Туура эмес тамактануу далай ооруну чакырат...

Сүрөттүн булагы, БУУнун Азык-түлүк программасы тарткан сүрөт
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Доллардын баасы өскөн сайын акчаны азык-түлүккө кантип жеткиребиз дегендер көбөйдү. Ун, май, шекер жана эт азыктары Кыргызстанда эң көп желчү азыктардын бири. Адистер башкасы кымбат деп бул азыктарга басым жасоонун зыянын эскертүүдө. Алардын айтымында, кымбат деген азыктарды алмаштыра ала турган алда канча арзан азыктарды алууга болот.
Кыргызстандын айыл-чарба министрлигинин берген маалыматына караганда, Кыргызстан жылына 769 000 тонна нан азыктарын, кант 170 000 тонна, эт жана эт азыктарынан 408 900 тонна жана 60 000 тоннадан ашык өсүмдүк майын керектейт.
Би-Би-Си Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын нутрициологу (туура тамактануу боюнча адис) Мануела Толмино менен маектешти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Би-Би-Си: Кыргызстандыктар адатта эт жана эт азыктарын көп жейт. Кымбатчылык учурунда эттен үнөмдөөнүн кандай жолу бар же эт берген витаминди, калорийди кайсы азык алмаштыра алат?
Мануела: Буурчак өсүмдүктөрүндө белок көп ошол эле учурда май аз болгондуктан, алар этти алмаштыра турган эң мыкты альтернатива. Жасмык, төө буурчак, нокот жана буурчак жергиликтүү шартта өстүрүлөт. Булар ден-соолукка пайдалуу, витаминге бай жана белоктун табигый булагы болуп саналарын көпчүлүк билбеши мүмкүн. Негизи эле аш болумдуу азыктарды керектүү көлөмдө алуу үчүн көп түрдүү азык-түлүккө басым жасоо туура. Сиңимдүү заттарды организмге жеткирүү үчүн ашказанды тамакка толтуруу эмес, туура жана пайдалуу азыктарды, анын ичинде витаминдер менен минералдарды алуу өтө маанилүү.
Мисалы, буурчак өсүмдүктөрүн башка тамактарга аралаштырса болот. Дан өсүмдүктөрү, тамыры желчү өсүмдүктөрү, мөмө-жемиштер менен жашылчаларды колдонуу керек. Буларды рационго кошуу туура тамактануунун бир бөлүгү. Андан тышкары кумшекер, туз жана кайра иштетилген азыктарды азайтуу керек. Туура тамактануу менен жетишсиз тамактануунун кесепетин жана туура эмес тамактануудан улам пайда болчу жугуштуу эмес оорулардын (мисалы, жүрөк жана диабет ооруларын) алдын алууга болот.

Сүрөттүн булагы, GRAVITY IMAGES
Би-Би-Си: Ун, шекер кымбат деген пикир көбөйдү. Бул эки азык организм үчүн канчалык зарыл?
Мануела: Ундагы калориялардын дээрлик бардыгы углеводдордон келет. Кант дагы углеводдун булагы. Бирок ден-соолукту бекемдөө үчүн кумшекерди колдонууну азайтуу керек. Пайдалуу углеводдор органдардын иштешин камсыз кылат жана физикалык активдүүлүк үчүн маанилүү энергия булагы. Демек, пайдалуу углеводдор сөзсүз түрдө организмге керек. Аларды жашылча, мөмө-жемиштер, буурчак азыктарынан алса болот. Мүмкүн болсо бул азыктарды пайдалансаңыз сиңимдүү углеводдун булагы болуп берет.
• Дан өсүмдүктөрү (күрүч, гречка)
• Тамыр желчү өсүмдүктөр (картошка жана сабиз)
• Буурчактын түрлөрү (жасмык, нокот жана төө буурчак)
• Жашылчалар (жалбырактуу жашылчалар жана брокколи)
• Жемиштер (алма, алмурут, банан)

Сүрөттүн булагы, БУУнун Азык-түлүк программасы тарткан сүрөт
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Кымбатчылыктан мурун эле ашыкча шекер организмге зыян экенин түшүндүрүп, шекерден баш тарттырууга же кескин азайтууга болобу?
Мануела: Тамак-аш менен суусундуктагы ашыкча калориялар салмак кошууга алып барып, ден-соолукка олуттуу зыян болушу ыктымал. Семирип кетүүнүн кооптуу жактарын унутпоо зарыл. Мисалы, Кыргызстанда калк арасында ашыкча салмактагы же семирип кеткендердин саны өсүп жатат. Бул калк көбүнчө майлуу, туздуу жана кумшекер кошулган азыктарды колдонуп жатканынан кабар берет. Ашыкча салмак менен семирүү кан тамыр, жүрөк оорулары жана диабет сыяктуу жугуштуу эмес дарттарга жеткирген негизги факторлорго кирет. Кумшекерди азайтуу менен жүрөк ооруларын козгой турган тобокелчиликтерди дагы төмөндөтсө болот. Ошол эле учурда кумшекер тиш ооруларына дагы жетирет. Тиш оорунун башталышы башка ооруларды чакырат.
Кумшекерди азайтуунун оңой жолу, кант көп кошулган азык менен суусундуктарды рациондон чектөө. Анын ордун табигый мөмө-жемиш жана жашылча менен тең салмактоо оор деле эмес.

Сүрөттүн булагы, БУУнун Азык-түлүк программасы тарткан сүрөт
Би-Би-Си: Кыргызстанда бар, бирок, эл өз рационуна пайдаланбай, баалабай жаткан азыктар, өсүмдүк же жемиштер барбы? Болсо алар кайсылар жана эмне кылуу керек?
Мануела: Кыргызстандын калкы крахмалы көп азыктарга басым жасап, пайдалуу май, жашылча менен мөмө-жемиштерди аз көлөмдө колдонот. COVID-19 пандемиясынан улам киреше азайды. Бул сатып алуу жөндөмүн азайтып, азыктардын көп түрдүүлүгүнө терс таасир этти. Натыйжада, ден-соолукка пайдалуу, витамини көп саналган жемиштер, жашылчалар, сүт азыктары жана балык сыяктуу азыктарды сатып алуу азайды. Анын ордун нан, кумшекер жана майлуу тамактар ээледи. Колдон келсе күнүнө кеминде 400 грамм беш башка жемиш менен жашылчаларды колдонуу керек. Жалбырактуу жашылчалар, мисалы шпинат менен капустада витаминдер көп жана баланстуу диетага жол ачат.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы БУУнун агентиктери менен бирге Кыргызстанда туура тамактанууну түшүндүрүү боюнча иш жүргүзүп келет. Мектепте тамактанууну жакшыртуу программасынан дагы уюм четте калган жок. Бул аркылуу балдар кичинекей кезинен эле пайдалуу жана даамдуу азыктар боюнча акырындап маалымдуулугу жогорулай берет. Андан дагы терең түшүндүрүп берсек деген максатта мектептерде күнөскана ачуу долбоорун ишке ашырууда. Ал жүзөгө аша турган болсо балдар бир гана туура тамактануу эмес, жашылча-жемиштерди өстүрүүнү дагы жакындан билип алышат.

Сүрөттүн булагы, MT











