ЖАМК: камактагы дизайнер Эрнис Жээнтаевге апасынын тажыясына барууга уруксат берилди

Сүрөттүн булагы, social media
Фейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Эрнис Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына барууга уруксат берилди. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан Би-би-сиге билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, учурда кагаз иштери даярдалууда. Алар бүтөр менен мекеменин кызматкерлеринин коштоосунда Эрнис Жээнтаевге үйүнө барууга уруксат берилет.
Ага чейин Жээнтаевдин адвокаты Нурбек Сыдыков бул маалыматты ырастап, президенттик администрациядан ушундай тапшырма берилгени тууралуу Би-би-сиге айтып берген.
27-февралга караган түнү Эрнис Жээнтаевдин 66 жаштагы апасы узак оорудан улам көз жумду.
"1960-жылы Түп районунда туулган, 2018-жылдан бери кайненем Паркинсон оорусу менен ооруйт эле. Соңку эки-үч жылдан бери катуу ооруп Бишкекте чогуу турчубуз. Биз карачубуз да. Уулунун камалганын билбейт болчу. Төшөктө жатканына үч жылдай болуп калган. Жүрөгү кармабасын деп ага Эрнистин камалганын айткан эмеспиз. Билбей өтүп кетти. Жумуштары менен жүрөт деп айтып коюп аттык. Бирок эне жүрөгү сезсе керек"- деди камалган активисттин жубайы Гүлниза Би-би-сиге.
Буга чейин Жээнтаевдин бир тууган иниси Эрик Жээнтаев президенттен агасына ырайым кылып, камактан убактылуу чыгарып, апасынын тажыясына катышууга мүмкүндүк берүүнү өтүнгөн эле.
Бийликтин сындаган курч посттору менен белгилүү Эрнис Жээнтаев былтыр ноябрдан тарта коомдук тармактарда активдүү болбой калган.
Коомчулукка анын камалып, соттолгону тууралуу 13-февралда ага карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмү чыккандан кийин белгилүү болду. Сот аны алты жылга эркинен ажыратууну чечим кылган.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгону белгилүү болду.
Анын жактоочулары кийинки инстанцияга апелляциялык арыз даярдап жатышат. Бирок Жээнтаевдин адвокаты Нурбек Сыдыков биринчи инстанциядагы сот анын кардарына тийиштүү документтерди колго берүүнү кечеңдетип жатканын айтууда.
Эрнис Жээнтаевдин апасынын тажыясы Ысык-Көл районунун Темир айылында 28-февралда өтөт.
































