“Чернобыль” сериалы: Атомдук электр станциядагы кырсык 30 жылдан кийин тасмада

НВО телеканалынын "Чернобыль" аттуу мини-сериалын терең ойлонууга түрткү берген эмгек деп айтуу Усейн Болтту тез жүгүрөт же Антарктика муз деңизинин астындагы суу муздагыраак деп сүрөттөө менен эле барабар.

Чернобыль

Совет доору. Украинанын Припять жергесинде жайгашкан Чернобыль Атомдук электр станциясы (АЭС). 1986-жылдын 26-апрелине караган түн. Чернобылдын №4 реактору коопсузду текшерүүлөрүнөн кийин түнкү саат 01:15терде жарылып кетет.

Абал үрөй учурат. Баары кайгылуу.

Адамдар жылмайганды унуткан заман.

Мини-сериал терең ойлонууга гана түртпөстөн адамдын уйкусун дагы качырып жибериши мүмкүн.

"Чернобыль" беш бөлүмдөн турат жана ар бир сериясы 60-70 мүнөттөй.

Тарыхый драма 2019-жылы Чернобылдагы кырсыктын 33 жылдыгын утурлай 6-майда дүйнөлүк аудиториянын назарына сунушталган.

НВО телеканалынын сериалында айрым кубулуштар көркөмдөлүп берилгендей туюлушу ыктымал. Ошентсе да анда 1980-жылдардагы реалдуу каармандар чагылдырылган.

Айталы, беларустук физик Ульяна Хомюктун образын Эмили Уотсон жаратат. Тасманын сюжети боюнча бул окумуштуу Минскиде туруп алып эле, АЭСтеги кырсыктын масштабын түшүнүп, Чернобылдагы кызматкерлерден мурун эле кырдаалды байкаган.

Физик Ульяна Хомюк (Эмили Уотсон) трагедиянын себебин аныктоого аракет кылат

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Физик Ульяна Хомюк (Эмили Уотсон) трагедиянын себебин аныктоого аракет кылат

Физик Валерий Легасовду актер Жаред Харрис ойногон. Легасов Чернобыль АЭСиндеги аварияны иликтеген комиссиянын башчысы болгон. Адам Нагаитис болсо Василий Игнатенконун ролун жаратат. Игнатенко жаңыдан үйлөнгөн жаш өрт өчүрүүчү эле. Ал эбегейсиз радиация алып, өтө азаптуу өлүмгө кептелген.

Швед актеру Стеллан Скарсгард советтик карьерист-чиновник Борис Щербинди ойнойт. Аны Кремль авариянын кесепеттерин жоюу үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы кылып жөнөткөн.

Башында Щербиндин "партиялык линиясы" кырсыктын масштабын аңдай алган эмес. Авария болгон аймакка барып, Валерий Легасов менен жолуккандан кийин гана кырсык өтө олуттуу экенин түшүнөт.

Жаред Харрис менен Стеллан Скарсгард

Сүрөттүн булагы, Sky UK/HBO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаред Харрис (солдо) физиктин, Стеллан Скарсгард жогорку мансаптуу аткаминердин ролун аткарат

Би-Би-Синин кино сынчысы Уилл Гомперц сериалга катуу таасирленгенин жазат.

"Актердук чеберчилик таң калтырды. Ар бир сценасы ынанымдуу жана советтик 1980-жылдарга алып барат… "Чернобыль" сериалын көрүп баштаганда бул тарыхты билем деп ойлогом. Азыр эми билбей турганымды түшүндүм", - деп жазды Гомперц.

"Эми азыр бул темага кайрылуунун эмне зарылчылыгы бар эле" деп сындаган пикирлер дагы көп айтылды. Рунет дагы муну көңүл сыртында калтырган жок.

Орусиянын "Чернобылы"

Мини-сериалга карата Орусия коомчулугунун реакциясы бир беткей болгон жок. Мактагандар да, жеригендер да болду.

