Сүргүнгө айдалган чечендердин урпактары

    • Author, Ольга Просвирова
    • Role, Би-би-си

1944-жылы кыштын ортосунда чечен жана ингуштарды жүк тарткан вагондор менен казак талаасына алып келишкен. Жолдо ачкачылык жана сөөктөн өткөн суук көп кишинин өмүрүн алды.

Красная Поляна
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Красная-Поляна Казакстандын түндүгүндөгү үч чечен конушунун бири. Астана шаарынан 300 чакырым алыстыкта орун алган

Арадан 70 жыл өткөндөн кийин, cүргүнгө айдалган чечендердин урпактары Казакстанды өзүнүн мекени катары эсептеп калышты.

Алар казактын сары тааласында орун-очок гана албастан, улуттук салттарын дагы бекем сактап калышкан.

Красная-Поляна айылында мечит жок. Бирок тургундар айылдагы үйлөрдүн бирине чогулуп, илгери ата-бабалары сүргүнгө айдалып келген күндү эскерип, ата-баларына багыштап куран түшүрүштү. Намаз окулгандан кийин алар чогулуп, зикир чалышты.

Түндүк Кавказ аймагында кеңири жайылган зикир чалуу- кудайга табынуунун бир жолу. Красная-Полянада жашагандардын да өзүнчө агымы бар. Алар зикир чалып жаткан учурда колго жасалган добулбастарды кагып, ага үч кылдуу музыкалык аспап кошулат.

Намаз окулгандан кийин алар чогулуп, зикир чалышты.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Намаз окулгандан кийин алар чогулуп, зикир чалышты.

Бул агымдын негиздөөчүсү Вис ажы Загаев 44-жылдары Чеченстандан сүргүнгө айдалгандардын бири эле. Анын артынан ээрчиген шакирттери өзүнүн руханий лидери тууралуу сыймыктануу менен эскеришет. Аны ушунчалык урматтагандыктан ысымын аташпайт экен.

"Ал бул жерде бизди чогултуп, коом катары чыңдалууга түрткү берди. Бизди эмгекчил болууга үйрөтүп, турмуштун ысык-суугуна бышырды. Жакшылыктын арты ар дайым жакшылык болорун кулагыбызга куйган. Анын аракетинин арты менен бул жерде биз улуттук баалууктарыбызды сактап кала алдык",-дейт айыл аймагынын башчысы Ансар Ибаев.

Часть зикра

Красная-Поляна Казакстандын түндүгүндөгү үч чечен конушунун бири. Астана шаарынан 300 чакырым алыстыкта орун алган. Азыр бул конушта 1028 чеченден сырткары 15 орус жана үч немис жашайт. Булардын баары депортацияланып келгендердин урпактары.

Бул жердеги чечендер казак коомчулугу менен жуурулушуп кеткен жок. Анын себеби башка айыл-кыштактардан, шаарлардан алыс жайгашканында эле эмес. Алар өзүнүн руханий лидери Вис хаджи Загаевдин насаатын бекем кармашып, меймандос болуу, бирок ошол эле учурда жабык жашоо образын күтүүнү үйрөнүшкөн. Балдарын эс тарткандан тарта эле эмгекке бышырышат. Уулдарынын башка суфий агымындагы кызга үйлөнүшүнө жол беришпейт. Түндүк Кавказда мындай ондогон ар башка агымдар бар.

Сүргүнгө айдалып келген күнгө күбө болгондор айылда дээрлик калбай калды. Ата-бабаларынын мекениндеги туугандары менен карым-катнаш кылгандар дагы жок. Жаштар дээрлик Чеченстанга барышпайт. Аларды "Кавказга тарткан" сезим жок экенин моюндарына алышат. Чеченстанга барып келгендери болсо, Казакстанда такыр башкача жашоо экенин түшүнүшкөн.

"Муздак, тоңуп калган, басынган..."

1943-жылы баары күтүүсүз жерден башталды.

