Археологиялык изилдөө: викингдер кимдер?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Викингдер кимдер? Бул тууралуу сиздин элестөөңүздө эр жүрөк деңиз саякатчысы, таш боор баскынчы, кош мүйүздүү туулга кийген, колунда айбалта көтөргөн жоокер көз алдыңызга тартылат. Албетте, дагы аны скандинав болгон деп билебиз: сары чачтуу, көк көздүү, куба жүздүү.
Бирок мындай эмес дейт археологдор. Окумуштуулар Европанын ар кайсыл жеринен табылган 400 викингдин сөөгүнө генетикалык анализ жүргүзүп, алардын көбү эч кандай скандинав болбогонун ырастап жатат.
"Тарых тууралуу окуу китептерин кайра жазып чыгууга убакыт келген. Викингдер биз кабылдап жүргөндөй эмес, такыр эле башка болуп чыкты",-дейт изилдөөнү жетектеген эволюциялык генетика боюнча даниялык адис Эске Виллерслев.
VIII кылымдын соңунан XI кылымдын орто ченине чейинки доорго таандык болгон Скандинавия, Ирландия, Исландия, Гренландия, Орусия, Британияда табылган сөөктөрдүн (эркектер, аялдар, балдар да бар) ДНК анализи көрсөткөндөй, викингдердин канынан түштүк европалык, британдык гендер көп чыккан.

Сүрөттүн булагы, dorsetcountycouncil
"Ошондуктан блондин викингдер жөнүндө унуткула,-дейт Виллерслев, - Көпчүлүгүнүн чачтары күрөң, ал тургай кара чачтуу болушкан. Ал тургай айрымдары кара-тору болгон".
Азыркы маалда Улуу Британия калкынын 6 пайызынан, шведдердин 10 пайызынан викингдердин ДНКсын табууга мүмкүн. Жаңы изилдөө викингдер кайсыл бир этникалык топко тиешелүү болгон эмес деп эсептейт. Викингдердин өз жашоо оборазы болгон деп айтууда.
Маселен, Шотландиядан табылган викингдердин көрүстөнүндөгү сөөктөрдө этникалык жаткан скандинавдарга таптакыр тиешеси жоктору бар. Бирок алар деле кадимки викингдер болушкан.









