Тирүү жандык барбы? НАСАнын роботу Марска конду

Сүрөттүн булагы, NASA
Американын космос агенттиги - НАСАнын "Персеверанс" (англисчеден которгондо өжөрлүк) роботу Марстын экваторуна жакын "Езеро" деп аталган кратерге конгонун маалымдады.
Аппараттын ийгиликтүү конгону тууралуу кабарды НАСАнын кызматкерлери кол чабуу менен тосуп алышты. Роботтун эң негизги максаты, Кызыл планетадагы бактериялык жандыктардын изин иликтөө.
Окумуштуулар үч-төрт миллиард жыл мурун Марста суу болгонун, демек тирүү жандык дагы болушу мүмкүн деп келишет.
"Персеверанс" бир айдын ичинде Марска жеткен үчүнчү аппарат. Буга чейин Кытайдын жана Бириккен Араб Эмирлигинин аппараттары Марстын орбитасына кирген. Үч космостук робот 2020-жылы июль айында Жерден көтөрүлгөн. Роботтор 500 миллион чакырым аралыкты жүрүп отуруп Марска жеткен.
НАСАнын кызматкерлери аппараттын ийгиликтүү конгон тажрыйбасын пайдаланып, келечекте башка роботторду жөнөтүүгө мүмкүн болорун айтууда.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
"Салам дүйнө. Жаңы үйүмдөн биринчи ирмем",-деп жазылды "Персеверанс" роботунун "Твиттер" баракчасында. Аппарат жөнөткөн сүрөттөр планетадан салынган алгачкы ирмемдер болуп калды.
Марс планетасына роботту кондуруу кыйла оор болгон. Айга салыштырмалуу Марстын атмосферасы бар. Ошондуктан мындай учурда миссиялардын 40 пайызы гана ийгиликтүү болуп келген.
Аппаратты кондуруунун алдында, "Персеверанс" Марстын атмосферасынан планетанын бетине жетүү үчүн жети мүнөткө созулган оор абалга туш болду. Конгондо талкаланып калбашы үчүн робот саатына 20 миң чакырым ылдамдыктан адам жайбаракат баскан темпке чейин түштү.
НАСА жети мүнөткө созулган окуяны түз байланышта көрсөттү. Түз дегенде Марстан сигнал Жерге жеткиче 10 мүнөт өтөт. Эгерде конуу алдында кандайдыр бир көйгөй чыкса, НАСАнын инженерлери аны тууралаганга үлгүрмөк эмес.

Сүрөттүн булагы, NASA
"Персеверанс" Езеро кратерине жакын жерге конду. НАСА туурасы 50 чакырым болгон аскаларда бактериялык жандыктар бар болушу мүмкүн деп эсептейт.
"Езеро кратерин окумуштуунун көзү менен карасак, бул аймакты изилдөөгө алыш керек экени анык. Мисалы, бул жерде байыркы дарыянын издери сакталган. Окумуштуулар дал ушул жерде жандыктардын изин изилдеш керек деп эсептейт. Бирок мен Езерону карап, бир гана коркунучту көрөм",-дейт НАСАнын инженери Аллен Чен.
"Персеверанс" роботунун артыкчылыктары
"Персеверанс" роботунун дизайны жана планетага конуу алгоритми 2012-жылы ийгиликтүү сыналган. Анда НАСАнын "Кьюриосити" аппараты Гэйл кратерине конгон эле. Жаңы робот дагы Skycrane ("Асман краны") парашют технологиясын колдонду.
Ошол эле учурда НАСАнын инженерлери "Персеверанс" роботуна Terrain-Relative аттуу жаңы навигация системасын орноткон. Аны менен аппарат коно турган аймакты так аныктай алат.

Сүрөттүн булагы, NASA/JPL-Caltech
"Персеверанстын" камералары, автоматтык колдору бар. Аны менен робот бургулоо иштерин аткара алат, лазери дагы бар. Андан тышкары роботко заманбап сенсорлор жана анализ жүргүзгүдөй аспаптар дагы орнотулган.
Эң кызыгы, роботтун "курсагында" НАСАнын Ingenuity ("Жаратман же тапкычтык") аттуу чакан тик учагы бар. Анын салмагы болгону 2 килограм. Миссиянын алгачкы күндөрүндө, тик учак Марс планетасында учуп көрүүгө аракеттенет. Эгерде сыноолор ийгиликтүү болсо, Ingenuity Жерден башка планетада учкан алгачкы тик учак болуп калмакчы. Езеро кратериндеги суук температура тик учактын сыноосуна тоскоолдук жаратышы ыктымал. Бул планетада кечки температура -90 градуска чейин түшөт.
НАСАнын аппараты эмнени көздөйт?
Езеро кратеринин спутниктен алынган сүрөттөрү аймакта бир учурда чоң көл болгонун, кийин ал дарыяга айланганын көрсөтөт. Ошол эле учурда кратерде тоо породаларынын көп түрлөрү бар. Мисалы, карбонаттар жана чопо байкалган. Ошондуктан көп жыл мурун бул аймакта жандыктар болушу мүмкүн экени айтылууда.

Сүрөттүн булагы, NASA
"Персеверанс" соолуп калган көлдүн түбүнөн анализ алып, аскаларда бургулоо иштерин жүргүзөт. Робот анализге алган таштарды таңгактап, Марстын бетине чогултуп коет.
Аларды башка аппарат алып кетет. Экинчи аппарат Марстан алынган анализдерди Жерге жеткирет. Бул Марс планетасынан көтөрүлгөн биринчи робот болмокчу.
Марска жетүү жарышы
Марс менен Жердин узак аралыгынан улам, миссияны жылына эки жолу гана аткарса болот. Бул учурда эки планета бири-бирине эң жакын аралыкта болот.
Кызыл планетага жетүүгө 1960-жылдары көп аракеттер болгон. Миссиялардын жарымы ийгиликсиз аяктаган. Соңку жылдары АКШ, СССР (кийин Орусия), Индия жана Европа Биримдиги Марска аппараттарын ийгиликтүү жөнөткөн эле. Эми бул өлкөлөрдүн катарына Бириккен Араб Эмирлиги менен Кытай кошулду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бириккен Араб Эмирлигинин "Ал-Амал" ("Үмүт") аппараты Марстын орбитасына 9-февралда ийгиликтүү жеткен. Бир нече күндөн кийин Кытайдын "Тяньвэнь-1" планета аралык станциясы Кызыл планетанын орбитасына кирди. Эми Кытай космостук станциясынан аппаратын учуруп, Марска кондурууну аракет кылат.
2020-жылы июль айында Орусия-Европанын "ЭкзоМарс" аттуу миссиясы дагы роботун Марска жөнөтүшү керек эле. Бирок 2018-жылы башталат деген миссия эки жолу жылдырылып, 2022-жылы гана роботун Марска жөнөмөй болушту.
Демек, Марс планетасы алдыдагы жылдары назарыбызда болот.













