Евробиримдик эки кыргыз банкына санкция салды, Бишкек жооп берди

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
- Author, Би-Би-Синин жаңылыктар бөлүмү
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдиктин кыргыз банктарына санкция салганына өкүнүчүн билдирди. 23-октябрда Еврошаркет Украинадагы согушка байланыштуу 19-санкциялык пакетин макулдашкан. Ага ылайык, Кыргызстандагы "Толубай" банкы жана "Евразия сактык банкы" Брюсселдин кара тизмесине киргизилди. Мындан тышкары Кыргызстанда түзүлгөн криптотүйүн да чектөө туш болду.
Кыргыз банктары менен ишканалары Европа Биримдигинин санкциясына туш болгонуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 24-октябрда үн катты. Министрлик Еврошаркеттин чечимин кыргыз тарап өкүнүү менен кабыл алганын, бул чечимге негиз берген жагдайлар такталышы керек экенин белгиледи.
"Кыргызстан фактылык жагдайларды текшерүү жана каралып жаткан чектөөчү чаралар ишенимдүү жана бышыкталган маалыматтарга негизделгенин тастыктоо үчүн Европа Биримдигин көз карандысыз, эл аралык таанылган аудитти өткөрүүгө расмий түрдө чакырат. Кыргыз тарап үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, транзакцияларга мониторинг жүргүзүү жана тобокелдиктерди биргелешип баалоо боюнча Кыргызстан - Европа Биримдиги адистештирилген биргелешкен техникалык жумушчу топ түзүүнү сунуштайт", - деп айтылат билдирүүдө.
23-октябрда Европа Биримдиги Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынын 19-пакетин жактырган. Анда Орусиянын суюлтулган газынын импортуна тыюу салуу сыяктуу чаралардан тышкары ондогон компанияларга, кемелерге жана жеке адамдарга санкция салынган.
Алардын арасында Кыргызстандагы "Толубай банкы" жана "Евразия сактык банкы", Тажикстандагы үч банк жана Казакстан менен Беларустагы төрт финансылык институт бар.
"Бул пакет Орусиянын согуш экономикасын колдогон жана биздин санкциялардын эффективдүүлүгүнө кедергисин тийгизген Борбор Азиядагы үчүнчү өлкөлөрдүн 5 банкы менен транзакцияларга бөгөт коет. Евробиримдиктеги операторлорго бул финансылык операторлор менен транзакцияларды кылууга тыюу салынат", - деп айтылат Еврокомиссиянын соңку билдирүүсүндө.
Кара тизмедеги криптотүйүндөр
Кыргыз банктарына салынган санкциялар 12-ноябрда күчүнө кирет. Мындан тышкары Евробиримдик рублга негизделген жана Кыргызстанда жүгүртүүгө чыгарылган A7A5 стейблкойнун же криптовалюталык токенди да кара тизмеге киргизди. Ошондой эле бул криптовалютага тиешеси бар делген Кыргызстандагы Grinex криптобиржасы менен кызматташууга да тыюу салды.
"Соңку аракеттер Орусия санкцияларды буйтап өтүү үчүн барган сайын криптоактивдерди колдонуп жатканын айгинеледи. Анын алкагында Орусиянын мамлекеттик колдоосу менен чыгарылган A7A5 стейблкойну агрессия согушун колдогон финансылык аракеттер үчүн орчундуу инструментке айланды. Мындан улам бүгүнкү пакет A7A5ти иштеп чыккан кыргыз ишканасына жана A7A5тин соодасы олуттуу көлөмдө жүргөн платформанын операторуна санкция киргизди. Евробиримдиктин алкагында бул стейблкойнго негизделген транзакцияларга да тыюу салынат", - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Быйыл июнь айында британиялык Financial Times басылмасы Кыргызстандын аймагында түзүлгөн Grinex криптобиржаcы жана рублга байланган A7A5 токени аркылуу 9 миллиард доллардай каражат айланганын жазып, аны санкцияларга кабылган Орусиянын көмүскө төлөмдөрүнө байланыштырган. Басылма өз иликтөөсүндө Кыргызстандагы бул криптоактивдерге Орусияда жашаган, Батыштын санкциясына кабылган молдовалык олигарх Илан Шордун тиешеси бар экенин белгилеген.
