"Биз эч убакта санкцияны бузган эмеспиз". Министр Жээнбек Кулубаев Би-Би-Сиге маек курду

Видеонун түшүндүрмөсү, Кыргызстандын башкы дипломаты Жээнбек Кулубаевдин Би-Би-Сиге маегинин видео версиясы.
    • Author, Кубат Касымбеков
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Лондондогу сапары маалында Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип, 5+1 форматындагы сүйлөшүүлөрдүн мааниси, Улуу Британия менен саясий диалог, санкциялар жана Украинадагы согуш тууралуу учкай пикири менен бөлүштү.

- Жээнбек мырза, Лондондо Улуу Британия менен Борбор Азиянын тышкы иштер министрлеринин биринчи жыйыны өттү. Ушул жыйындын Кыргызстан үчүн, чөлкөм үчүн мааниси кандай?

- Бул эң жакшы жыйын болуп жатат. Бизде "Борбор Азия+" деген форматтар бар. Бүгүн "Борбор Азия-Улуу Британия" форматында тышкы иштер министрлери жолугуп жатабыз. Абдан жакшы сүйлөшүү болду. Борбор Азиядагы учурдагы өзгөрүүлөрдү көрүп жатышат. Экономикалык өсүш, транзиттик мүмкүнчүлүктөр бар. Элдин потенциалы өсүп жатат. Ошондуктан булар кызыгып, Улуу Британия менен Борбор Азия кандай кызматташабыз деген суроого көңүл бурулду.

Негизи азыр конфликттин убагында көптөгөн кыйынчылыктар да болуп жатат да. Коридорлор жабык. Ошонун баарын бүгүн шашпай отуруп сүйлөштүк. Азыр да эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүп жатабыз.

Биринчиден, Кыргызстан үчүн биз өзүбүздү Улуу Британияга жакшылап тааныштырышыбыз керек. Биз көз карандысыз мамлекет болгондон берки 35 жыл аралыгында чоң деңгээлдеги алака-катыш аз. 2024-жылы Британиянын тышкы иштер министри Кэмерон мырза келип кеткен. Келип, эки тараптуу кызматташык боюнча бир топ документтерге кол коюп, сүйлөшүп келгенбиз. Бирок министрлер алмашып кеткендиктен бул иштер да кичине акырындап калды. Ошондуктан биз баарын сүйлөшүп жатабыз.

Биринчиден, бизде саясий диалог дайыма болуп турушу керек. Эми Улуу Британия – бул чоң мамлекет, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бири. Ошондуктан булар менен бизде саясий диалог болушу керек. Булар менен кызматташуу жөнүндө сүйлөшүш керек.

Андан тышкары эки мамлекеттик ортосунда соода-сатыкты кантип өнүктүрө алабыз деген маселе турат. Былтыр биз евробонддорду киргиздик да. Быйыл да киргизебиз. Бул финансы борбору болгондуктан, бул чоң механизм.

Андан тышкары булар согуш болуп жаткан учурда Борбор Азияга кандай жардам бере алабыз, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кантип кеңейтебиз дегенге кызыгып жатышат. Ушул жөнүндө кенен сүйлөштүк.

Борбор Азия менен Британиянын тышкы иштер министрлери Лондон шаарындагы Ланкастер үйүндө, 26-февраль 2026-жыл.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Борбор Азия менен Британиянын тышкы иштер министрлери Лондон шаарындагы Ланкастер үйүндө, 26-февраль 2026-жыл.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

- Ушул жолугушуулардын жыйынтыгында конкреттүү келишимдер, макулдашуулар болот деп күтсө болобу?

- Бир жолукканда эле бардык документтерге кол кое албайсың да. Биринчиден, эки министр биринчи жолу таанышып, сүйлөшүп жатабыз. Экинчиден, мен Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү түшүндүрүп бердим. Кандай өзгөрүү, өсүш болуп жатат? Эл аралык проблематикалар боюнча биздин позициябыз кандай? Күн тартибинде биз эмне суроолорду көтөрүп жатабыз? Кыргызстандын келечекте кандай ойлору бар? Ошону түшүндүрүп берип жатам. Булар дагы абдан кызыгып угуп жатышат.

