"14 саатка чейин "Манас" айттым": Д.Сыдыковдун Гиннеске катталуу аракети

Сүрөттүн булагы, social media
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков кыргыздын өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине каттатуу максатында дастанды айтып баштады. Манасчы Бишкек шаарындагы борбордук аянтта атайын асемделген айнек үйдө олтуруп, улуу баянды айтууда.
Кезинде залкар манасчылар таңдан каш карайганча, кээде түн бир оокумга чейин тынымсыз "Манасты" айтканы эл оозунда аңыз болуп айтылып жүрөт. Убагында көз ачырбай төккөн нөшөргө карабай, бир нече саат "Манас" айткан Саякбай Карала уулунун өнөрүнө күбө болгон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов ал окуяны тамшанып эскергени бар. Манасчы Дөөлөт Сыдыков чоң саамалыктын алдында Би-Би-Сиге атайын маек куруп берди.
Би-Би-Си: Эпосту ушундай кылып айтып, Гиннестин рекорддор китебине каттатуу демилгесин ким, качан көтөрдү?
Д. Сыдыков: Муну үй-бүлөм менен кеңешип олтуруп чечтик. Ырыс экөөбүз ушундай кылсак деп акылдаштык. Негизи буга чейин үч күн, үч түн же жети күн жети түн манас айткан учурларда азыркы манасчылар өзүбүз да кеп кылып эле жүргөнбүз. Ушундай улап айтуу учурунда кимибиз узак айтсак, ошону каттаталы дечүбүз. Бирок ал идеябыз сөз бойдон эле калып кала берди. Аны жүзөгө ашырчу убакыт эми келди окшойт. Негизи октябрь айында эле ушул ишти кылалы дегенбиз. Аңгыча шайлоонун соңу жанагындай окуялар менен коштолуп, ноябрь айына жылдырганыбыз ошол.
Би-Би-Си: Салбуурун, аламан үчүн куш менен күлүктөрдү таптайт эмеспи. Сиз өзүңүзду кандай таптадыңыз, табыңыз кандай болуп турат?
Д. Сыдыков: Кудайга шүгүр. Кудай колдосо баары жакшы дегендей. Илгери манасчы тапталып, такшалуу үчүн күн-түндөп манас айткан көрүнүштөр арбын болгон да. Азыр эми андай айтканга анчейин шарт болбой жүрөт. Анда ошону көрөм, угам деген эл да, сүрөнчүлөр да бар эле да. Бала-бакырадан баштап карысына чейин күйөрман болушкан да. Азыр да кудайга шүгүр, анчалыкка жетпесе дагы "Манас" угалы, көрөлү дегендер бар. Интернет аркылуу мени колдоп, бата берип аткан элди көрүп баягы касиет, баягы аруу дүйнө кайрадан жанданып жатабы деп сүйүнүп турам.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Тыныбек Жапый уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякабай Карала уулу сындуу манасчылар сааттап, керек болсо күндөп "Манас" айтып, боз үйдүн төрүнөн желип олтуруп босогого, андан кайра төргө жеткени маалым эмеспи. Азыр андай айткан манасчынын көрө элекпиз.
Д. Сыдыков: Ооба, туура эле. Бир чети илгери эл да "Манас" дүйнөсүнө абдан жакын эле да. Ошол залкар манасчылардын баарын эл өзү сүрөп, батасын берип алкап, даңазалап олтуруп ошондой чеберчиликке, ошондой бийиктикке жеткирген да. Буюрса ошол көрүнүштөр кайрадан кайталанса керек. Баардыгы эл ичинен чыгат эмеспи. Үмүт үзбөшүбүз керек.
Би-Би-Си: Өз тажрыйбаңызда эң узак дегенде канча убакыт "Манас" айттыңыз эле?
Д. Сыдыков: Мен жогоруда айткандай буга чейин үч күн, үч түн же жети күн жети түн, кырк күн "Манас" айткан учурларда он төрт, он эки саатка дейре айтып жүрдүм. Бишкекте, Таласта болгон. Бул биринчи жолкусу эмес.
Би-Би-Си: "Манас" айтып, аябай кызыган кезде манасчынын кан басымы көтөрүлөт, дене боюнда кыйла өзгөрүү болот деп айтылып жүрбөйбү. Ушундан улам сиз үндүн кубаты канчага жетет, кан басым кандай болот деп дарыгерге текшерилдиңизби?
Д. Сыдыков: Атайын дарыгер эжеге барып көрүнүп, текшерилип келдим. Менде аллергия деген бир "кокуй" бар. Ошол убакта козголуп калган экен. Ошонун козголуп, күчөбөшүнө аракет кылып жатабыз. Баары кудайдан. Сөз кайыптан дейт эмеспи, Манас атам колдоп турса буюрса айтам.
Би-Би-Си: Манасты кайсы окуядан баштап, кай жерине чейин айтайын деп камынып турасыз?
Д. Сыдыков: Адегенде эле жомок башына киришип, Манастын бабаларын, кандарды. Кытайдын чабуулун, кыргыздын чачырап сүрүлүшүн. Алтайда Манастын төрөлүшү, торолуп эр жетиши, алгачкы эрдиги, анан Ала-Тоого карай көч деп, ирээти менен жүрүп олтурам.
Би-Би-Си: Сиздерди демилгени колдогондор менен катар эле качанкыга чейин беш бармак, "Манас" деп жүрө беребиз деген сыяктуу сын көз менен карагандар да кездешип жатпайбы. Мындай сын жүйөлүүбү?
Д. Сыдыков: "Манаска" чейин эле ошол беш бармак тууралуу кеп кылайынчы. Этти жөн эле туш келди кескилеп жебей, сакалдуулап, сый-урматы менен бөлүштүрүп, устукан тарткан эл биз эле болсок керек. Коңшуларыбыздын көбү да аны унутуп бара жаткандай. Бул бир учурда баардык эле элде болсо керек деп ойлойм. Бирок, аларда жоголсо бизде ушул күнгө чейин сакталып келе жатпайбы. Бир алымдан эт кетет, бир алымдан кеп кетет дейт. Орунсуз жиликтенип, туура эмес тартылып калса, эт үчүн эмес, ошол мамилеси үчүн маселе козголгон да. Биз жер, эл, каада-салт, маданият дегендин баары журулушканы үчүн улуу элбиз деп келе жатабыз. Мындай-андай деп мунун баарын чана берсек акыр түбү жакшы болбойт. Убагында Чыңгыз атабыз маңкурт деп жазганда дагы сын айткандар болгон экен. Көрсө, ал киши ушул сыяктуу терс көрүнүштөр чыгат деп алдын ала көргөн экен да. Биз ушуларды эске алып, урпактарыбыз ушул жерден айрылбай, төрт көзүбүз түгөл жашасак, гүлдөп өнүксөк деген ниет менен ушул ишке аттанып олтурам