Бир тобу HBO телеканалынын тарыхый драмасы Совет доорундагы окуяларды башка орус тасмаларына караганда "реалдуураак" сүрөттөгөнүн айтты. Айрымдары катардагы эле адамдардын эрдигин ачып көрсөтүп бергени үчүн мини-сериалды алкоого алышты.

Бирок "Чернобылга" карата сын-пикирлер дагы болбой койгон эмес. Кээ бири телесериал Орусиянын азыркы атомдук саясатына доо кетирет десе, кээ бири аны СССРге көө жапкан Американын "пропагандасы" деп атады.

Талашып-тартышкандардын арасында дагы бир ой-пикир өзгөчөлөнүп турат. Анда Чернобыль апаатын Орусия өзү эмес, АКШ баяндап бергени үчүн терс пикирлердин жаралышына балким уялуу сезими себеп болуп жатканы айтылат.

Ошентип, Орусия Чернобылдагы авария жөнүндө өзүнүн версиясын тарта турган болгон.

Режиссер Алексей Мурадов сериал АЭСте "чындыгында эмне болгонун көрсөтө турганын" жар салган эле. Ал өзүнүн версиясы "Припяттагы трагедия боюнча альтернативдик көз карашты" сунуштарын айткан.

"Америкалыктар Чернобыль атомдук электр станциясына билдирбей кирип барган деген көз караштар бар", - деген Мурадов. "Көптөгөн тарыхчылар жарылуу болгон күнү душман тараптын чалгын кызматынын агенти станцияда иштеп жүргөн ыктымалдыгын четке какпайт".

The Hollywood Reporter журналы маалымдагандай, аталган сериалды тартууга Орусиянын Маданият министрлиги 30 млн рубль бөлүп берген.

Чернобыль сериалы

Сүрөттүн булагы, Sky UK/HBO

Кырсык жана курмандыктар

1986-жылдагы Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты учурунда СССР бийлиги жаап жашырууга аракет кылган. Жүздөгөн өрт өчүргүчтөр аймакка эч кандай коопсуздук эрежелери сакталбай жөнөтүлгөн. Радиациядан сактаган каражаттары болгон эмес. Коммунисттик жетекчилик биринчи күндөрү эч нерсе болбогондой түр көрсөткөн.

Кырсык болгон түнү 31 адам мүрт кеткен. Ал эми кырсыктан кийин радиациядан жабыр тартып курман болгондордун так саны талаш-тартыштарга жол ачып келет. Набыт болгондордун саны 9000ден тартып, 93 миңге чейин жетет деген көз караштар бар. АЭСтеги авариянын оор кесепети ушул күнгө чейин тийип келүүдө.

Туристтик аймак

2019-жылы Украинанын президенти болуп шайланган Владимир Зеленский Чернобылдын айланасын туристтик жайга айлантууга бел байлаган.

"Чернобыль Украина брендинин терс бөлүгү болуп келген болсо, эми аны өзгөртүүгө убакыт келип жетти", - деп билдирген Зеленский.

Ал жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду салуу жана мобилдик байланышты жакшыртуу боюнча жарлыкка кол койгон.

"Биз туристтер үчүн жашыл коридор ачабыз. Чернобыль планетадагы бөтөнчө жай. Анда техногендик кырсыктан кийин жаратылыш кайрадан калыбына келүүдө".

Жарлыкка ылайык, аталган аймакта суу жолдорун жана көзөмөл-өткөрмө бекеттерин куруу каралган. Ошондой эле, ал жакта видеого тартууга салынган чектөө алынары белгиленген.

"Ал жерди дүйнө жүзүнө: окумуштууларга, экологдорго, тарыхчыларга жана туристтерге көрсөтүшүбүз кере", - деп кошумчалаган Зеленский.

Радиациянын деңгээли демейдегиден жогору болгонуна карабастан жыл сайын миңдеген туристтер Чернобылга барып көрүп келишет. (EA)

(EA/AbA)