"Документ текшеримиш болуп зордуктап койгон": Миграциядагы кыргыз аялдары туш болгон кыйынчылыктар

Аялдар

Сүрөттүн булагы, iom/kyrgyzstan

Кыргызстандан чет өлкөгө иш издеп кеткен аялдардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Бул тууралуу Эл аралык миграция уюмунун Борбор Азия боюнча жаңы отчетунда айтылды. Анда экономикалык кысымдар жана гендердик ролдордун өзгөрүшү чөлкөмдө аялдар миграциясын күчөткөн негизги себептердин бири экени белгиленет. Аялдардын четке чыгып жатканы бир жагынан үй-бүлөнү каржылоонун, өз алдынча болуунун жана жаңы мүмкүнчүлүк издөөнүн жолу катары бааланса, экинчи жагынан коопсуздук жана укуктардын тебелениши менен коштолуп келет.

Отчетто 2024-жылдын ортосуна карата дүйнө жүзүндө 540 миң кыргызстандык мигрант катталган болсо, алардын 55 пайызы аялдар экени көрсөтүлгөн. Басымдуу бөлүгү Орусияда (57%), Казакстанда (21%) жана Түркияда (10%) эмгектенип жатканы айтылат.

Документте эксплуатация, психологиялык басым, адам сатуу, сексуалдык мажбурлоо сыяктуу коркунучтарга көбүнчө аял мигранттар туш боло турганы дагы белгиленген.

"Ал киши жазага тартылат деп ойлобойм"

Аты-жөнүн ачыктагысы келбеген каарманыбыз бир жыл мурун Орусиядагы ишин таштап, Кыргызстанга кайтып келген. Ал 7–8 жылдан бери Камчатка аймагындагы ар түрдүү тармактарда эмгектенип, үй-бүлөсүн бакчу. Соңку жылдары дүкөндө сатуучу болуп иштеп жүрүп, зомбулукка кабылган.

Аялдын айтымында, дүкөн ээси башынан эле ага орой мамиле кылып, кемсинткен сөздөрдү айтып, басмырлап келген. Ошондой күндөрдүн биринде сатуучу менен кожоюндун ортосунда пикир келишпестик чыгып, окуя ур-токмок менен аяктаган.

"Катуу түртүп, жулкулдатып, уруп жиберди. Башымдан жаракат алып, денем көгала болду. Оруканага кайрылып дарыландым, экспертизадан өттүм. Полицияга жана прокуратурага арыз жаздым. Бирок иш азыркыга чейин аягына чыга элек. Ал киши жазага тартылат деп ойлобойм. Мага иш каралып жатат дегенден башка жооп айтыша элек. Ошондон кийин Кыргызстанга кетип калдым",- деди ал.

Айтымында, дүкөн ээси буга чейин дагы кыргызстандык кызды иштетип жүрүп, ага "300 миң сом уурдадың" деп жалган жалаа жаап, зомбулук көрсөтүүгө чейин барган экен.

Миграциядагы зомбулук

Мирлан Токтобеков

Сүрөттүн булагы, Facebook

Көп жылдар бою Орусияда мигранттардын укуктарын коргоп иштеп келген юрист Мирлан Токтобеков миграциядагы аялдар дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун зомбулукка, басмырлоого жана жыныстык ыдыкка кабылган учурлар арбын экенин айтат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Атүгүл ошол эле полиция же чек ара кызматкерлери тарабынан зордукталгандар дагы жок эмес.

"Мага бир келин юридикалык жардам сурап кайрылган. Ал чек арадан өтүп бара жатканда коңшу өлкөнүн бажы кызматкери документин текшеримиш болуп зордуктап койгон экен. Аял окуяны эч кимге айта алган эмес",- деди юрист.

Мирлан Токтобеков мындай көрүнүштөр акырындык менен системалуу мүнөзгө айланып бара жатканын белгиледи. Айтымында, аялдар полиция тарабынан эркектердей катуу текшерилбегени менен көп адилетсиз мамилеге дуушар болушат.

"Мага кайрылган аялдардын көбү "айлыгымды ала албай калдым" деп келет. Бирок сүйлөшө келсең, андан да оор жагдайлар чыгат. Урду, зордуктады, коркутту дегендер көп. Арыз жаз десең, коркушат. Көпчүлүгү уялат, туугандары угат деп жашырат. Айрымдарынын күйөөлөрү, балдары бар. Ошондуктан көпчүлүгү үн катпай, башынан өткөргөн зомбулукту ичине катып жашоосун уланта берет",- дейт Токтобеков.

Юрист белгилегендей, мигрант аялдар эркектерге салыштырмалуу азыраак маяна төлөнгөн жумуштарга алынат. Алардын көбү үй кызматында, соодада же тейлөө тармагында иштейт.

