Имамдар 15 миң сомдон айлык акы ала башташат

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кыргызстанда март айынан тарта өлкө боюнча 4 миңден ашык мечит имамдарына ай сайын 15 миң сом эсебинде эмгек акы төлөнө баштайт. Аларга айлык акы муфтият эсебинен төлөнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 27-февралда, "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди.
Диний тармактагы өкмөт тарабынан кылынып жаткан иштерге токтолуп жатып Байсалов Кыргызстан, былтыр тарыхында биринчи жолу, 235 айыл өкмөтүнүн имамдарына 8 миң сомдон айлык төлөгөнүн эскере кетти.
Бул маселе соңку Курултайда да көтөрүлүп, президент Садыр Жапаров кийинчерээк "Кабар" маалыматтык агенттигине берген маегинде диний ишмерлерге эмгек акы кайсы каражаттардын эсебинен бөлүнөт түшүндүрмө берген:
"Март айында ар бир айылдын молдосуна 8 миң сомдон бериле баштайт. Ал эми жылдын аягына барып ар бир айылдын молдосу 20 миң сомго жакын айлык ала башташат. Бул каражаттар бюджеттик каражаттар эмес. Мурда муфтият тараптан көңүл бурулбаган каражат булактарын мечиттер тарапка, тагыраагы молдолорго буруп берүү жагына жардам берип жатабыз. Биз светтик өлкө катары динге кийлигишпейбиз. Дин тармагы мамлекеттик иштерге кийлигишпейт. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен акча каражатын бөлүп бере албайбыз. Бирок биз, мамлекет, колубуздан келишинче башка маселелерде муфтиятка жардам берүүгө даярбыз".
Президент өлкөдө диний коопсуздук маселесинде, күч органдарынын жазалоо тарбиясынан көрө, муфтият жана жериндеги молдолор аркылуу алдын - ала түшүндүрүү менен камсыздоо жемиштүү болорун айткан.
Кыргызстанда былтыр дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер тууралуу мыйзамы жаңыланды.
Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөн ашык медресе, 10 ислам институту бар.




























