“Тымызын кризис”. Орусиянын экономикасы эмне болуп жатат?

Ольга Шамина, Виктория Сафронова, Би-Би-Си орус кызматы

Кремль

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Бул аптада Орусиянын Украинага басып киргенине алты ай болду. Согуштун эң башында Батыш санкцияларды киргизе баштап, Орусиянын экономикасын эмне күтүп турганы жөнүндө турдүү божомолдор пайда болгон: ички дүң продукциянын (ИДП) кескин төмөндөшү, доллардын 200 рублга чейин кымбатташы, гиперинфляция, товарлардын тартыштыгы жана башка көптөгөн нерселер. Бирок эң пессимисттик божомолдор ишке ашпай, экономика бир караганда жакшы абалда. Чын эле ушундайбы?

2022-жылдын жайында, согуш кызуу жүрүп жаткан маалда орус экономикасы бир караганда эң начар абалда эмес.

Жылдын экинчи кварталында ИДП болгону 4% төмөндөдү - бул экономиканы бир нече жылга артка тарта турган олуттуу төмөндөө, бирок аны катастрофалык деп атоого болбойт.

Москва биржасында учурда рублдун доллар жана еврого карата баасы 2018-жылдын башында болгон деңгээлде. Ал учурда Орусияга каршы мындай катаал санкциялар киргизилген эмес, ал эми чет элдик компаниялар жана инвесторлор өлкөнүн аймагынан чыга элек жана согуш жөнүндө кептер болгон эмес болчу. Быйыл апрелдин башынан бери доллар менен евро рублга карата 27% ашуун арзандады.

Февралдын аягында жана марттын башында орусиялык керектөөчүлөрдү каптаган паника басылды. Аны менен катар инфляция төмөндөй баштады: жылдык мааниде баалардын өсүшү басаңдап, жадагалса ай сайын төмөндөй баштады.

Кызмат көрсөтүү тармагын байкасак бизнестин маанайы бир аз калыбына келип жаткандай сезилет. PMI индекси - бул компаниялардын арасындагы сурамжылоо, ал экономиканын абалынын ишенимдүү көрсөткүчү болуп эсептелет - июлда кызмат көрсөтүү тармагы боюнча 54,7 пунктка чейин көтөрүлгөн (эгерде өсүү 50дөн жогору болсо бул сектор же жалпы экономиканын өсүп жатканын түшүндүрөт). Тейлөө секторундагы компаниялар июль айында өлкө ичинде суроо-талап жогорулаганын белгилешти.

Анткен менен, сурамжылоого караганда, өнөр жай ишканалары мынчалык оптимисттик маанайда эмес: алар продукция чыгарууну кыскартып, сырьёнун айрым түрлөрүнүн жетишсиздигине жана алардын продукциясына суроо-талаптын аздыгына нааразы болуп жатышат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал тургай, март айында согуш, жогорку инфляция жана рублдун девальвациясынын шартында “кыйрашы керек” деген калктын кирешелери, Росстаттын маалыматы боюнча, экинчи кварталда анча төмөндөгөн жок - болгону 0,8% (сөз инфляция жана милдеттүү төлөмдөрдү эске алуу менен колдо болгон реалдуу киреше жөнүндө болуп жатат).

Кээ бир маалыматтар керектөө суроо-талабы акырындык менен калыбына келе баштаганын көрсөтүп турат.

Жалпысынан бул көрүнүш орус бийлигине “өлкөнүн экономикасы турукташып, кризистен чыга баштадык” деп айтууга мүмкүндүк берет.

"Орусияга каршы экономикалык блицкриг башында эле ийгиликке жете алмак эмес", - деп билдирген президент Владимир Путин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда санкциялардын таасири тууралуу.

Ошондой эле Путин өз сөзүндө “орус экономикасы кризистен чыгып жатканын, ал эми Батыш өлкөлөрү тескерисинче такыр туруштук бере албай жатканын” белгилеген. Анын риторикасын орус пропагандасы да көз жаздымда калтырган жок.

Бирок экономисттер мындай пикир менен макул эмес: орус экономикасы кризисте, бул болгону тез төмөндөө эмес, бир нече жылга созула турган жай жана акырындык менен кыскаруу.