Август айында Улуу Британия Grinex жана Meer криптобиржаларына санкция салып, бул платформаларды A7A5 криптовалюта токенинин артындагы башкы инфраструктура деп мүнөздөгөн. Британ өкмөтүнүн 20-августтагы билдирүүсүндө, бул түйүндөр Батыш санкцияларын кыйгап өтүүгө багытталганы, алар аркылуу төрт айда 9,3 миллиард доллар жүгүртүлгөнү белгиленген.
"Орусия күмөндүү финансылык түйүндөр, анын ичинде криптовалюталар аркылуу акчаны жүгүртүү үчүн кыргыз финансы тармагына багыт алды. Бул түйүндөр Британия жана анын өнөктөштөрү салган санкцияларды буйтап өтүү үчүн татаал схеманы жаратты", - деп айтылган билдирүүдө.
Ошондой эле Британия Кыргызстандагы "Борбор Азиянын капитал банкына" жана анын башчысы Кантемир Чалбаевге да санкция салган. Быйыл январда АКШ да Кыргызстандагы "Керемет банкка" санкция салып, бул банктын өкүлдөрү санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын ишке ашыруу үчүн орусиялык расмийлер жана Вашингтондун санкциялык тизмесиндеги "Промсвязьбанк" менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын" билдирген.
Кыргызстандын жообу

Сүрөттүн булагы, president.kg
Ошентип Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган кыргызстандык банктардын саны төрткө жетти. Буга чейин Батыш өлкөлөрү Кыргызстандагы ондон ашык жеке фирмаларга санкция салган.
Кыргыз бийлиги бул чектөөлөр негизсиз экенин билдирип келет. Мисалы августта Британия Кыргызстандагы "Капитал банкка" жана криптотүйүндөргө санкция салгандан кийин президент Садыр Жапаров АКШ менен Британия "эч бир далил да көрсөтө алышпаганын" айтып, "үлкөн мамлекеттер башка мамлекеттердин тез өнүгүп кетишин каалабайт эмеспи" деп билдирген.
Жапаров бул маселени сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында да көтөргөн.
"Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө. Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз. Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз", - деп айткан Жапаров.
Ал Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даяр экенин кошумчалаган.
"2024-жылы Европа Биримдигинин өлкөлөрү Орусия менен 141 миллиард долларга соода жүргүзсө, анын 36 миллиард доллары Орусиядан импорттолгон товарлар болгон. Ал эми биздин 2 банкка каршы санкция жарыялаган Британиянын өзү 2024-жылы Орусия менен 2,2 миллиард долларга соода жүргүзгөн. Ачык айтканда, кимдир бирөөлөр өз алдынча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн өзүмчүлүк менен өзүнө калтырып, өз кызыкчылыктарын коргоп, башкаларга тыюу салган", - деген Жапаров.
Евробиримдик жана Британия Жапаровдун айткандарына расмий жооп берген эмес.
Украинадагы согуш башталгандан бери Борбор Азия өлкөлөрүндө тышкы сооданын көлөмү көбөйүп, Орусия жана Кытай менен товар жүгүртүүсү жаңы чектерди багындырганы белгилүү. Буга чейин бир катар журналисттик иликтөөлөр региондогу өлкөлөр аркылуу Орусияга кош максаттагы санкциялык товарлар кетип жатканын көрсөткөн.
Чөлкөмдөгү өлкөлөр Орусияны стратегиялык өнөктөш катары мүнөздөп, Москванын Украинадагы согушун ачык айыптоодон карманып, ага нейтралдуу позицияда экенин айтып келишет.