Чеченстандагы Люнки айылына полковник формасын кийген бейтааныш киши келди. Азыр анын ысымын эч кимдин эсинде жок. Канча жашта, кебетеси кандай эле? Бирөө дагы элестүү айтып бере албайт.

Салт боюнча чечен айылынын башчысы Ибрагим аны жайдары тосуп алып, үйүнө коноктогон. Ал учурда Ибрагимдин аялы Хава мына-мына көз жарат деп турган учур эле. Ал төрөгөндө кызын Полина деп аташты. Полина полковник менен чогуу келген медкызматкердин ысымы эле. Төрөттүн ошол медайым кабыл алган.

Киийн кызына үч ай болуп калган мезгилде - 1944-жылдын 23-февралында "чакырылбаган конок" Ибрагимге суз гана "силерди көчүрөт" деп кабарлады.

Ошондо гана Ибрагим менен Хава үч айдан бери бул бейтаныш полковник алардын үйүндө жашап, эмне жумуш кылып жүргөнүн аңдашты.

Айыл эсин жыйганча, куралдуу аскерлер келип, баарын үйдөн чыгууга буйрук беришкен.

Хаванын акыркы эсинде калганы, аскерлер эшигине тартып кеткен чырымдын сүрөтү. Анан күйөсүнүн далысы көз алдында калыптыр. Күйөөсүнө коңшу айылга кабар алып барууга жумшашкандай болгон. Ошол бойдон аны көргөн жок.

Полина Ибаева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азыр ошол Полина Ибрагимова Ибаева 75 жашта.

Райондун борбору Итум-Калиге чейин 11 чакырымдай бар эле. Чечен бүлөлөр бул аралыкты жөө басып өтүштү. Район борборунда алардын атайын авто унаалар күтүп туруптур.

Ооба, Хаванын жүрөгүндө калган дагы бир окуя бар. Мына ушул жерде унаага түшпөй койгон Атби аксакалды аскерлер атып салышкан.

Хава дагы боздоп ыйлап, түшүүдөн баш тартууга бел байлаган. Бирок кайын эжеси: "Сени дагы ушунтип өлтүрүшөт" деп зекигенден кийин өзүнө келген.

Аскерлер артка кайтып барууга уруксат берет деген үмүт менен бара беришти. Бирок андай болбоду. Грозныйдан аларды жүк тарткан вагондорго салышты. Ар бир кишиге 200-300 граммдан нан беришкен. Суу жылытып, нан жеп, эптеп жан сактап, күндөп-түндөп жол жүрүштү...

Жолдо баратканда көз жумгандарды поезд токтогон учурда вагондон сыртка ыргытып салышкан. Акыркы чекке жеткенге чейин көбү оо дүйнө салды. Алардын арасында Хаванын дагы уулу бар. Уулумду дагы ыргытып жиберишпесин деп, жансыз денени бооруна басып, жоолугу менен жаап, жашырган. Уулун өз колу менен жерге берем деген каалоосу ишке ашкан жок. Поезд Кустанайга токтогон учурда, уулун колунан жулуп кетишти.

Экинчи уулу дагы каза тапты. Үч айлык ымыракайы Полина менен боздоп кала берген.

Азыр ошол Полина Ибрагимова Ибаева 75 жашта. Оорукчан болуп калган, өз алдынча араң басат.

"Биздин айылдык кеңештин жетекчиси Кустанай районундагы Владимировка кыштагынан эле. Анын айтып бергенине караганда, биз келерден алдын [Казакстанга] мынтип жарыялашыптыр: "Эшик-терезеңерди жапкыла, баш кесер чечендер өтөт!". Бизди мына ушундай коркунучтуу элестетишкен. Баары биз келген учурда жашырынып калыптыр. Анан эле вагондорду ачса, ачка, үшүгөн, арып-тозгон, байкуштар түшүп жатпайбы",-деп айтып берди Полина.

