Украинадагы согуштун айынан дүйнө ачарчылыкка кептелеби?
Алексей Калмыков Би-Би-Си

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиянын Украинага каршы соккусу кыйроо, өлүм-житим гана алып келбестен жакырчылыкты күчөтүп, жер шаарын азык-түлүк кризисине кептейт дегендер да бар. Орусияга достук мамиледеги, экономикалык жактан чамасы чектелүү өлкөлөр Батыштан да көбүрөөк залакасын тартат.
Согушка чейин Орусия жана Украина дан азыктары, өсүмдүк майы боюнча базардагы алдыңкы саптарды ээлеп, азык-түлүк соодасы боюнча ири сатуучулардан эле.
Орусия мунайды, мунай продуктыларын, жер семирткичтерди жана табигый газды сатуунун дөө-шааларынын бири болгону талашсыз.
Эми мындай камсыздоо үзгүлтүккө учурайт. Украинанын өзүндө тамак-аш тартыш, буудай ташыган украиналык порттор орусиялык флоттун калган бөлүгү менен бөгөттөлүп калган. Быйылкы түшүм дагы арсар. Күн карама эгилчү кара топурактуу жерлерге миналар "эгилип", орусиялык бүлүнгөн танкалар турат. Фермерлер болсо "олжого" тийген техникаларды сүйрөтүү менен алек.
Мунун баары үй-бүлөлүк кирешесинин көп бөлүгү тамак-аштан ашпаган жакыр өлкөлөр үчүн кереги жок эле. Жер шаары ковид менен былтыркы кургакчылыктан эптеп баш көтөрүүдө. Согушсуз эле тамак-ашка баа асман чапчыган.
Эми алар соңку жылдары болбогондой чектерге жетүүдө. Март айында эле 13%га чыкты. Бул дагы акыркы чек эмес. БУУ эми дагы кеминде 8%, балким, 22%га чейин жогорулайт деп божомол кылууда.
Согуштун айынан айыл-чарбасы үчүн май кымбаттап, насыялар, жер семирткич, деңиз жана кургактык аркылуу жүк ташуу жана сактоонун баасы көтөрүлдү. Адамдарга дагы, мал жандыкка дагы дан азыгы тартыш болуп, анын айынан эт жана башка азыктарга баа өсүүдө. Жер шаарын ачкачылык тооруйбу? Жок.
"Эң жаман деген абалда деле дүйнө калкын камсыз кылууга азык-түлүк жетиштүү болот",- деп Bruegel изилдөө борборунун эксперттери ишенимдүү билдиришүүдө.
Оор болот, болушунча үнөмдөгөнгө туура келет. Ачаарчылык конфликттен арылбаган, өтө жакыр Сомали, Афганистан же Йемен сыяктуу өлкөлөр үчүн кооптуу. Бул согуштан эң аз жапа чеге турганы Батыш.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Кайсы өлкөлөр башкаларга караганда көбүрөөк жабыркайт?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы өнүгүп келе жаткан жана кургакчыл аймактарга өтө оор болот. Алар азык-түлүктүн 90% сырттан сатып алат. Сатып алууга жакын өлкөлөр болсо Орусия менен Украина деп эсептелет. "Зарыл азыктарга баалардын өсүшү гуманитардык кризисти жана саясий тобокелчиликтерди күчөтөт. Соңку ирет баалардын кескин жогорулашы "Араб жазына" жеткирген",- деп Bruegel уюмунун изилдөөчүлөрү эскертүүдө.
Он жыл мурунку толкундоолор жана революциялар Ливия, Тунис, Египет жана Йеменде режимдерди алмаштырып, Орусиянын катышуусундагы Сирия согушуна алып келген эле.
Дүйнөлүк Банктын жана ЕБРРдин эксперттери бул ирет Түркия, Египет, Индия, Таиланд, Грузия, Армения, Түштүк Африка, Ливан жада калса Шри-Ланка дагы Орусиянын Украинага каршы агрессиясынын кыйыр курмандыктары болот деп жатат. Аларга өзгөчө оорчулук келүүдө. Анткени аталган өлкөлөр Орусия жана Украина менен соода-сатыктан көз каранды. Туризмден киреше табат жана Орусияга каршы санкциялар үчүн Батыш менен ачык конфликтти каалашпайт.
Египет – буудайды сатып алуучу чоң кардардын бири. Согушка чейин туристердин 20%ы Орусия менен Украинадан барчу. Ошондой эле Түркия нефтинин 93, газдын 99% импортуна көз каранды.
Орусия менен Украинанын коңшуларынан сырткары ал тараптан азык-түлүк сатып алгандар, жумуш издеп көп жараны келген өлкөлөр көбүрөөк жабыркайт. Себеби жумуш издеп келгендердин кирешеси жана акча которуулары кыскарат.
Согушка чейин Орусияда иштеген кыргызстандык жана тажикстандыктардын которуулары экономиканын төрттөн бирин түзчү. Өзбекстан жана Армениянын экономикасынын ондон бир бөлүгүнө жакынын түзгөн.
БУУнун эсеби боюнча 38 мамлекеттин 44 млн жашоочусу буга чейин эле ачарчылыкка жакындап калган эле. Дүйнөдө 720 млн киши тоё тамактанбайт деп эсептеген. Согуш бул сандарды 8 миллионго, кырдал оорлошуп кетсе 13 миллионго чейин жеткирет деген божомолу бар. Негизинен Азия, Африка жана Жакынкы Чыгыш жапа чегет.
Май менен дандын ордуна согуш куралы
Россия дан азыктары боюнча дүйнөдө ири экспортер. Жылына 33 млн тонна сатат. Украина 20 млн тонна экспорттойт. Бул боюнча эки өлкөгө дүйнөлүк экспорттун төрттөн бир бөлүгү туура келет. Бирок өзүн-өзү камсыздагандар да аз эмес.
БУУ согуштун айынан азырынча дүйнө калкы 5 млн тонна Украина, 3.5 млн тонна Орусия өстүрчү буудайдан өксүйт дейт. Бул дүйнө жүзүндөгү буудайга болгон муктаждыктын 1% гана түзөт (жалпы керектөө жылына 770 млн тонна). Учурда 300 млн тоннага жакын дан кампаларда турат деп эсептегенде бул өлчөм дагы азаят.
Жоготуулардын бир бөлүгүн Аргенитна менен Бразилиядагы мол түшүм толуктайт. Орусия өзү дагы экспортту көбөйтүп, азырынча чектебейт. Чындап келгенде баалардын өсүшүнөн улам бул өлкөлөр өздөрүндөгү инфляцияны басуу үчүн экспортту чектеши мүмкүн. Түштүк Америкадан ташуу ыраак жана кымбатка түшөт.
Башка дан азыктары боюнча деле абал жакшы эмес. Өзгөчө күн карама майы. Мунун баасы көтөрүлгөндүктөн жакыр өлкөлөрдөгү миллиондогон кишилер адаттагыдай үйдө куурулган салттуу тамактарынан баш тартып, сапатсыз май менен даярдалган тамакка көнүүгө аргасыз болууда.
Орусия менен Украина дүйнө жүзүн 57% күн карама майы менен камсыздайт. Евробиримдиктен сырткары Индия, Кытай, Иран жана Түркия сатып алат. Эми алар өсүмдүк майынын башка түрлөрүнө өтүүдө. Бул базарда баалардын өсүшүнө алып келди. Ансыз да Канада, Бразилия жана Аргентинаны былтыркы кургакчылык каптагандан Малайзияда пальма майын өндүрүү солгундап, аябай тартыштык жаралды.

