Археологиялык изилдөө: Стоунхендждеги чоң таштар 25 чакырымдан алып келинген

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Англиянын археологдору Стоунхендждеги айланта тизилген килейген таштардын кайдан келип чыкканын аныкташты.
Геохимиялык изилдөөлөр чоң таштар Уэст-Вудс деп аталган андан 25 километр алыстыктагы жерден алынып келингенин көрсөттү. Бир гана салмагы отуз тоннага жеткен мындай чоң таштарды байыркы британдыктар кантип алып келгени түшүнүксүз.
Англия түштүгүндөгү Солсбери түздүгүндө Стоунхенждеги тикесинен айланта тизилип турган килейген таштар канча бир доордон бери тарыхчыларды туюкка камап келди. Сарсен таштары деп белгилүү болгон таштардын мегалиттик курулушу мындан төрт миң жыл мурда неолит доорунда курулган. Бирөөсүнүн бийиктиги 9 метр жана салмагы отуз тоннадан ашат. Археологдор мындай көгүлтүр таштардын мекени ЮНЕСКОдо катталган Уеэльстен 200 км аралыктагы байыркы карьерлер экенин жакшы билет. Бирок ар кандай теорияларга карабастан, сарсен мегалиттери кайдан пайда болгонун эч ким биле алган эмес.

Сүрөттүн булагы, Dorling Kindersley
Анын жандырмагы күтүүсүз келди, эки жыл мурда Флоридадан күтүүсүз белек болду. Роберт Филиппс Стоундхенджде 1050-жылдардын аягында реставрациялык долбоорлордо иштеген. Бир жолу кулап калган таштардын бирин изилдеп жатып, адистер анын сынганын көрүшкөн. Ташты тешип, металл менен байлап таңышкан. Жумушчулар ташты көзөп атканда анын бирөөсүнүн сыныгын Филипп мырза сувенир катары өзүнө алып койгон. Бул ташты жоголуп кетти деп ойлошкон. Мистер Филиппс АКШга көчүп кетип, пенсияга чыгып, ошондон кийин аны кайтарып берүүнү чечкен. Бул таш окумуштууларга таштын геохимиялык курамын так аныктоого жардам берди.
Тарыхый эстеликти коргоо үчүн анын жаңы үлгүлөрүн изилдөөгө уруксат берилген эмес. Изилдөөчүлөр бул жердеги сарсендер андан түндүккө карай 25 км аралыктагы Мальборо дөңсөөлөрүнөн алынып келинген деп аныкташты. Стоунхенди англиялык мурас катары сактоого көп аракет көргөн тарыхчы бул ачылышты чыныгы жүрөк эргитүү деп атады. Сьюзен Грининин айтымында, бул ачылыш кубаттуу таштарды биринчи көтөргөн адамдардын колдонгон маршрутун түшүнүүгө жардам берет. Соңку изилдөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу профессор Дэвид Нэш көп жылдардан бери талаш-тартышка чекит коюуга жардам бергени үчүн Роберт Филипстин үй-бүлөсүнө ыраазылык билдирди. Филипс мырзанын өзү ушул жылдын башында каза болгон экен.









