Санкция коркунучу: Европа Биримдиги Бишкектен эмне күтөт?

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан Би-Би-Си Кыргыз кызматынын журналисти Ширин Акматбекованын суроолоруна жооп берүүдө.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан Би-Би-Си Кыргыз кызматынын журналисти Ширин Акматбекованын суроолоруна жооп берүүдө.
    • Author, Ширин Акматбекова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
    • Author, Руфат Эргешов
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын чабарманы Дэвид О'Салливан Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен Орусияга каршы киргизилген санкцияларды Кыргызстан аркылуу буйтоо жолдорун азайтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Би-Би-Сиге маек куруп, расмий Брюсселди кайсы жагдайлар тынчсыздандырып жатканын айтып берди.

- О'Салливан мырза, азыркы учурда Кыргызстан үчүн эң актуалдуу суроо - Евробиримдик алдыда кабыл ала турган санкциялардын 20-пакети. Айрым Батыш маалымат каражаттары Еврошаркет санкцияларды буйтап өтүүгө каршы атайын иштелип чыккан жаңы механизмин алгачкылардан болуп Кыргызстанга карата колдонуусу мүмкүн экенин билдиришти. Бул маалымат чындыкка канчалык дал келет?

- Санкциялардын 20-пакети алигиче Брюсселде талкууланууда. Ал пакетте камтылган чаралардын дээрлик бардыгы макулдашуудан өттү, бирок расмий түрдө кабыл алына элек. Ошондуктан мен бул маселе тууралуу толук маалымат бере албайм.

Бирок мен санкцияларды буйтап өтүүгө каршы колдонула турган механизм бизди эң түйшөлткөн маселелерди так чечүүгө мүмкүндүк берүү үчүн иштелип чыкканын айта алам. Мисалы биз бир өлкөдө Орусияга сатууга чектөө коюлган буюмдардын импорту кескин өсүп, ал товарлар дароо эле Орусияга реэкспорт болгонун байкаган учурда бул чараларды колдонуп, ал буюмдардын Орусияга жетпөөсүн камсыздай алабыз.

Албетте, эгер ушул санкцияларга кабылып калган өлкө мындай көрүнүштөрдүн кайталануусуна жол бербей турган административдик механизмдерди киргизсе, биз бул чечимди каалаган убакытта артка кайтара алабыз. Учурда орус армиясына керектүү продукциянын эки түрүн Кыргызстанга импорттоо жана аларды Орусияга кайра экспорттоо боюнча маселе бар. Мен кыргыз бийлигине ушул жагдайды түшүндүрүүгө келдим.

- Демек, сизде бул продукциялар согуш талаасында колдонулуп жатканына так далилдер бар?

- Ооба. Биз эки топтон турган товарлардын тизмеси бар. Алар согуш талаасында колдонулган же согуш үчүн колдонулган продукцияларды чыгарган буюмдар жана аскердик-өнөр жай комплексинин өндүрүшүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон товарлар. Ошол эле маалда айрым кош максаттагы буюмдар да бар. Мисалы радиоэлектроникалык каражаттар, татаал дрондорду жана ракеталарды өндүрүү үчүн аскердик-өнөр жай комплексине зарыл болгон компьютер менен башкарылуучу станоктор.

- Кыргыз бийлиги Кыргызстан бардык эрежелерге баш ийип, өзүнө алган милдеттенмелерин аткарып жатканын бир нече жолу айтып келген. Буга кошумча, алар Батыш өнөктөштөрүнөн, анын ичинде Европа Биримдигинен, ачык-айкындуулукту камсыз кылууну жана санкцияларды айланып өтүү үчүн Кыргызстанда колдонулган схемалар тууралуу далил берүүнү бир нече жолу суранышкан. Сиз бүгүн өкмөттүн жана Президенттин администрациясынын өкүлдөрү менен жолукканда ошол маалыматтарды бересизби?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

- Ооба. Биз бир нече ай мурун эле кыргыз бийлиги менен соода агымдары боюнча, импорт-экспорт көрсөткүчтөрү боюнча статистика менен бөлүшүп, мандеми бар тармактарды белгилеп кеткенбиз. Учурда Кыргызстан бул кырдаалды чечүү үчүн кандай кадам жасай алат деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Евробиримдик Кыргызстандын Орусия менен бекем мамиледе болгонун түшүнүп жатканын баса белгилеп кетейин. Биз Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода мамилелерине тоскоолдук жаратууну каалабайбыз. Бирок азыр орус аскерлери колдонуп жаткан санкцияланган европалык товарлар жөнүндө сөз болуп атат. Бизде ошол буюмдар Кыргызстан аркылуу Орусияга транзит менен өтүп жатканы тууралуу анык далилдер бар. Биз ушул транзитти токтотууну көздөйбүз.