Сүрөттүн булагы, AFP
БУУнун алгачкы эсеби боюнча Украина согуштун айынан айдоо аянттарынын 20-30 пайызына колу жетпей, экспорттун бир бөлүгү кыскарат. Дагы бир божомолдор көңүл чөгөрөт. Жагдай жаман жагына оосо болгон түшүмдүн баары өздөрүндө калып, экспорт токтойт. Жакшы дегенде эселеп кыскарат деп Bruegel уюму божомол кылууда.
"Толук кесепет кийинки күзгү түшүмдү жыйнаганга чейин байкалбайт",- дейт изилдөөнүн авторлору. Батыш өлкөлөрүнө кесепет аягында жетет деп боолголошууда.
"Эгер алдын ала даярданса азык-түлүк тартыштыгынын гуманитардык кесепетин жана соккусун жумшартууга болот. Буудайды кенен өстүргөндөр (Европа Биримдиги, АКШ жана Австарлия) камына алат. Анткени аларда абдан натыйжалуу айыл-чарбасы жана айдап себүүгө бош жерлердин жетиштүү кору бар".

Сүрөттүн булагы, AFP
Орусиянын Украинага басып киришинен сырткары эле азык-түлүк кризисин тереңдетчү кыйыр көйгөйлөр бар. Батыш Украинага көмөк көрсөтүп жатканда Афганистан менен Йемен көз жаздымда калат. Жардамга муктаждардын саны миллиондоп көбөйдү.
Мурун Украина БУУнун Азык-түлүк программасына буудай жана май берип келген болсо, эми жардам алууга өттү. Миллион украиналык тамак жана акчалай көмөк алды. БУУ 3.3 млн украиналыкка жакын арада көмөк көрсөтүүнү пландоодо.

Согушка чейин эле быйыл 137 млн кишиге жардам көрсөтүү үчүн БУУнун азык-түлүк программасы чогулта турган 19 млрд лоллардын жарымынан азы гана топтолду. Башка көйгөйлөр дагы бар. Тамак-аштын кымбатташы жалпы инфляцияны жогорулатып, борбордук банктар чекти жогорулатуга аргасыз болууда. Жыйынтыгында мамлекеттер, ишкерлер жана компаниялар жогору үстөктүн айынан насыяны аз алып, өнүгүүнүн темпи басаңдап, жакырлар ого бетер аргасы кетүүдө.
Ансыз да пандемия буга чейин эле далай экономикалык оорчулукту алып келген эле.












