Журналист Канышай Мамыркулованын сотунда активист Атай Бейшенбек көрсөтмө берди

18-декабрда Бишкек шаардык соту кезектеги жараянда эркин журналист Канышай Мамыркулованын апелляциялык доо арызын карады. Бул жолку отурумда активист Атай Бейшенбек күбө катары чакырылып, көрсөтмө берди.
Адвокат Нурбек Сыдыков Атай Бейшенбектен: “Ушул публикациялар сизге таандык болсо, аларды сиз качан жайгаштырдыңыз эле, кайсы жерге жайгаштырдыңыз эле?“ деп сурады сотто.
Атай Бейшенбек буга мындайча жооп берди: “2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон окуяда. Бул бир гана публикация эмес. Мындан башка да бир нече публикацияларды, ошол учурдагы жагдайга байланыштуу таратып, уюштуруп, чет тилдерге которуп, чет элдик массалык маалымат каражаттарына да айтканбыз.”
Маалыматтарда 2022-жылы чек арага байланыштуу жаңжал чыккан кезде жарыяланган посттордун бирин Мамыркулова бөлүшкөн. Ага кылмыш ишин козгоодо бөлүшкөн посттору да негиз болгону айтылат.
18-декабрда Мамыркулованын жактоочулары сотко кошумча күбөлөрдү суракка чакырууну өтүнүштү жана лингвисттик эксперт келбей калгандыктан отурумду кийинкиге жылдырууну суранды.
Сот өтүнүчтү канааттандырып, ишти кароону 19-январь күнү саат 11:00го жылдырды.
"Жактоочу тарап дагы бир нече күбөнүн көрсөтмөсүн угууну соттон суранды. Кийинки отурумда алар келе турган болду. Убагында кандай билдирүү жана кайсыл убакта чыгарды эле? Ошол боюнча көрсөтмө беришет",- деди Мамыркулованын жактоочусу Нурбек Сыдыков.
3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратуу жана төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында кармалган журналист сот залынан бошотулган. Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө макул болбой, шаардык сотко арыз берген.
Эркин журналисттин жактоочулары ага карата чыккан өкүм адилетсиз болуп калганын, себеби күнөөсү далилденбегенин айтып келет.
Журналистке Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырык" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Жергиликтүү журналисттер жана эл аралык уюмдар пикир үчүн жазалоо туура эмес экенин айтышып, кыргыз бийлигин Канышай Мамыркуловага козголгон ишти токтотууга чакырышкан.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин "Алиби" гезитинде, "Сентябрь" телеканалында жана "Говори ТВ" медиасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.