- Президент Садыр Жапаров Батыш өлкөлөрүн, анын ичинде Европа өлкөлөрүн кош стандарттарды колдонуп жатат деп айыптаган. Ал БУУдагы сөзүндө Батыш өлкөлөрү өздөрү Орусия менен соода жүргүзүүнү улантып, ошол эле маалда Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөргө кысым көрсөтүп жатышканын айткан эле?

- Мен Европа Биримдиги боюнча жооп берейин. Биз Орусияга каршы көптөгөн санкцияларды киргиздик. Биз мурда Орусия менен жылына 260 миллиард еврого соода кылчубуз. Азыр болсо Орусия менен 60 миллиард евро соода кылабыз. Биз Орусия менен энергетика жаатындагы соода көлөмүн дээрлик 75 пайызга кыскарттык. Орус мунайынын импортун 90 пайызга же андан да көпкө азайттык. Ошондуктан Европаны кош стандарттарды колдонууга айыптоо туура эмес деп ойлойм.

Мен Украинада орус соккуларынан кийин күн сайын табылган ракета жана дрондордо колдонулган тетиктер тууралуу айтып да кетейин. Булар Кыргызстан соода көлөмүнүн өтө аз бөлүгүн түзөт. Кыргызстан бул продукцияларды чыгарбайт. Кыргызстан бул товарлардан эч кандай пайда көрбөйт. Муну нак ортомчулдук, санкцияларды буйтап өтүү десек болот. Бул ишти кыргыздарбы, орустарбы - ким жасаса дагы, бизден чыккан буюмдар Кыргызстан аркылуу Орусияга жашыруун жол менен киришин каалабайбыз. Тилекке каршы, мындай көрүнүштөр аз эмес.

YouTube баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
Google YouTube мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт. YouTube мазмунунда жарнама болушу мүмкүн

YouTube посттун аягы

- Кыргызстан мамлекеттик же жеке менчик ишканаларына санкция салынган жалгыз Борбор Азия өлкөсү эмес. Санкциялар жаатында Борбор Азияда жалпы көрүнүш кандай? Кыргызстандагы жагдай кошуна өлкөлөргө салыштырганда кандай абалда?

- Бул менин Кыргызстанга болгону экинчи сапарым. Мен алгачкы жолу 2023-жылы келгем. Ушул эле мөөнөттүн аралыгында мен Казакстанга төрт жолу бардым жана мартта дагы сапар ала турган болдум. Биз казак бийлиги, Өзбекстан, Армения, Грузия менен жакшы мамиле түзүп алдык. Бул өлкөлөрдө да Кыргызстандагыдай түйшүктөр бар, ошентсе да аларды чечүү жолдорун таба алдык. Бул алардын Орусия менен болгон мамилесин бузган жок.

- Коомчулукта коңшу Өзбекстан же Казакстанда европалык инвесторлордун ишканалары көп, ошондуктан Евробиримдик алардын кызыкчылыктарын коргоп, аларга салыштырмалуу эл аралык салмагы аз болгон Кыргызстанга гана каршы чектөөлөрдү киргизди деген пикирлер бар…

- Бул таптакыр туура эмес. Мен Казакстанга көп каттаганымдын себеби дал ушул Кыргызстанда талкууланган маселелер болгон. Биз казак бийлиги менен абдан тыгыз кызматташып жатабыз. Алгач анча-мынча кемчиликтер бар болчу, бара-бара мамилебиз жакшырды. Азыр биз казак бийлиги менен бири-бирибизди жакшы түшүнүп калдык деген ойдомун. Албетте, бул деңгээлге бир күндө жеткен жокпуз. Ошондой болсо да, кээде казакстандык ишканаларга жана каржы институттарына санкцияларды киргизүүгө туура келди.

Евробиримдик бул көйгөйлөрдү чечүү жолдорун өлкөлөр өздөрү таап алуусун каалайт. Мен биздин сүйлөшүүлөрүбүздүн натыйжасында, кыргыз бийлиги санкцияларды буйтап өтүүгө Кыргызстандын ысымын колдонууга жол бербей турган чараларды көрөт деген үмүттөмүн. Ошондой болсо, биз мурда койгон чектөөлөрүбүздү да кайра артка алсак болот.

- Ошондо Евробиримдик эң көп көңүл бурган санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөн тармак кайсы болуп жатат? Согушта же согуш үчүн колдонулган кош маанилүү товарларбы же каржы секторубу?

