"Сырты мөлтүрөгөнү менен даамсыз". Эмнеге Кыргызстан сырттан картошка ташыйт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстандык дыйкандар картошканы сырттан, өзгөчө Кытайдан ташууга бөгөт коюуну суранып жатышат. Айыл чарба министрлиги бул тууралуу өкмөткө сунуш даярдоодо. Кыргызстанга картошка ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн, Европадан да импорттолот. Демилге өкмөттөн колдоо тапса, картошканы бул өлкөлөрдөн ташууга да убактылуу чектөө кириши мүмкүн.
Өлкө картошкага болгон муктаждыгын өзүн-өзү толук камсыздай алат. Ал тургай аны сыртка да экспорттоп келет. Бирок жыл сайын эрте жазда базарда картошканын баасы өсүп, соодагерлер сырттан картошка ташып келе калып, жергиликтүү продукт баа атаандаштыгына туруштук бере албай калууда.
"Өкмөт бизди коргобойбу"
Азамат Касенов Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында жыйырма жылдан бери дыйканчылык кылып келет. Ал соңку жылдары негизинен картошка айдоого өткөн. Дыйкан быйыл түшүмү азыраак болуп калганына бир аз кабатыр болуп турат. Ал жазга карай картошканын баасы кайрадан эле көтөрүлөт деп болжоп жатат:
"Быйыл түшүм азыраак болду. Кышта картошка кайра эле кымбаттайт. Кытайдан коммерсанттар ташып келет, пайда түшсө иштейт да, алар деле. Бирок Кытайдын картошкасы химия менен өстүрүлөт, сырты мөлтүрөгөнү менен даамсыз, биздикиндей болбойт. Өкмөт картошка айдагандардын кызыкчылыгын коргобойбу. Болбосо соодагерлердин айынан биз зыян тартып жатабыз, алар картошканы арзан сатып, бизге пайда түшпөй калууда", - деди Азамат.

Сүрөттүн булагы, azamat kasenov
Фермер былтыр картошкасынын килограммын 17 сомдон баалап, жазга карай 50 сомго көтөргөн. Канча пайда таптыңыз деген суроого ал "шүгүр, мага жетет" деп күлүп жооп берди. Бирок анын пикиринде, Кытайдан картошка алып келип саткан соодагерлер болбогондо мында да жакшыраак пайда тапмак.
Азаматтын туруктуу кардарлары бар. Кыргызстан ичинде ал түштүк облустарга күзү-кышы картошка ташыйт. Ошондой эле үрөндүккө коңшу мамлекеттерден буюртма алат. Мындай мүмкүнчүлүк бардык эле дыйкандарда жок.
"Элеттиктер үчүн картошка негизги киреше"
"Кыргызстандын картошкасы" кластердик бирикмесине 200дөй кичи жана орто дыйкан чарбалары, миңден ашык фермер мүчө. Алар кышкысын картошкасын жакшы баада өткөрүп алайын дешет, бирок импорттолгон картошка базарларды ээлеп, алардын продукциялары сыртка сүрүлүп калганына нааразы болуп жатышат.
Бул себептүү бирикме Кыргыстандагы Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен бирдикте профилдик министрликке кайрылууга мажбур болушту.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Картошка менен биз өзүбүздү сонун эле камсыздай алабыз. Үрөндүккө деле бизде муктаждык жок. Биз картошканы ал тургай коңшу өлкөлөргө экспорттоп жатпайбызбы. Кыргызстанда элетте мал чарбачылыгынан кийин эле ушул картошкадан киреше түшөт. Фермерлер жакшы пайда тапсын деп жатабыз. Ошол үчүн айыл чарба министрлигине кайрылып, Кытайдан эле эмес, башка үчүнчү өлкөлөрдөн картошка алып кирүүгө бөгөт коюуну сурандык",- деди "Кыргызстандын картошкасы" кластердик бирикмесинин жетекчиси Кайыркүл Казылаева.
Дыйкандардын кайрылуусу боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги азырынча бир чечимге келе элек. Бирок ушул аптада эле Кыргызстан "Эркечтам" карантиндик-фитосанитардык көзөмөл бекетинен Кытайдан алынып келе жаткан 25 миң килограммдан ашык картошканы сапаты талаптарга жооп бербейт деп артка кайтарды.
Августта Кытайдан 2,5 миң тонна картошка импорттолгон, бул июлда ташылып келген көлөмдөн төрт эсеге аз. "Тазабек" экономикалык басылмасы билдиргендей, бул жаздагыдан 16 эсеге төмөн көрсөткүч.
Өкмөттүн жообу
Картошка Кыргызстанга жалгыз Кытайдан эле импорттолбойт. Мисалы Орусия, Беларустан да картошка ички рынокко кирип турат.
"Бул тууралуу токтом даяр, жакында өкмөткө алып киребиз. Биз азыр дыйкандардын өздөрү менен, бирикмелер менен сүйлөшүү өткөрүп, андай кыла турган болсок кардар катары эл кыйналып калбайбы деп изилдеп жатабыз. Соңку чечим чыкканда ЕАЭБге мүчө, бизге картошка ташыган өлкөлөргө да кабарлап коебуз. Ички рынокту коргоо максатында жана фермерлерге жакшы шарттар түзүш керек деп кайрыла алабыз",- деди Экспорт жана интеграция боюнча чечимдерди аткаруу бөлүмүнүн башчысы Айдан Багышова.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2025-жылдын январь-августунда Кыргызстан Кытайдан 885,1 тонна картошка сатып алган. Ал эми Орусиядан өлкөгө болгону 9 тоннага жакын картошка ташылып келген. Кызыгы, быйыл Кыргызстанга Нидерланддан 806,3 тонна, Германиядан 275,5 тонна картошка кирген. Пакистандан 5110,3 тонна, Казакстандан 8,4 тонна, Монголиядан 41,9 тонна, Өзбекстандан 2,5 тонна картошка импорттолгон.
Ала арада Кыргызстан өзү жылына 1 миллион 200 миң тонна картошка өндүрөт.
"Импорт 2025-жылдын январь-август айларында рекорддук көрсөткүчкө жетти. Суу ресурстары жана айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленген бул "буфердик" механизм сезондук баадагы олку-солкулуктарды жумшартууга багытталган. Бирок дыйкандардын кирешелерин төмөндөтүп жаткандыгы үчүн өкмөт сынга алынып, октябрь айына чейин бийлик жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо үчүн импортко убактылуу тыюу салууну талкуулап жатат", - дейт экономист Искендер Шаршеев.
Ошол эле убакта Кыргызстан картошканын экспортун да көбөйтүп жатат. Алалы, былтыр сыртка 80,5 миң тонна картошка чыккан. Кыргыз картошкасы Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстанга ташылат.
Быйыл жазында Кыргызстанда базарларда картошканын килограммы 80-90 сомго чыгып, айрым аймактарда аны 100 сомго чейин да баалашкан.