"Сиз кара чаар жыландын ордуна башка бир жылан менен жолукканыңыз - бул дайыма эле жакшы кабар эмес",- деп сүрөттөйт өлкөдөгү кырдаалды Орусиянын экономика мектебинин ректору Рубен Ениколопов.

Учугу узарган төмөндөө...

"Экономиканы электр жарыгы сыяктуу эле “өчүрүп салса болот” деп ойлогондор - экономика кандай иштегенин билишпейт. 1990-жылдары да өтө оор кризис учурунда жашоо эки жылдын ичинде тымызын өзгөргөн. Кризис дароо эле келе калбайт", - деп түшүндүрөт Чикаго университетинин профессору Константин Сонин.

Март жана апрель айларында көпчүлүк чындап эле "свет көпкө чейин болбосо да өчөт" деп күтүшкөн. Сонин Эл аралык эсептөө банкынын эң "күңүрт" божомолун эске салды: анда Орусиянын ИДПсынын 15-20%га төмөндөшү күтүлгөн.

Жадагалса жазында орус чиновниктери да пессимисттик маанайда болушкан. Маселен, апрель айында Эсеп палатасынын төрагасы Алексей Кудрин Экономикалык өнүгүү министрлигинин расмий болжолуна таянып, Орусиянын ИДПсы 2022-жылы болжол менен 10% төмөндөй турганын айткан.

Май айында министрлик бул жылы төмөндөө 7,8%, ал эми өткөн аптада 4,2% гана болот деген божомолун билдирди.

HM дүкөнү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусияда өлкөдөн чыгып жаткан батыш дүкөндөрүнүн алдында узун кезектер пайда болууда

Борбордук банк да өзүнүн божомолун бир топ жакшыртты. Апрель айынын аягында Борбордук банк 2022-жылдын аягына чейин ИДПнын 8-10%га төмөндөшүн жана 18-23% инфляция болорун күткөн. Жаңы прогноздор оптимисттүү: 2022-жылы ИДПнын 4-6%га төмөндөшү жана 12-15%га чейин инфляция күтүлүүдө.

"Рынок экономикасы өзгөрүлүп жаткан шарттарга абдан ийкемдүү ыңгайлашып жатат - бул, менин көз карашым боюнча, орус экономикасы эмне үчүн болуп көрбөгөндөй кысымга карабастан көпчүлүк күткөндөй катастрофалык кыскарууга кабылбаганын түшүндүрөт", - деди Ениколопов.

Ал “электр өчпөй калганынын” башка себептерин да келтирет. Мисалы, Европа Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алууну көпчүлүк күткөндөй тезинен кыскартып салган жок.

Мындан сырткары, орусиялык компаниялар коронавирус пандемиясынан улам мындай кризиске бираз болсо да даяр болушкан: алар жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурашын күтүп, кампаларга резервди камдап алышкан.

"Алар Шанхай сыяктуу шаар жабылып калат деп, логистиканын үзгүлтүккө учуроосуна даярданып жатышкан. Санкциялардын кесепети бирдей: жеткирүү токтойт, резервге жашайсың", - деп эсептейт экономист.

Ениколопов экономиканын азыркы жанданышын орусиялыктар “кырдаалга көнүп калганы” менен түшүндүрөт. Адатта адамдар белгисиздиктин кескин көбөйүшүнө төмөнкүдөй реакция жасашат: алар “токтолуп, чыгашаларды азайтып, аманаттарды көбөйтө башташат”.

Азыр “орусиялык керектөөчүлөр тынчыды, ошондуктан калыбына келүүнүн айрым белгилери бар” деп түшүндүрөт экономист.

Ениколопов кризис жоюла элек деп эсептейт: 2022-жылга карата божомолдор чындап эле жакшы, бирок кыскартуулардын бөлүгү 2023-жылга көчүрүлөт.

Муну расмий божомолдор да тастыктайт. Борбордук банк келерки жылга карата божомолун начарлатып, 1-4% төмөндөө болот билдирди. ЖМКлар берген маалыматтарга ылайык, Экономикалык өнүгүү министрлиги 2,7% төмөндөөнү күтүүдө.

"Менин божомолум: ИДПнын 8ден 12% чейин түшөт. Келерки жылы дагы төмөндөө болот: ал тургай минус 1% болсо да, 2008-2009-жылдагыдан да начар болот. Эгерде үчүнчү жылы да төмөндөө болсо, ал 1990-жылдардагы кризиске окшош болот”, - деп болжолдойт Константин Сонин.

