"Саясий оюндар менен алектенүүгө жол берилбейт". Жапаров саясий интрига, өкүл бала, кудаларды кызматка койбоо тууралуу айтты

Сүрөттүн булагы, Official
Бүгүн, 27-февралда "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана жакынкы жылдарга карата пландары боюнча республикалык кеңешме өттү. Анда мамлекет башчысы саясий интригаларга жол бербөө жана ишкерлерге басым кысымды токтотуу талабын койду. Бул 10-февралдан бери бир катар жогорку кызмат адамдары отставкага кеткенден берки Президенттик администрациядагы биринчи ири жыйын. Башкача айтканда, Жапаров-Ташиевдин бийликтеги беш жылдык тандеми ыдырагандан кийинки чоң жыйын десе болот.
Кыргызстан ички жана тышкы инвесторлор үчүн ар дайым ачык экенин белгилеген Садыр Жапаров өлкө экономикасына каражат, технология жана билим алып келем дегендерге мамлекет тарабынан жагымдуу шарттар түзүлө турганын билдирди. Ишкерлерди текшерүүлөргө мораторий киргизилип, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлгөнүн эске салды.
"Мына ушундай инвестициялык жагымдуу шарттар түзүлүп жаткан маалда ишкерлерге кандайдыр бир негизсиз басым-кысым көрсөтүүгө жол берилбей турганын дагы бир жолу эскерте кетейин. Республикалык кеңешмеде отурган бардык укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнө алдын ала дагы бир жолу кайрылам: ак ниет иштеген, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон бизнес ар тараптан корголушу керек. Бизнесмен коркуу чөйрөсүндө, басым – кысым шартында иштеген жерде экономикалык өсүш токтойт. Бул албетте, мамлекетке, элге, эң ириде бардык жоопкерчиликти моюнга алган бизге залакасы тийет", - деди Садыр Жапаров.
Саясий интригалар өнүгүүнү артка тартып, элдин ишенимин кетирерин айткан Жапаров, ар бир кызматкерди өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөдү. Ошондой эле ал кадр маселесиндеги тааныш-билиштик жана тууганчылык маселесине токтолуп, жумушка алууда мындай көрүнүштөр аныкталса, жетекчилер жазаланарын айтты.
"Кеңешменин урматтуу катышуучулары, баарыбыз өзгөрүлгүс бир чындыкты моюндашыбыз керек. Ал ар бир бийлик органынын, ар бир түзүмдүн жана ар бир жетекчинин бир эле максаты – элге жана мамлекетке ак кызмат кылуу. Бийликтин эч бир бутагы саясий оюндар, жеке кысым көрсөтүү, же өз көз карашын таңуулоо үчүн түзүлгөн эмес. Саясий оюндар менен алектенүүгө жол берилбейт. Анткени, ал башаламандыкка, сенектикке, чыр-чатакка жана элдин ишенимин жоготууга алып келет...
Мына ушул жерден мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине да койо турган талабым бар. Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда өкүл балам, жээним, таякем, кудам, аяш үкөм же жердешим жана башка деген сыяктуу мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек. Эгерде ушундай мыйзамсыз учурлар, жагымсыз жагдайлар, адилетсиз көрүнүштөр аныкталса, мыкты жетекчи экениңерге карабай, тиешелүү жазаңарды аласыңар", - деди Жапаров.
Беш жылдагы иштер да саналды
Ошондой эле Садыр Жапаров кеңешмеде ал бийликке келген беш жыл ичиндеги экономикалык жетишкендиктер, чек аралардын чечилиши, коррупцияга каршы күрөш, мамлекеттик саясат жана башка темалар тууралуу сөз калды.
Президенттин айтымында, 2020-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 8,3 миллиард АКШ долларын түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 22,6 миллиард АКШ долларынан ашып, экономиканын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөн.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Салык беш жыл ичинде болжол менен төрт эсеге, бажы төлөмдөрү алты эсеге, салыктык эмес кирешелер дээрлик тогуз эсеге өстү. Консолидацияланган бюджет 2021-жылы 313 миллиард сом болсо, 2025-жылы 1 триллион 100 миллиард сомдон ашты, бул 3,5 эселик өсүү дегенди билдирет. Бул биздин тарыхта мурда болуп көрбөгөн көрсөткүчтөр. Биз көп жылдар бою "көмүскө схемалар" өкүм сүрүп келген тармактарды тартипке келтирдик», - деди мамлекет башчысы.
Ал акыркы төрт жылда реалдуу экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2 пайызды түзгөнүн, Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан ички дүң продукциянын (ИДПнын) реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдө алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин белгиледи. Кыргызстандын эл аралык резервдери өлкө тарыхында биринчи жолу 10 миллиард АКШ долларынан ашканын кошумчалады.
«2021–2025-жылдары "Кумтөрдүн" өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 115 миллион долларды же 440 миллиард сомдон ашык каражатты түздү. Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 миллиард 176 миллион доллар же 100 миллиард сомдон ашык акча каражаты түштү. Мындан тышкары, акыркы төрт жылда мамлекет 441 миллион доллар же 38 миллиард сомдон ашык дивиденд алды».
Жапаровдун айтымында, 1994-2021-жылдар аралыгында Кыргызстан "Кумтөрдөн" болгону 100 миллион доллар дивиденд алган.
Тандем ыдырагандан кийинки чоң жыйын
Бул Жапаров-Ташиевдин бийликтеги беш жылдык тандеми ыдырап, бийликте бир катар жогорку кызмат адамдары кеткенден берки Президенттик администрациядагы биринчи жолку мындай ири жыйын.
Президент Садыр Жапаров 10-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордунан бошотулган.
Андан кийин да бир катар мамлекеттик кызматкер иштен алынды же өз эрки менен отставкага кетти.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана башкалар иштен кеткен.
Бул арада ишкерлерге басым-кысым көрсөткөн деген негизде бир катар мурдагы УКМК кызматкерлери камакка алынды. Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, УКМК кызматкерлеринин үстүнөн 500дөй арыз түшкөнүн билдирген. Бирок Башкы прокуратура бул санды ырастаган жок. Анткен менен Аскердик прокуратура тарабынан УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.
































