Менин саякатым: ак илбирс, байыркынын изи, коомчулук назарына илинген окуя

Азамат досум экөөбүз Алайдын тоолорун кыдырып, трекинг кылууну максат кылганбыз

Сүрөттүн булагы, Исламидин Нурдинов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат досум экөөбүз Алайдын тоолорун кыдырып, трекинг кылууну максат кылганбыз

Мен 20 жаштамын. Өзүмдүн быйылкы кызыктуу саякатым тууралуу айтып берүүнү чечтим.

Карантинден кийин элдин көбү тоону көздөй жөнөбөдүбү. Биз дагы Азамат досум экөөбүз Алайдын тоолорун кыдырып, трекинг кылууну максат кылганбыз. Дароо эле даярдыкты баштап, керектүү нерселердин алгандан кийин тоону көздөй сапар тарттык. Алгач Алайдын Мурдаш айлындагы Көк-Дөбө жайлоосуна келип, ал жерде жергиликтүү тургундардын үйүндө түнөп калдык. Жайлоодогу байыртан адам жашаган үңкүрлөрдү сүрөткө тартып, жайлоодогулардан ал үңкүрлөр тууралуу маалымат чогултуп баштадым. Саякатыбыздын биринчи күнү Көк-Дөбө жайлоосунда өттү. Эртеси таң атпай жолубузду андан ары уладык. Жол аябай татаал болду, күндүн көзү көрүнбөй, жамгыр тынган жок.

Көк-Дөбө жайлоосунан бир күндүк жол жүрүп, Манак жайлоосуна келдик. Мен дароо эле ал жердеги үңкүрлөрдүү сураштырып, сүрөткө тартып алдым. Азамат болсо туризм тармагына кызыккандыктан жолду катар жайлоо турмушун, жаратылыштын кооздугун сүрөткө алып жатты. Ал күнү Манак жайлоосундагы боз үйдө мейман болуп калдык. Эрте менен адаттагыдай эле жолубузду уладык.

Жолду катар тынымсыз жааган жамгыр, көз байлаган туман, жырткычтардын кол салуу коркунучу саякатыбызды бир жагы азаптуу кылса, бир жагы кызыктуу кылды

Сүрөттүн булагы, Исламидин Нурдинов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жол аябай татаал болду, күндүн көзү көрүнбөй, жамгыр тынган жок

Мындан аркы жолубуз аябай татаал болду. 25-30 кг жүгүбүз менен 4200 м бийиктиктеги ашууну багындыруу оңойго турган жок. Жолду катар тынымсыз жааган жамгыр, көз байлаган туман, жырткычтардын кол салуу коркунучу саякатыбызды бир жагы азаптуу кылса, бир жагы кызыктуу кылды. Ашууларды биринин артынан бирин ашып отуруп, акыры кечке маал көздөгөн жерибизге да жеттик. Саякатыбыздын акыркы чекити болгон Шаркырама жайлоосунда бизди Кенжебай аке тосуп алды. Ал жерде эс алып алгандан кийин эртеси жүктөрүбүздү боз үйгө таштап коюп, жайлоонун жогору жагындагы Ак-Бай тоосуна жөнөп кеттик.

Бизге Кенжебай акенин уулу жол көрсөттү. Ак-Бай тоосуна чыгып баргандан кийин дем алып отура кеткенбиз. Капысынан эле Азамат мөңгүнүн үстүндө ойноп жаткан илбирстин баласын көрүп калды. Биз дароо эле аны сүрөткө тартып алуу үчүн илбирске жакындаганга аракет кылдык. Бирок ал бизди байкап калып, зуу койду.

Дагы башка жаныбардарды көрүп калабызбы деген үмүт менен тоонун айланасын жакшылап карай баштадык. Бирок жандуу нерсе көзгө урунбады. Ошол маалда капысынан эле тоодон төмөн карай кеткен белдин үстүнөн байыркы доорлорго таандык кургандарды (адам көмүлгөн жай) байкап калдым. Кургандарды дароо шериктериме айтып, сүрөткө тартып алдык. Эми илбирстин изин куубастан, кургандарды издеп жөнөдүк.

Бул табылга мени аябай кубандырды. Ал кездеги сүйүнүчүмү сөз менен айтып жеткире албайм

Сүрөттүн булагы, Исламидин Нурдинов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул табылга мени аябай кубандырды. Ал кездеги сүйүнүчүмү сөз менен айтып жеткире албайм

Жыйынтыгында бир нече курган таптык. Ал жерди дыкат карап чыгып, жайлоого кайта баштадык. Жолдо келе жатканда чоң таш бетиндеги петроглифтерди көрүп калдым. Шериктерими чакырып, аларга табылгамы көргөзүп, аны да дароо сүрөткө тартып алдык. Бул табылга мени аябай кубандырды. Ал кездеги сүйүнүчүмү сөз менен айтып жеткире албайм. Петроглифтерди башта китептерден, телевизор, интернеттен эле көрчүбүз. Эми аларды жанынан көрүп тургандыктан аябай таасирлендик.

Жакага түшүп келип, көргөндөрүбүздү жайлоодогуларга айтып берсек алар андай таштардын ашуунун ары жагында да бар экенин айтышты. Бирок ал жака барбастан ушунчасына эле канааттанып, айылга кайттык. Айылга келерибиз менен бул табылгалар жөнүндө интернеттеги баракчаларыбызга бөлүштүк. Бул маалыматтар элдердин кызыгуусун жаратты. Азамат экөөбүздүн саякатыбыз ушундайча жемиштүү аяктады.