IKEA

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым батыш компаниялары орус рыногунан чыгып кетти

"Биз апокалиптикалык сценарийлерден сактана алдык жана мындай кырдаалга кайтпайт окшойбуз, - дейт “Ренессанс Капитал” компаниясынын башкы экономисти София Донец. Март айында ал 2022-жылы ИДПнын төмөндөшүн "кеңири диапазондо" - 6дан 10% чейин баалаган.

Софья Донец экономиканын быйыл 4,7%, ал эми 2023-жылы 3,5% төмөндөшүн күтүүдө. Быйыл күзүндө ишканалар иш жүзүндө жабыла баштайт, бул жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн - ал кризиске али реакция кыла элек, деп тактады Донец.

"Биз 2023-жыл иш жүзүндө 2022-жылга караганда катаалыраак болуп калышы мүмкүн деп күтөбүз", - дейт экономист.

Тымызын кризис

"Кээ бир иллюзиялар бар - баары инфляция жана рублдун курсун көрсөткүч катары пайдаланып, орус экономикасында “баары жакшы экенинин” айтып жатышат, бирок чындыгында бул көрсөткүчтөр учурда көйгөйлөр бар экенин көбүрөөк айтат", - деди Ениколопов.

Импорттун көлөмү азайып, мунай жана газдан түшкөн киреше дагы эле жогору болгондуктан рублдун курсу түшпөй жатат, ал эми колунда бар калктын суроо-талаптары төмөндөп жаткандыктан инфляция да төмөндөп жатат, деп түшүндүрөт Еникополов.

Жылдык мааниде инфляция жөн эле басаңдаса, июнь айынан баштап Орусияда баалар төмөндөп баратат - бул процесс дефляция деп аталат жана бул олуттуу көйгөйлөрдүн белгиси болушу мүмкүн.

Адатта, Орусияда баалар август айында бир аз төмөндөй баштайт - анда дүкөндөрдө жана базарларда жашылча-жемиштердин жаңы түшүмү пайда болот. Бирок быйыл төмөндөө бир нече ай мурун башталган. Анын үстүнө август айында, Росстаттын статистикасы боюнча, жашылча-жемиштер гана эмес, кийим-кече жана электроника да арзандай баштады.

Дефляция - экономика үчүн кооптуу көрүнүш. Эгерде калк эч нерсе сатып албаса, баалар арзандаса, анда бизнес жаңы товарларды сатып алууну токтотот же өндүрүштү азайтат - бул экономиканын төмөндөшүнө алып келет.

Быйыл жашылча-жемиштер гана эмес, башка товарлар да арзандап жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Быйыл жашылча-жемиштер гана эмес, башка товарлар да арзандап жатат

Борбордук банктын аналитиктери орус экономикасы түшкөн "адаптивдүү күтүү" тузагы жөнүндө жазышууда. Муну кыскача мындайча айтсак болот: бизнес калктын сатып ала башташын, ал эми калк бизнестин бааны төмөндөтүп, ассортиментин кеңейтүүсүн күтүп жатат.

Баары күтүп турганда экономика “катып калды”. Эми суроо-талап бир аз калыбына келишип баштагандыктан экономика бул абалдан чыга баштадыбы - белгисиз.

Мындан тышкары, экономисттер кризистин башка “жашыруун” белгилери тууралуу айтышат: биринчи кезекте Батыш компанияларынын кетишинен жана экспорттогу көйгөйлөрдөн улам товарлардын сапатынын акырындык менен төмөндөп, айрым кызматтардын жоголууда.

“Бул жерде 1000 долларлык телефондор сатылды деп жатабыз, бирок сапатына көңүл бурбай жатабыз. Баары бирдей көрүнөт, керектөө да бирдей, бирок товарлардын сапаты төмөндөп кетти, буга эл аралык ири компаниялардын кетиши таасир тийгизди. Мурда “Макдоналдсда” ошол эле суммага фаст-фуд жешчү, эми “Вкусно - и точка” болду”, - деп Ениколопов мисалдарды келтирди.