- Экөө тең. Айрым ишкерлер Каргызстандын каржы секторун санкцияларды буйтоого колдонуп жатканы бизди аябай тынчсыздандырат. Ошондуктан биз санкциялардын 19-пакетинде бир катар кыргыз банктарына жана кыргыз крипто компанияларына санкция киргиздик. Биз ошол ишканаларды санкцияларды айланып өтүү үчүн ачык эле колдонулуп жатканын көрдүк.

Санкцияланган криптовалюталардын бири – A7A5 стейблкоини дал ушул санкцияларды айланып өтүү максатында түзүлгөн.

АКШ менен Улуу Британия дагы буга окшош компанияларга санкция салганын билесиз. Демек, бул кырдаал Европанын гана эмес, башкалардын да көңүл чордонунда турат.

Мен бүгүн Кыргызстандын Улуттук банкынын өкүлдөрү менен жолуктум. Менимче, алар азыркы абал Кыргызстандын бизнес тармагындагы аброюна, кадыр-баркына олуттуу шек келтирүү мүмкүндүгүн жакшы билишет.

Келерки жылы ФАТФ - кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы күрөш жүргүзгөн эл аралык топ кезектеги текшерүүсүн өткөрөт. Кыргызстан өзүнүн каржы системасынын эң жогорку талаптарга жооп беришине толук кызыкдар деп ойлойм.

Согушта колдонулган продукциялар боюнча сөз кылсак, биздин тизмебизге түшкөн товарлар өлкөнүн соода балансындагы пайыздык көрсөткүчтөрү абдан төмөнкү орундарда турат. Кыргызстан ал буюмдарды өзү чыгарбайт. Кыргызстан аларды Орусияга ташып өтүүчү канал катары гана колдонулат. Биз муну токтотушубуз керек.

- Банктарга кайра келсек, жаңы санкциялардын таасири кыргыз банктарына тиеби?

- Биз Кыргызстандагы каржы институттары менен болгон бардык маселелерди толук чече элекпиз. Ошондуктан айрым банктар бутага алынышы мүмкүн. Бирок биз каржы институттары санкцияларга түшпөөгө эмне кылышы керектигин, санкция тизмесинен чыгуу үчүн кандай чараларды көрүүсү зарыл болгонун так түшүндүрүп бердик.

- Айрым маалымат каражаттары эки кыргыз банкына карата санкциялар киргизиле турганын билдиришти. Демек, сиздин сапарыңыз бул кырдаал өзгөртүп, кыргыз банктардын санкцияларга илинбей калуусуна мүмкүнчүлүк бербейби?

- 20-пакет боюнча талкуулар дээрлик аяктап калды. Менин оюмча, азырынча кандайдыр бир өзгөрүү болушу күмөн.

- Айрым маалымат каражаттары жакында эки мамлекеттик банк санкциялана турганын кабарлашты. Евробиримдик санкцияларды алып салуу үчүн Кыргыз өкмөтүнөн кандай кепилдиктерди күтөт? Сиз кыргыз бийлигине ал банктардын Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнүн ачык далилдеп бере аласызбы? Анткени кыргыз өкмөтү аталган банктар эч кандай туура эмес иш кылган эмес деген позицияны бекем карманып келет жана ал банктарга көз карандысыз аудит жүргүзүүнү Европа Биримдигине сунуштаганын бир нече жолу билдирген.

- Ал банктар санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшүп жатканына бизде ачык далилдер бар деп эсептейбиз. Ошондуктан аларга каршы чара көрдүк. Ошондой эле, биз кыргыз өкмөтүнө, ошондой эле өлкөнүн Улуттук банкына эрежелерди так түшүндүрүп бердик. Эми алар мындай көрүнүштөр кайталанбасын деп керектүү чараларды көрүшү керек.

Эгер алар бул сунуштарды ишке ашырса, анда биз Кыргызстандын каржы тармагы туура жолго кадам таштаганын көрө алабыз. Андан ары санкцияларды киргизүүнүн кажети жок болот. Бирок учурдагы жагдай андай эмес.

- Кыргызстан Орусия менен болгон соодага, Орусиядагы мигранттардан түшкөн акча которууларга абдан көз каранды. Европа Биримдиги бул көз карандылыкты азайтуу үчүн Кыргызстанга кандай альтернативаларды сунуштайт?

- Биринчиден, биз сиздин өлкө Орусия менен тыгыз байланышта болгонуңузду жакшы түшүнөбүз. Биз ал мамилелерди бузууга ниетибиз жок. Ошондой эле, Орусиядагы мигранттардын акча которуулары Кыргызстандагы көптөгөн үй-бүлөлөрдүн жашоо-тиричилиги үчүн маанилүү болгонун түшүнөбүз. Бул абал жакын арада өзгөрөт деп күтпөйбүз.