байыркы доорлорго таандык кургандарды (адам көмүлгөн жай)

Сүрөттүн булагы, Исламидин Нурдинов

Мен муну менен эле токтоп калбастан, айыл элинен сураштырып толук маалымат алгандан кийин, досум Максатбек уулу Санжар экөөбүз дагы саякатка чыктык. Жайлоодогулар айткан ашууну ашып өтүп, аябагандай көп петроглифтерди көрдүк. Петроглифтер менен кошо бул саякатыбызда мөңгү сууларынан пайда болгон Көк-Көл көлүн да таап алдык.

мөңгүдөн түшкөн суудан пайда болгон көл

Сүрөттүн булагы, Исламидин Нурдинов

Көлдү, петроглифтерди сүрөткө тартып алып, айылга кайтып келерибиз менен эле бул жөнүндө да интернеттеги баракчаларыбызга жаздык. Петроглифтердин сүрөтүн Бишкектеги агайым профессор, археолог Кубатбек Табалдиевге жөнөтүп, алар жөнүндө сураганымда, агай алардын уникалдуу экендигин айтып, ал жерде изилдөө иштерин жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Ошол күндөн тарта агайдын тапшырмасы менен күн сайын петроглифтер жайгашкан жерге барып, алардын санын тактап, атайын топторго бөлүштүрүп изилдей баштадым. Петроглифтер менен катар эле ал жерден кургандар да табылды. Аймакты дыкат изилдегенден кийин ал жердин байыркы адамдардын түшүнгүндө ыйык жер болгондугу боюнча жыйынтыка келдим. Себеби, мындай бийик жерде жашоо аябай кыйын болгон. Жылдын белгилүү бир убагында гана көлдүн аймагына келип ырым-жырымдарды аткарып кете турган байыркы адамдардын "храмы" болгон. Бул эстеликтер туурасында терең изилдөөнүн натыйжасында алардын илимге "Мурдаш-Башы эстеликтери" деген ат менен киргендигин билдим. Тарыхчылар бул эстеликтер жөнүндө кыскача маалымат берүү менен гана чектелишиптир. Кеңири изилдөө жүргөн эмес экен. Ошондуктан бул жерде комплекстүү изилдөө жүргүзүүнү пландап жатканбыз.

Кезектеги ал жерге болгон жүрүшүмдө белгисиз адамдар тарабынан атайын техникалар менен жаңы ачылып жаткан көмүр кенине жол салынып жаткандыгын көрүп калдым

Сүрөттүн булагы, Исламидин Нурдинов

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кезектеги ал жерге болгон жүрүшүмдө белгисиз адамдар тарабынан атайын техникалар менен жаңы ачылып жаткан көмүр кенине жол салынып жаткандыгын көрүп калдым

Кезектеги ал жерге болгон жүрүшүмдө белгисиз адамдар тарабынан атайын техникалар менен жаңы ачылып жаткан көмүр кенине жол салынып жаткандыгын көрүп калдым. Аларга тарыхий эстеликтер бар экенин айтып, түшүндүрүүгө аракет кылдым. Алар тарыхый эстеликтерди тийбей турганын, башка жака жол салып жатышкандыктарын айтышты. Бирок алардын айтканынын жалган экендигин үч күн өткөндөн кийин барып күбө болдум. Эстеликтердин көбүн бүлүндүрүп, аларды аралап жол салып келе жатышкан экен.

Айылга дароо кайтып келип, агайыма окуяны айтып бердим. Ал мага дароо билдирүү жазуумду айтып, ага өзүнүн өзүнүн билдирүүсүн тиркеп маданият министрлигине жөнөттү. Андан сырткары аталган министрликтин электрондук дарегине, "Фейсбуктагы" баракчасына, министрдин өзүнө билдирүү жибердим. Бирок эч кандай кыймыл болгон жок. Эстеликтердин толук талкаланып жок болушун алдын алуу үчүн, талкаланышы мүмкүн болгон петроглифтердин көчүрмөлөрүн жасап чыктым. Бирок мен жетишпей калган эстеликтер да болушу мүмкүн. Арадан 15-20 күн өткөн соң Азамат Оштон белгилүү сүрөтчү Зафер Динчерди жана ишкер Улан Алымкановдор менен келип калышты. Аларга тарыхий эстеликтер жөнүндө айтып бериш үчүн кошулуп алдым. Барганыбызда кенчилер жолду аяктап ишке киришкени жатышкан экен.

Зафер жана Улан байкелер абалды көрүп туруп, бул жөнүндө кайрылуу жасоону туура көрүштү. Мен да ал жердеги абал тууралуу кайрылуу жасадым. Эртеси интернетте бул кайрылуулар чуу жаратып, өлкөбүздөгү дээрлик баардык сайттар жазып чыгышты. Сайттардан сырткары белгилүү адамдарда ой-пикирлерин айтып, министрликтин реакция кылышын талап кылып жатышты. Министрлик да кыймылга келип, кенчилердин иши убактылуу токтотулду. Азыр Маданият министрлигинин атайын комиссиясын күтүп жатабыз алар акыркы чекитти коюшат. Мындай баалуу эстеликтердин талкаланышы ата-бабалардын мурасына болгон кыянатчылык деп эсептейм. Байыркы эстеликтерге болгон бул сыяктуу кайдыгер мамиле зээнди кейитет. Досум экөөбүздүн саякатыбыз ушундай окуялар менен коштолду. Эми алдыда биз бул эстеликтерде катылган сырларды чечмелешибиз керек...

Исламидин Нурдинов, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 2-курсунун студенти

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.