Донец кризистин дагы бир факторун белгилейт - элдин күтүүсү. "Күтүүлөр азыркы кырдаалга караганда жайыраак калыбына келип жаткан типтүү эмес абал. Адатта абал жакшырып баратканда адамдар мындан да жакшы болот деп ойлошот. Азыр жакшы болуп калды, бирок күтүүлөрдө жакшыруу жок, - деп сүрөттөйт кырдаалды экономист. Калк белгисиздиктен коркот - күтүлбөгөн жерден "экинчи толкун же экинчи кризис" болуп калышы мүмкүн”.

“Азыр [кризистин] кесепеттери толук кандуу сезилерлик болуп калды. Элдин жашоо деңгээли төмөндөдү, бирок, албетте, алардын шаарына бомба түшкөндөй эмес. Ал эми элдин чыгашалары кыскарса бул 2008-2009-жылдарга салыштырмалуу анча сезилбейт. Көпчүлүк орусиялыктар үчүн бул 10 жылдан бери боло элек оор экономикалык кризистей сезилүүдө - акыркы 30 жылда бир жолу гана болгон”, - деп кошумчалайт Сонин.

Жакырчылыкка карай

Экономисттер негизги тобокелчиликти керектөөчүлөрдүн маанайынан же бизнестин күтүүсүнөн эмес, санкциялардан күтүшөт.

Экономика жалпы финансылык санкциялардын кесепеттерин жеңип, терең кризистен чындап эле кутулган учурда да Батыш компанияларынын чыгып кетүүсү жана технологиялык санкциялар Орусиянын артта калуусун шарттайт.

"Технологиялык артта калуу азыртадан эле байкалууда. Орусияда 2022-жылы чыгарылган унаалар бир жыл мурункуга караганда начарыраак", - деп мисал келтирет Сонин.

Ениколопов негизги коркунуч керектөөчү товарлар тармагында эмес, өндүрүш каражаттарында деп эсептейт. Сиз жаңы iPhone’суз жашай аласыз, бирок станоктордун жетишсиздиги бизнеске сокку болот.

“Орто мөөнөттүү перспективада бул алда канча азаптуу, анткени [өндүрүш тармагында] мультипликативдик эффект бар: миң долларлык iPhone жеткирилбесе, демек Орусиянын экономикасы миң доллар жоготкон, ал эми эгер миң долларлык станоктор жеткирилбесе, анда экономика он же жүз миң жоготушу мүмкүн ", - деп түшүндүрөт экономист.

Унаа куруучу завод

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Батыштын санкцияларынан улам Орусия баалуу технологияларсыз калып калышы мүмкүн

Ениколопов бул таасир кийинчерээк сезилет деп эсептейт, анткени эффект өтө жай. Кытайдан келген параллелдүү импорт аны кандайдыр бир жол менен жокко чыгара алабы - белгисиз.

"Кытай, албетте, технологиялык лидер жана алардын Орусияга мынчалык жардам беришине эч кандай негиз жок - бул алардын кызыкчылыгына туура келбейт, алар абдан прагматик болушат. Ошондуктан алар соода кылышат, бирок Орусияны технологиялык жактан артта калтырбоону көздөйбөйт", - деп түшүндүрөт экономист.

"Соода санкциялары толук кандуу ишке кирише элек", - деп эскертет Донец. 

Дагы бир тобокел - мунай эмбаргосу, ал бул жылдын аягынан киргизилет.

"Биз аброюбузду жоготуп алдык. [Анын кесепеттери] кыска мөөнөттүү эмес, узак мөөнөттүү, дагы көп жылдарга созулат. Орусия дүйнөлүк экономикага толук кошула албайт, демек, ал ошол эле темпте өнүгө албайт жана технологиялык лидерлерден артта калат”, - деп кошумчалайт Ениколопов.

Технологиялык жактан артта калуу экономиканы кайра курууга - примитивдүү технологияларга жана сапаты төмөн товарларга алып келет.

"Орусиянын экономикасы башка түзүлүшкө карай кыймылдай баштады. Мурда алдыңкы өлкөлөрдү кууп жетүүгө багытталган базар экономикасы болсо, азыр ал жакыр жана өнүкпөй турган борборлоштурулган экономикага карай жылып жатат. Бул жолдун башталышы гана”, - деп Сонин кайра курууну ушундайча сүрөттөйт.

Анын болжолуна ылайык, Орусия кризисти жана андан кийинки өсүштүн жайлоосун эске алуу менен 2021-жылдагы согушка чейинки өндүрүштүк жана керектөө көрсөткүчтөрүнө 10 жылда жетише алат. (EB)