Ошондуктан биз саясий диалогду жогорку деңгээлге коюшубуз керек. Саясий диалог болгондон кийин соода-сатык да акырындап өзү келе берет. Мисалы кечээ (ред. 25-февраль) эки тараптуу бизнес-форумга катыштым. Ал жакта Кыргызстан жөнүндө айтып бердим. Британиялык компаниялар абдан кызыгып жатышат. Анткени Борбор Азияда экономикасы бат өсүп жаткан өлкө - бул Кыргызстан болуп жатат. Суу ресурсун колдонуу, ГЭСтерди куруу, күн жана шамал энергиясын алуу боюнча, транзиттик хабдарды куруу маселеси буларга кызык болуп жатат. Ошондуктан мен ойлом жатам, саясий диалог туруктуу болсо, анан башка соода-сатык, инвестиция акырындап келе баштайт.

- Балким британ ишкерлери инвестиция салууга кызыкдар деген ойду ишарат кылдыңыз. Кыргызстандын өкмөтү ушул инвестициялар корголот, ишкерлердин укуктары сакталат деп убада бере алабы?

- Кыргызстан өкмөтү, президент баш болуп, баарыбыз инвесторлорго, ишкерлерге Кыргызстанда болгон эң ыңгайлуу шартты түзүп берели деп жатабыз да. Ошондуктан мен кечээ мыйзамдар кандай өзгөрүп жатканын, өкмөт кандай шарттарды түзүп жатканын айтып бердим. Азыр Кыргызстанда ар бир келген инвесторго эң сонун шарттар бар.

Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Би-Би-Си журналисти Кубат Касымбековдун суроолоруна жооп берүүдө, 26-февраль 2026-жыл.

Сүрөттүн булагы, BBC / Ibrat Safo

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Би-Би-Си Кыргыз кызматынын редактору Кубат Касымбековдун суроолоруна жооп берүүдө, 26-февраль 2026-жыл.

- Лондондогу бүгүнкү жыйындын ачылышында британ тышкы иштер министри Иветт Купер "глобалдык шарттар" өзгөрүп жатканын айтып өттү. Ушундай шартта Кыргызстан С5+1 форматындагы ушул сыяктуу жолугушууларда эмнени дүйнөгө жеткиргиси келет? Кандай кызматташтыкты дүйнөгө, дүйнөлүк державаларга сунуштагысы келет?

- Биз көп векторлуу, көз карандысыз тышкы саясатыбызды жүргүзүп жатабыз деп айтып жатпайбызбы. Бул эмнени билдирет? Биз өзүбүздүн оюбузду түз айта алабыз. Биз өзүбүз ойлогон ишти алдыга жылдыра алабыз. Ошондуктан биз азыр Улуу Британия сыяктуу чоң-чоң өнөктөштөр менен иштегенде: "Биз менен сүйлөшсөңөр, биз сөзүбүзгө турабыз. Айтканды жасайбыз. Ошого жараша силер да бизге мамиле кылгыла", -деп айтып жатабыз.

Анткени булар ресурсу аз, мунай-газы жок дегендей ойлоп жатышат да. Биз "бизде газ менен нефти жок болсо да, элдин потенциалы абдан күчтүү" деп айтып жатабыз.

Бизде IT технология катуу өнүгүп жатат. Мисалы биз былтыр IT боюнча 250 миллион долларга продукция саттык. Буларга жаңылык болуп жатат. Ошондуктан "биздин жаштарды окуталы, жаңы технологияларга жакындаталы" деп жатабыз. Экономика, технология боюнча жаңы моданы ушул жакта жасашат да. Ошондуктан "жаштарды англисче окуталы, жакшы-жакшы университеттерде окуталы, Кыргызстандын жаштарынын потенциалын колдонолу" деп айтып жатабыз. Ошондуктан бизде азыр мүмкүнчүлүктөр чоң.

