Тик учактын жоктугу ӨКМди канчалык өксүтөт?

Ашууларга бийиктиги бир метрге жакын кар түшүп, туугандарыбыз үч күндөн бери дайынсыз дегендер тик учак көзүбүздөн учту деп жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ашууларга бийиктиги бир метрге жакын кар түшүп, туугандарыбыз үч күндөн бери дайынсыз дегендер тик учак көзүбүздөн учту деп жатышат
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Өткөн аптада дайынсыз делген бир нече малчыны куткаруу ишинде Өзгөчө кырдаалдар министирлиги эч нерсе кыла алган жок деген дооматтар айтылды. Туугандарыбызды издеп жатабыз дегендер министирлик маалыматты да бурмалап жатат деген нааразылыгын коомдук сайттарга жарыялап жатты.

Ошол эле учурда министирлик мүмкүн болгон аракеттин барын көрүп жатканын билдирген. Ушул эле талкууда тик учак темасына да абдан көңүл бурулду. Учурда аталган министрликтин карамагында бир тик учак бар. Бирок аны оңдоп-түзөө керек болгондуктан бир нече жылдан бери учпай токтоп турат. Мекеме сонку жылдары тик учак тууралуу ушул жоопту кайталап түшүндүргөнү менен талап токтоп калган жок.

Би-Би-Си бул теманы талкуулоо үчүн ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысы майор Азис Эгембердиев, мекеменин басама сөз кызматынан Элмира Шерипова жана активист Жакшылык Матанов катышат.

Талкууну толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүз:

Facebook баракчаны өткөрүп жиберүү, пост

Баракча ачылбайт

Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.

Facebook посттун аягы

Бул талкуу жакында эле Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жатат деп сүзүүчүнү издеген окуяга удаалаш болду. Анда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев көлдө сүзүп бара жатып, күчтүү толкун учурунда бир нече саат дайынсыз кеткен эле. Анда ӨКМ куткаруучулары, район жетекиси баш болуп издөө ишине чыккан. Көп өтпөй баардык аракет чараларды көрүп издөө боюнча өкмөт башчынын да атайын тапшырмасы берилгени маалым болгон. Айрымдар ушул эки окуяны бири-бирине салыштырып ким бирөөлөрдү издөө ишинде түп көтөрүлүп, түн жамынып издөө уланса, ашууда калгандарды болсо издеп жаткандай түр көрсөтүп тим болушту деп сынга алууда.

Би-Би-Си Эркин Асрандиевдин өзү менен да эксклюзивдүү маек курган эле. Аны толугу менен бул шилтеме аркылуу көрүңүз:

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

YouTube посттун аягы