Борбор Азия лидерлери АКШга чогулду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШга келип конду

Сүрөттүн булагы, president.kg

Кыргызстандын президенти 5-ноябрда Дональд Трамптын чакыруусу менен Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчысынын учагы "Эндрюс" авиациялык базасына конду.

Президент Садыр Жапаровду АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур тосуп алды.

Ал эми тажик президенти Эмомали Рахмонду АКШ мамкатчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау тосуп чыкты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзёев дагы АКШга келип, буга чейин америкалык конгрессмендер Билл Хайзенг, Кэрол Миллер жана Сидни Камлагер-Дав менен жолугушканга үлгүрдү.

Шавкат Мирзёев

Сүрөттүн булагы, president.uz

Сапардын жүрүшүндө Борбор Азия лидерлери "С5+1" форматындагы мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынына катышат.

Иш-чара "С5+1" диалог платформасынын 10 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, анда Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү каралат.

Вашингтондо өтө турган бул саммиттин алдында Душанбеде быйыл октябрда Орусия менен, июнда Астанада Кытай менен, апрелде Самаркандда Европа менен "С5+1" форматында жолугушуулар өткөн эле.

Борбор Азиянын минералдык потенциалы

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эльданиз Гусейнов тынчтык келишими тууралуу Орусия менен майнапсыз сүйлөшүүлөрдүн жана Кытай менен соода согушунун фонунда АКШ кайрадан Борбор Азияга назарын буруп жатышынын себептерин региондун минералдык потенциалынан көрөт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"АКШнын Борбор Азияга карата буга чейинки саясаты көбүнчө тийди-качты болуп келди. Ал региондогу кризис же Афганистандагы операцияга окшогон көз карандылыктар менен байланыштуу болду. Кытайга болгон сейрек металл жана сырьедон көз карандуулукка да байланыштуу болду. Азыр биз Трамптын Кытай менен соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү активдүү жүргүзүү аракетин көрүп атабыз. Кытайдан дале болсо сейрек металл жаатында көз карандуулук сакталып жатат, мындай шартта АКШ Борбор Азияга керектүү сырье булагы катары карай баштады", - деди эксперт.

Трамп Борбор Азиянын президенттери менен Кытай лидери Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүсүнөн кийин жолугуп жатат.

Талдоочулар "С5+1" саммити Трамптын Азия–Тынч океан аймагындагы "минералдык дипломатиясынын" уландысы катары уюштурулуп жатканын айтышууда.

Вашингтон менен Бээжин ортосундагы соода согушунун курчушуна кайсы бир деңгээлде Кытайдын стратегиялык маанидеги сейрек кездешүүчү элементтердин экспортуна чектөө киргизүүсү себеп болгону да айтылып келет.

Борбор Азия региону литий, бериллий, уран, вольфрам, молибден, сейрек кездешүүчү рудалар жана платина тобундагы сейрек металлдардын ири запастарына ээ.

Геологдордун баамында Борбор Азия регионунда жер койнунда дүйнөлүк сейрек кездешүүчү элементтердин кеминде 15% топтолгон. Кыргызстанда 200 ашуун стратегиялык чийки заттын кендери, ал эми Казакстанда болжол менен 160, Өзбекстан менен Тажикстанда ондогон кен казыналары бар экени, алардын көпчүлүгү али толук изилдене электиги айтылат.

Эксперттер дал ушул себептен Борбор Азия жаңы "чийки заттык дипломатиянын" аренасына айланганын белгилеп жатышат.

Укук коргоочулардын чакырыгы

Вашингтондогу саммиттин алдында "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму билдирүү таратып, Трамптын администрациясын Борбор Азия менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүү элементи катары чөлкөмдөгү сот системасын реформалоого, коррупцияга каршы күрөшкө жана адам укугун коргоого багытталган демилгелерди колдоого алууга чакырды.

"Сиздердин жолугушуунун жыйынтыгында саясий туткундарды бошотууга, мыйзамсыз куугунтукка кабылган жарандык активисттер менен журналисттерди коргоого, Газа секторуна гуманитардык жардамды күчөтүүгө, ошондой Ооганстандагы аялдардын билим алуусуна багытталган конкреттүү кадамдар ташталат деп ишенебиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле уюм бул саммит АКШнын адамдын универсалдуу укуктарына болгон берилгендигин тастыктай турган жыйын болорун белгилеген.

Анын алдында Норвегиянын Хельсинки комитети да саммитке катышкан өлкөлөр бири-бирин адам укуктарын коргоого үндөшү керектигин билдирген.