Евробиримдик тоңдурулган орус активдерин Киевге өткөрүп берүүнү кийинкиге калтырды

Сүрөттүн булагы, Simon Wohlfahrt/Bloomberg via Getty Images
Бельгиянын позициясынан улам Брюсселдеги саммитте Евробиримдиктин лидерлери тоңдурулган орус активдерин Украинага өткөрүп берүү боюнча бир пикирге келе алышкан жок, чечим эки айга кийинкиге калтырылды. Бирок, алар Украинанын муктаждыктарын дагы эки жылга, 2027-жылга чейин каржылоого даяр экендигин ырасташты.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, 23-октябрда, бейшемби күнү Брюсселде өткөн саммиттен кийин Европа Биримдигинин лидерлери Украинанын муктаждыктарын кийинки эки жылга каржылоого макул болушту.
Reuters агенттигинин кабарчылары таанышкан саммиттин жыйынтыктоочу коммюникесинде Евробиримдик "2026-2027-жылдары Украинанын негизги каржылык муктаждыктарын, анын ичинде аскердик жана коргонуу максаттарына байланыштуу муктаждыктарды чечүүгө милдеттенме алат" деп айтылат.
Бирок, Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, саммиттин негизги маселелеринин бири болгон Европадагы тоңдурулган Орусиянын Борбордук банкынын активдерин Киевге өткөрүп берүү маселеси эки айга кийинкиге калтырылды. Кийинки саммит 19-декабрга белгиленген.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, көптөгөн европалык дипломаттар Евробиримдиктин лидерлери Европа Комиссиясынан "ЕБдин жана эл аралык мыйзамдарга ылайык, тоңдурулган орусиялык активдерге байланыштуу акчаны" Украинага "репарациялык насыя" катары колдонууга мүмкүндүк берүүчү расмий юридикалык сунушту иштеп чыгууну суранышат деп үмүттөнүшкөн. Кеп Бельгиянын Euroclear депозитарийинде сакталган 140 миллиард евролук орусиялык активдер жөнүндө болуп жатат.
Бирок, Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, саммиттин жыйынтыктоочу коммюникесинде Европа мыйзамдарын сактоо шартында "Орусия Украинага каршы агрессивдүү согушун токтотуп, согуш келтирген зыяндын ордун толтурганга чейин орусиялык активдер тоңдурулган бойдон калышы керек" деп гана айтылган.
Евробиримдик кабыл алынышы үчүн бир нече ай аракет кылган чечимдин кечеңдешине Бельгиянын позициясы себеп болду. Ал Европанын башка өлкөлөрүнөн орус активдери колдонулса, бул үчүн бардык тобокелчиликтерге ал жалгыз жоопкер болбойт деген кепилдикти сурап атат.
Politico басылмасы жазгандай, Евробиримдик лидерлери Украинага "репарациялык насыяны" берүүнү макулдашкандай болгон. Бирок Бельгиянын премьери Барт де Вевер бул чечимге каршы чыкты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал саммит алдында башка ЕБ өлкөлөрү да Бельгия менен бул үчүн жоопкерчиликти тең бөлүшүш керек деди. "Болбосо, европалык, улуттук деңгээлде, саясий жана юридикалык жактан бул чечимди токтотууга бүт аракетимди жумшайм",- деди Вевер.
Өз сөзүндө белгиялык премьер ЕБ лидерлерин Орусия тараптан соттук доо арыздарга боло турган болсо анын чыгымдарын бөлүшүүгө чакырды. Эгер Европа качандыр бир кезде Москвага акчаны кайтара турган болсо, өз салымын кошууга даяр экенин да билдирди.
"Эгер Россия кандайдыр бир себептерден улам акчаны кайтарам деп талап кылса, ал ыкчам кайтарылышы керек", -деди де Вевер. Ал "Европанын финансылык системасындагы рынокторго ишеним" сыноого коюлуп атканын кошумчалады.
"Ким кепилдик берет деген бул чоң суроо. Мен кесиптештериме суроо бердик. Силер бересиңерби, ЕБге мүчө өлкөлөр береби? Жолугушууга келгендер буга макул болууга өтө дилгирлерин байкаган жокмун", -деп Вевердин айтканын Politico жазып чыкты.
Ушул эле суроону Европанын лидерлери Европанын борбордук банкынын башчысы Кристин Лагарддан дагы укту, андыктан алар үйлөрүнө бара жатып мунун үстүнөн ойлонушат, деп кошумчалады ал.
Москва эгер активдери чыгарылып алына турга болсо жооп кылууга даяр, Кремль муну "уруулук" деп эсептерин буга чейин билдирген. Буга чейин Bloomberg орус өкмөтүндөгү өз булактарына таянып жазгандай, кремль эгер андай боло турган болсо Россиядагы чет элдик активдерди улутташтырууга даяр. Андан кийин ыкчам сатат, бул үчүн керектүү мыйзам 2025-жылы күзүндө кабыл алынды.












