Улуттук Банк: валюталардын курсу тең салмакталды

Москвада 10-мартта рубль арзандагандан кийин саналуу сааттардан кийин Бишкекте сомдун куну түштү. Акыркы жылдары доллар 69 сомдун тегерегинде болуп келген, ал 10-мартта кеминде 73 сомго чейин жетти.
11-мартта доллардын баасы бир аз түшкөндөй. Бирок аймактарда жогору боюнча калууда.
Улуттук Банк 10-кечинде интервенция жүргүзүп, 53 миллиондон ашык долларды сатыкка чыгарды.
Улуттук Банктын төрагасы 11-мартта билдирүү жасап, доллардын курсу тең салмакталганын билдирди.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Орусия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Кыргызстандын импорту да, экспорту да эң көп Казакстан менен Орусияга туура келет.
Бирок эксперттердин айтымында, Орусиядагы абал, рублдун баасы Кыргызстанга өтө тез таасир этпеш керек. Ал эми сомдун кескин арзандашы элдин дүрбөлөң түшүп, доллар ала баштаганына, кызыл кулактыкка байланыштуу экенин Улуттук Банк да белгиледи.