Алты күндүк депортация

Депортациянын расмий себеби - чечен менен ингуштардын совет бийлигине каршы ишмердүүлүгү деп айтылган.

"Ата мекендик согуш учурунда, өзгөчө немистик-фашисттик аскерлердин Кавказдагы аракети маалында көптөгөн чечен-ингуштар мекенин сатып кетип, фашисттик оккупанттардын катарына өтүшкөн. Диверсант жана чалгынчылардын бөлүктөрүндө кызмат кылышкан. Мына ушуга байланыштуу Чечен-Ингуш АССРинин аймагында жашаган ингуш, чечендерди жана аларга жакын райондорду СССРдин башка аймактарына көчүрүп, Чечен-Ингуш АССРин жоюп салуу керек",-деп айтылган СССРдин Жогорку Советинин жарлыгында.

Күбөлөрдүн айтымында, ден-соолугу начар кишилерди (мисалы, майыптарды) ордунда эле атып салышкан.

"Хайбах. Тергөө уланууда" деген китептин автору тарыхчы Саламат Гаев:

"Чет-жакадагы айыл-кыштактардын тургундарын Хайбах айылына чогултуп, "60 чакырым жөө жүрө алгандар жөнөгүлө!". "Баса албагандарды өзүнчө учак менен алып кетебиз" дешет. "Өзүңөр менен саман алып, бул сарайга кирип күтүп тургула" деп, алар киргенден кийин, сарайдын оозун бекитип, өрт коюшкан. Хайбахдагы операцияны жетектеген мамлекеттик коопсуздук кызматынын комиссары Михаил Гришиандын документтеринде өрттөп салгандар саны 700 деп жүрөт",-деп айтып берди.

Алты күндүн ичинде депортация жыйынтыкталган.

Сталинге жөнөтүлгөн шифрограммада мынтип айтылат: "29-февралга темир жол эшелондоруна 478 479 кишини салдык. Анын ичинде 91 250 ингуш жана 387 229 чечен. 177 эшелон толуп, анын 159 жаңы конуштар боло турган аймакка жөнөтүлдү. Атайын контингент менен жөнөгөн акыркы эшелон бара турган жерине 20-мартта жетти".

Казакстан менен Кыргызстанга депортацияланган чечен, ингуштардын жолдо каза тапкандарынынын так санын аныктоо мүмкүн эмес. Ар кандай эсептер боюнча он миңдегени жолдо көз жумган.

"Кагазда кандай алып келишсе, ошондой болду"

Ансар Ибаев казак тааласында туулуп, өстү. Бул жерди ал окуу жайда окуп жүргөндө гана бир топ убакытка таштап чыккан. Ал Целинограддагы (Целиноград - азыркы аталышы Астана) пединститутта тарых факультетинде окуп билим алган. Окууну бүтөрү менен кайра айылына кайтып келген.

Казак талаасындагы чечендердин Красная-Поляна, Арбузинка жана Петриковка айылдары бири-биринен үч-төрт чакырым аралыкта жайгашкан. Ансар мына ушул айыл аймактардын башчысы.

Ансар Ибаев
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ансар Ибаев.

Анын апасы Полина Ибрагимовна Красная-Полянага келген кишилердин арасындагы анча-мынча кат-сабаты жоюлгандарынын бири экен. Ал уулунун билим алышына чоң түрткү бериптир.

Ансар Ибаев депортация учурундагы атайын операцияны өткөргөндөрдүн аты-жөнүн, так датасын, кыштактардын аталыштарын, кишилер кайдан каякка айдалганын, бүт баарын билет. Бирок күнөлүүнү издеп, ошону айланып жүргөндү жактырбайт.

Совет мезгилиндеги анын эскерүүлөрү мындан айрымаланат: "Билим алуу, комсомолго өтүү, андан кийин коммунистик партиянын катарына өтүү, карьералык тепкчитер: бүгүн комсорг, эртең парторг болосуң деген кыялдар менен жашачу элек. Балким кыялдарыбыз да акырындык менен орундалган экен".