"Айрыкча Орусияда аялдардын укугун коргогон уюмдар азыр азайып кетти. Көпчүлүгүнүн ишмердүүлүгү чектелип, айрымдары таптакыр жабылды. Миграциядагы аялдарга колдоо көрсөткөн борборлор жокко эсе болуп калды. Ошонун айынан көптөр укуктук жардам ала албай, өз көйгөйү менен жалгыз калууда",- деди ал

Токтобеков бул көрүнүштү азайтуу үчүн мамлекеттер ортосунда аял мигранттардын укуктарын коргоого багытталган атайын органдарды түзүп, келишимдерди күчөтүү зарыл дейт. Ошондой эле эл аралык уюмдардын катышуусунда колдоо борборлорун көбөйтүү керек экенин кошумчалады.

"Учурда мындай жардамды негизинен диаспоралар көрсөтүп келет. Алар оор кырдаалга туш болуп калган кыз-келиндерге укуктук жана каржылык жактан жардам бергенге аракет кылышат. Бирок бул жетишсиз", - деди ал.

Гендердик теңсиздик

Дамира Оморова

Сүрөттүн булагы, Facebook

Кыргызстан аялдар альянсы коомдук фондунун жетекчиси Дамира Оморова белгилегендей, аялдар миграциясын азайтуу үчүн аймактарда жумуш шарттарын түзүү менен гендердик теңсиздикти азайтууга багытталган чараларды күчөтүү зарыл.

"Жумушсуздуктан тышкары аялдардын миграцияга чыгышына негизги себептердин бири гендердик теңсиздик. Көптөгөн кыздар жогорку окуу жайын аяктаган соң турмушка чыгып, бала-бакыралуу болуп 4-5 жыл үйдө отуруп калат. Мындайча айтканда алар үй-бүлө деген коом түзөт. Бирок кийин кесиби боюнча жумушка орношууга аракет кылганда мамлекет тажрыйба талап кылат. Бул дагы бир гендердик теңсиздик. Ал беш жыл окуду. Мамлекет андан үч жылдык тажрыйба сурап, иштегенге мүмкүнчүлүк бербесе, ал тажрыйбаны кыздар кайдан алат? Анан миграцияга кетет да",- деп кошумчалады Оморова.

Ошол эле учурда, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кесепетинен айрым кыз-келиндер даярдыгы жок туруп чет жакка чыгып, ар кандай жагымсыз кырдаалдарга туш болуп жатканын кошумчалады.

"Айрыкча 15-16 жаштагы кыздарды туугандары чет өлкөгө бала багуу үчүн алып кетип жатышканы көп кездешет. Бул өтө татаал маселелердин бири. Мектепти бүтпөй, турмуштук тажрыйбасы жок кыздар чет жакка чыгып жатат. Алар катаал шарттарга дуушар болуп, көп учурда туугандары тарабынан да зордук-зомбулукка кабылышат. Мисалы, жакынкы жылдары мындай окуя Новосибирскте катталды. Жаш кыз таежесинин баласын багып жүрүп, жездеси тарабынан зордукталып, 15 кабаттан учуп өлдү. Быйыл жазында эле Москва метросунда дагы бир кыздын окуясына күбө болдук. Кыргызстандык кыз метродогу туалетте жашап жаткан жеринен атасын чакырып кошуп бердик. Зордук-зомбулуктун кесепетинен акыл-эси дагы жакшы болбой калган экен. Түркияда үй кызматчы болуп иштеп жүрүп, кожоюну тарабынан зомбулукка кабылып эшикке чыгып калып жаткандар канча. Кечээ жакында эле Москвада товар жеткирүү кызматында иштеген эки кыз да өтө кооптуу кырдаалга туш болуп калып, учурда аларга жардам берип чуркап жүрөбүз. Бул ушул сыяктуу окуялар абдан көп",- деди ал.

Эл аралык миграция уюму дагы кыргызстандык мигрант аялдарды колдоо максатында бир катар сунуштарды берген. Анын алкагында чет өлкөдө алардын укуктарын коргоону күчөтүү, миграциялык цикл боюнча так жана ишенимдүү маалымат берүү, билим жана финансылык көндүмдөрдү кеңейтүү, ошондой эле гендердик зомбулуктан жана стереотиптерден коргоо маселеси тууралуу айтылган. Мекенине кайтып келген аялдарга комплекстүү реинтеграциялык программаларды түзүп, экономикалык жана социалдык колдоо көрсөтүү сунушталган.

(Материалдагы мигрант аялдын жана адистердин пикирлери Эл аралык миграция уюмунун отчетуна тиешелүү эмес).