Британдык окумуштуулар 3000 жыл мурда өлгөн кечилдин үнүн угушту

Несямундун мумиясын магниттик-резонанстык томографка салып сканерлешти.

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Несямундун мумиясын магниттик-резонанстык томографка салып сканерлешти.

Окумуштуулар жасалма үн аппараты менен египеттик кечилдин мумиясынын үнүн чыгарып, угуп көрүштү.

Несямундун үнү үндүү тыбыш болуп угулду жана койдун маараганына окшошуп кетет.

Бул кечил Рамзес XI башкарган доордо жашаган, бул болжол менен биздин заманга чейинки 1009-1069-жылдар.

Несямун Фивахта динаятчы болуп кызмат кылган, диний ырым-жырымдарды аткаруу үчүн анын үнү катуу чыгышы керек болгон.

Несямун өлгөндөн кийин анын үнү өчтү, бирок үч миң жылдан кийин окумуштуулардын аракети менен анын үнү кайра угулду.

Алар 3D-принтерде үн аппаратын жасап, Несямундун сүйлөө трактын алып, аны магниттик-резонанс томографынын жардамы менен сканерден өткөрүштү.

Сүйлөө трактыны кекиртектин жасалма добушу менен пайдаланып, алар үндүү тыбышты Несямун сүйлөгөндөй кылып синтездеп көрүштү.

Бул өлгөн адамдын үнүн жасалма каражаттар менен кайра чыгарган биринчи эксперимент. Келечекте окумуштуулар компьютердик моделдерди пайдаланып, Несямундун үнү менен бүтүндөй сүйлөмдөрдү угузууга болорун айтып жатышат.

Несямундун сүйлөө трактын 3D принтер менен жасап чыгышты

Сүрөттүн булагы, SCIENTIFIC REPORTS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Несямундун сүйлөө трактын 3D принтер менен жасап чыгышты

Лондон университетинин алдындагы Холлоуэй королдук коллежинин, Йорк университетинин жана Лидс музейинин окумуштууларынын изилдөөсүнүн натыйжалары Scientific Reports журналына жарыяланды.

Үндү чыгаруу ыкмасы "эчак өлгөн адамдын үнүн укканга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди" деп айтты Би-Би-Сиге изилдөөчүлөрдүн бири, археология окутуучусу Джоан Флетчер.

Анын айтымында, Несямун өлөрдүн алдында өзүнүн үнүн ал өлгөндөн кийин да эл укса деген тилеги болгон экен.

"Саркофакта анын бул тилеги жазылган. Кайсы бир деңгээлде биз анын тилегин аткардык",-деди Флетчер. (КС)