Бээжинде Президент С. Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясына "Манас" операсы көрсөтүлдү.
Бээжинде Президент С. Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясына кытай өнөрпоздору койгон "Манас" операсы көрсөтүлдү. Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылган операны Кытайдын белгилүү режиссеру Ван Сяолин даярдаган. Аны сахналаштырууга мамлекеттик театрдын эки жүздөн ашык артисти катышкан.