздердин ошондой вазыйпаңыздар деп ойлойм. Конституцияны толук кабыл алуу Баш мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Өзгөртүү, толуктоолор боюнча эрежелер бар. Ошол референдумду дайындоо мыйзамынын принциптери менен кетип жатасыздар".

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Депутат Жанар Акаев 11-майртта билдиргендей, мыйзамды акыркы окууда кабыл алууда депутаттарга басым жасалды. Ал ошол себептен жыйынга келген кесиптештеринин саны көп болуп, чет жерден аймактардан да учуп келишкенин белгиледи.
Саясат таануучу Эмилбек Жороев парламент октябрь окуяларынан бери процедуралык мыйзамды бузуу менен көп чечимдерди, олуттуу мыйзамдарды кабыл алып келатканын айтат. Ошол эле одоно эреже бузуулар, ага көз жумуу Баш мыйзамды өзгөртүүдө да четте калган жок.
"Мейли, 10-январда референдум болду деп эсептегенде да, конституциялык долбоорду жазуу ошонун жыйынтыгына таянуу менен башталыш керек болчу. Конституциялык кеңешме тарабынан сунушталган долбоор парламент тарабынан кабыл алынган жок, кол коюлган жок. Парламенттин 80 депутатынын колу ноябрдагы долбоорго коюлган, ошону менен келатат. Конституциянын долбоору дефолт менен, унчукпастан элди добушуна коюлганы турат", - деп баса белгиледи Жороев.
Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун маңызы талкууланбай калганы айтылып жатат. Эксперттер ошондой эле легитимдүүлүгү шек санаткан парламенттин мындай олуттуу чечимдерди кабыл алышы алгылыксыз экенине көңүл бурууда.
Андай пикирлерге кошулбаган эксперттердин бири, саясат таануучу Айнура Арзыматованын жүйөөсү мындай:
"Жогорку Кеңештеги ар бир окуунун арасы эки айдан болуш керек жана коомдук талкууга бир ай коюлуш керек деген пикирди карманган топ бар. Алар техникалык маселелерге көңүл бурган менен жашоодогу шартты, реалдуулукту жана муктаждыкты эске алыш керек. Азыр Кыргызстан өтө терең саясий кризисте, экономикалык жана социалдык кризис болуп жатат. Ошондуктан күтүүгө, созууга убакыт жок".
Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум бир айдан кийин жергиликтүү кеңешти шайлоо менен бирге өтүп калышы мүмкүн. Баш мыйзам көп өзгөрүүгө дуушар болуп, ага ылайык, негизинен мамлекеттик башкаруу формасы алмашат, өкмөт президенттин карамагына кирет, сотторду тандоонун жол жобосу өзгөрөт.