Ал арада, Евробиримдик Кыргызстан менен кызматташуу жана өнөктөштүк келишимине кол койду. Эки тараптуу соодабыз дээрлик үч миллиард еврону түздү. Бул көрсөткүч өсүп баратканын көрүп жатабыз.

Ошондой эле биз Кыргызстанга бир топ каржылык жардам көрсөттүк. 1991-жылдан бери биз грант түрүндө дээрлик 600 миллион евро бердик жана быйыл абдан маанилүү гидроэлектростанция долбоору үчүн дээрлик 1 миллиард евродон ашык насыя берип жатабыз.

Кыргызстан менен Евробиримдиктин экономикалык жана соода жаатындагы жакшы кызматташтыгыбыз улана берет. Кыргызстан экономикалык келечеги Орусия мененби, же Батыш менен болорун, же эки тарап менен бирге иштеше турганын, кыязы, өзү чечиши керек.

Биздин азыркы учурдагы эң башкы максатыбыз – санкцияларды буйтоо механизмдери Кыргызстан аркылуу өтпөй турганын камсыз кылуу. Мен ушул максат менен келдим. Биз кыргыз бийлиги санкцияларды айланып өтүү амалдарын жок кылууга жардам берет деген үмүт менен кызматташууну улантабыз.

- Европа Биримдиги мурда билдиргендей, Борбор Азиядагы негизги өнөктөштүк багыттары – бул энергетика жана логистика, башкача айтканда, жаңы транспорттук жолдор. Демек, бул ири энергетикалык ГЭС курууга же Транскаспий коридоруна катышкан өлкөлөрдүн ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестиктер жаралса, Европа Биримдиги ортомчу же көз карандысыз арбитр катары иш алып барууга даярбы?

- Негизи, бул долбоорлорго катышуучу өлкөлөр пикир келишпестиктерин өз арасында чечип, макулдашуусу керек, бирок биз ар дайым көмөктөшүүгө аракет кылабыз, анткени Евробиримдик бул долбоорлорго бир топ акча бөлүп жатат.

Кыргыз-орус президенттеринин Казандагы жолугушуусу, 22-февраль 2024-жыл.

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-орус президенттеринин Казандагы жолугушуусу, 22-февраль 2024-жыл.

- Биз Украинадагы согуштун бешинчи жылына күбө болуп жатабыз, ал эми санкциялардын 20-пакети даярдалууда. Демек, сиз кандай ойлойсуз, буга чейин көрүлгөн чаралар натыйжасыз болдубу? Же санкциялардын натыйжалары күтүлгөндөй болбой, Орусиянын экономикалык абалын алсырата алган жокпу?

- Менимче, Орусиянын экономикасынын азыркы абалына көз салсаңыз, бардык маанилүү көрсөткүчтөр "кызыл күйүп" турганын көрөсүз. Алар рецессияга баратат. Экономикалык өсүшү дээрлик нөлгө түштү. Быйыл балким 1% болушу мүмкүн, бирок келерки жылы андан да аз болору болжолдонууда. Аларда инфляция абдан жогору, пайыздык чендер бийик жана мамлекеттик каржы тармагында олуттуу кризис өкүм сүрүүдө.

Орусияда мурда бюджеттик профицит болсо, азыр дефицит пайда болду. Биздин санкциялардын жана мунай баасынын төмөндөшүнүн натыйжасында мунай менен газдан түшкөн киреше мурда мамлекеттик кирешенин 50 пайызын түзсө, азыр 20-22 пайызга чейин азайды.

Орусия ИДПнын 6%дан 8%га чейинки бөлүгүн аскердик тармакка жумшап, ашыкча каражат сарптап жатат. Бул жарандык экономикага доо кетирип, ири чыгымдарга учуратуу менен ишке ашууда. Жыйынтык чыгара турган учур жакындап калды. Европа Биримдигине келсек, биздин санкциялар өз натыйжасын берип жатат.

Биз басымды улантышыбыз керек жана бул 20-пакет менен басымды улантабыз. Орусия тараптан тынчтыкка же ок атышууну токтотууга эч кандай каалоону көрбөй жатабыз. Мындай шартта согушту токтотуунун бир гана жолу - мырза Путиндин өз аскерлерин Орусияга, өз үйлөрүнө алып кетүүсү.

Орусия балким бир миллионго жакын адамынан айрылды, 350 миңдейи каза болуп, дагы андан көбү жаракат алды. Бул - Орусия үчүн катастрофа. Бирок биз Украинаны колдоону улантабыз жана санкцияларды бул өлкөнүн эркиндик жана эгемендүүлүк үчүн күрөшүндө маанилүү курал катары колдоно беребиз.