"Жолдош Сталиндин" өзүн дагы Ансар депортация үчүн күнөөлөбөйт: "Ага кагазды кандай алып келсе, ошондогудай болду".

Бирок Ансар "чечендер гитлердик аскерлерге кошулууга ниеттенишип, ага белек катары ак боз даярдап коюшкан" деген кептерди четке кагат.

"Көрүнүп тургандай, мурдатан вайнах элине болгон жек көрүү сезими акыры келип 44-жылдагы депортацияга алып келген". Өз ыктыяры менен он миңдеген чечендер Ата мекендик согушта колуна курал алып, башкалар менен ийиндешип согушкан деп кошумчалады Ансар.

Бул жердеги тургундар эч качан советтик түзүмдү сөгүп, сөздөшпөйт. Анын баары өтүмүш, азап тарткандар азыр жер алдында...

Азыр эми жогорку бийликке карата мамилеси өтө жакшы. Айылдагы жетишкендиктер тууралуу айтып берип жатып айыл аймактын жетекчиси, бир нече ирет бийликке ыраазычылык билдирди.

Көчөлөрдү жарыктандырышкан, айылдагы санитардык абалды жакшыртышкан. Балдар көп төрөлгөнү үчүн буларга "Тез жардам" унаасын белекке беришти. Анан интернет тартып келишкен.

Айыл аймактын башчысы Казакстандын президентин жөн эле фамилиясынан атап койбойт - "Нурсултан Абишевич" деп урмат-сый менен атайт.

"Ата-бабалардын журту тууралуу жаман сөз айтууга болбойт"

Тарыхый мекениндеги жаңылыктар тууралуу жаштар негизинен интернет аркылуу маалымат алышат. Айрымдарында чеченстандык телеканалдар бар.

Ансар Ибаев акыркы жолу 2015-жылы түпкү мекенине барып келди. Бирок ал жакка биротоло кайтып барууга ашыккан жери жок.

Красная-Полянада жаштар миграцияга кетпегенине аксакалдар сыймыктанат.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Красная-Полянада жаштар миграцияга кетпегенине аксакалдар сыймыктанат.

Беш эле күн Чеченстанда болуп, кайра Красная-Поляна айылына кайтып келген. Азырыкы Чеченстанды бийлиги тууралуу, саясаты тууралуу пикирлерге кайдыгер эмес.

Болгону кеп депортация тууралуу жүргөндө Ансар Ибаев Чеченстанда депортация курмандыктарын эскерүү күнүн 10-майга - Ахмат Кадыровдун жерге берилген күнүнө жылдырып коюшканына ичи чыкпай калагандай.

"Эми муну Орусия Федерациясынын ички иши деп билем. Аталардын журтун жамандаганга болбойт".

Красная-Полянада жаштар миграцияга кетпегенине аксакалдар сыймыктанат. Балдары шаарга окууга барып, кайра кайтып келишет. Айыл чарба тармагында, педагогика, ветернинария боюнча адис болуп, артка айылына кайтышат.

Жаштардын негизги көңүл ачуусу - интернет. Красная-Полянада интернет бир жыл мурун тартылган. Ошондон бери мектеп окуучуларынан тарта коомдук сайттарга кирип, активдүү колдонууга өтүштү.

"Интернет - башын жерге салган кишилердин кылымы. Менин айылымда биз азырынча башыбызды төмөн түшүрө элекпиз",-деп жылмаят Ансар Ибаев.

Бирок жаштар интернеттин пайдасы менен дүйнө таанымы өзгөрүп жатканын айтат. Бул болсо алардын кыялдарын өзгөрттү. Өнүккөн өлкөлөрдө, чоң шаарларда билим алууга дилгирленгендер пайда болду.

Макала кыскартуулар менен сунушталды. (AbA)

Максим Ломакиндин сүрөттөрү.