Андан тышкары Азия менен Европа мамлекеттерине көпүрө болуп берели деп айтып жатабыз. Анткени бизде азыр транзиттик мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Буюрса, үч-беш жылда темир жол (ред. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан) бүткөндөн кийин булардын бизге көз карашы толук өзгөрөт. Ошондуктан биз "келечегибиз чоң, биз менен иштешкиле" деп айтып жатабыз.

- Лондондогу сапарыңызга чейин Женевада, ага чейин Берлинде да бир топ жолугушууларды өткөрдүңүз. Ал жолугушууларда санкция маселеси боюнча пикириңизди билдирдиңиз. Батыш мамлекеттери Борбор Азия өлкөлөрүн Орусиянын санкцияларды буйтап өтүшүнө жол бербөөгө чакырып келет. Британия да Кыргызстандагы айрым банктарга санкция салган. Ушул маселеде Кыргызстандын позициясын бизге так кесе айтып бересизби?

- Биздин позициябыз так жана таза. Анткени мен Германиядагы жолугушууларда да, Швейцарияда жүргөндө да көп мамлекеттердин жетекчилери, министрлери менен кездешип, сүйлөштүм. Кечээ британ парламентинде да, бүгүн бул жакта министрге да айтып жатам. Кыргызстан эч качан өзүнүн эл аралык убадаларын өзгөртпөйт. Биз сөзүбүзгө турабыз. Биз эч убакта санкцияларды буйтап өтүүгө уруксат бербейбиз.

Бирок буларда "соода-сатыктын статистикасы абдан өсүп кетти" деген кээ бир шектенүүлөр болуп жатат да. Булардын жүйөсү кандай? Эстония менен Кыргызстандын ортосундагы мурунку сооданын көлөмү 1,5 миллион (доллар) экен. Анан биз ал жактан товар сатып алганда 12 миллионго көбөйүптүр. Ошондо эсептеп көрбөйсүзбү. Миң пайыздан өйдө кетип жатат да. Азыркы өсүштү эске алганда 12 миллион деген тамчы да. Мен ошонун баарын түшүндүрүп айтып бердим.

Анткени биз азыр экономика өсүп жатканда Батыш мамлекеттеринин технологияларына көз карандыбыз. Биз алар кирсин деп жатабыз. Ошондуктан биз алар менен соода-сатыкты өнүктүрүп, ошо алган технологияларды Кыргызстандын өзүндө колдонуп жатабыз. Биз эч кандай башка жакка реэкспорт кылган жокпуз. Ошондуктан санкция боюнча биздин убадабыз, позициябыз эң катуу. Биз эч убакта санкцияны бузган эмеспиз. Эч убакта бузбайбыз.

Бирок булардын ар кандай шектенүүлөрүнө: ""Эгерде ошондой эле так маалыматтар болсо, шектенүүлөр чын болсо, анда көз каранды эмес аудитти бизге жибергиле, биз бардык эшиктерди ачып берели, карайлы, андан кийин өзүңөр ойлонуп, өзүңөрдүн оюңарды айткыла", - деп жооп берип жатабыз. Булар болсо "макул" деп коет, бирок жиберишпейт. Сырттан келген статистиканы карап эле өздөрүнүн шектенүүсүн билдирип жатат.

Ошондуктан мен бүгүн министр (ред. британ) менен так сүйлөштүм. Кечээ парламентке барганда да так айтып бердим. Биз эч убакта санкцияны бузбайбыз, биз бардык Борбор Азия мамлекеттериндегидей эле иш-чараны жасап жатабыз, Украинадагы согуштун тез арада бүткөнү биз үчүн да, башка мамлекеттер үчүн да эң керек. Анткени азыр согуштун убагында, санкциянын убагында биздин экономикага булардын көптөгөн зыяны тийип жатат.

Ошондуктан мен айтат элем. Биз эл аралык милдеттемелерибизди дайым так аткарабыз.