Азык-түлүк кымбаттап эле баратат. Арзандатуунун жолу барбы?
Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, facebook
Мурун 2-3 миң сомго эле баштык толо азык алчу элек, азыр анын бири жок дегендер күн сайын көбөйгөндөй. Муну сатуучулар дагы айтып жатат. Алар "мурун 5-10 литрлеп, же бир нече килограммдап алгандар азыр акчасы жетпесин айтып, чакандап алып калышты, карыз сурагандар андан көп" дейт. Улуттук статистика комитети ай сайын баалардын өзгөрүүсүнө мониторинг жүргүзүп турат.
Би-Би-Си соңку үч айдан бери баалар кандай өзгөргөнүн, кайсы азыктар башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк кымбаттаганын талдап көрдү.
Азык-түлүктүн 21 түрү зарылдыктын биринчи тобуна кирет. Кыргызстанда азык-түлүктүн 17 түрү боюнча 18 жерде (шаар, райондордо) баалар сурамжылоо аркылуу статкомдо катталып турат. Ошол маалыматтын негизинде өткөн октябрь, ноябрь, декабрь айларынан бери кумшекер, сүт, картошка, жумуртка жана эт — башкалардан көбүрөк кымбаттаганы байкалды.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Баалар статком көрсөткөндөн дагы кымбатпы?
Негизги азыктардын бири болгон картошка орто эсеп менен 23,8 пайызга чейин кымбаттаган. Эң жогорку баа Талас облусунда катталган.
Сүт орто эсеп менен 18-24 пайызга кымбаттап, жогорку баа өзгөчө Ысык-Көл жана Жалал-Абад областтарында катталган.
Кумшекер октябрь айында 4, ноябрь айында дагы 2 пайызга жакын кымбаттаган.
Тооктун жумурткасы октябрь айына салыштырганда 7 пайызга жакын кымбаттаган. Баанын кымбатташы Ысык-Көл, Нарын, Талас областында өзгөчө байкалган.
Эттин баасы (уйдуку) 483 сомго чейин кымбаттаганын статком тактады.
Бирок уйдун сулп этин 580-620 сомго чейин сатып алдым дегендер иш жүзүндө чыныгы баалар статком көрсөткөндөн дагы кымбат экенин айтууда.
Кумшекер канткенде арзандайт?
"Чет мамлекеттен шекер ташып киришти. Ага чейин бизде кызылча айдоо 2017-жылы 12 миң, 2018-жылы 18 миң гектарга чейин жетип калган. Сапаттуу, арзан шекер менен камсыздамак турсун жаңылбасам 18 000 тоннага жакын шекерди биз башкаларга экспорттогонбуз. Ушундай сонун жүрүп жаткан иш бир заматта ойрон болду. Кантип? Мына 2019-жылы сырттан шекер импорттоп келди. Жаңылбасам 35 000 тонна болсо керек. Ошондо кызылчачылар кызылдай күйдү, банкрот болду. Мурда 42 сомдон ашпай баа дагы турукташкан эле. Ошондон кийин бизде кызылча айдоо кескин кыскарды. Көп өтпөй кумшекердин баасы 65 сомго чыкты дагы, арзандамак турсун кымбаттагандын гана үстүндө келе жатат. 2021-жылы дыйкандар үмүт кылып, ыйлай-сыктай 11 миң гектарга кызылча айдады. Быйыл болсо айдап кереги барбы деп баштары катып турат.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Негизи 18-20 миң гектарга кызылча айдасак өзүбүздү толук камсыздамакпыз. Андан ашырсак сатмакпыз. Канча киреше, убактылуу болсо дагы канча жумушчу оруну, канча салык түшөт эле? Дүңүнөн сырттан ташып саткандар бар. Алар кызылдай пайданы гана көздөйт. Эгер бийлик биздин дыйкандарга «мындан ары шекердин импорту токтойт, өзүбүз өндүрөбүз, айдагыла» деп кепилдик берсе, биздин дыйкандар азыр да стартта турат. Себеби мыкты түшүм алганды билишет. 300 миңдей киши убактылуу иш менен камсыз болот. Далай жаңы техниканы алып койгон. Былтыр болсо кумшекер чыгарчу завод каңкыйып токтоп калды. Ушунун кереги бар беле?",- дейт фермер Манас Саматов.
Эмне үчүн сүт, эт, жумуртка кымбат?

Сүрөттүн булагы, facebook
"Мунун баары жем, чөптүн, тоюттун тартыштыгынан, кымбаттыгынан улам болду. Жумуртка сатып алгандарга кымбат, саткандарга арзан болуп жатат. Саткандар кирешеси аябай эле төмөндөп кеткенин айтып ыйлап олтурушат. Эгер бул көрүнүш улана берсе алар тоок багууну улантабы, же чыгым тартпай деп токтотуп салабы? Мисалы, былтыр 8 сомдон сатылган жүгөрү жеми, быйыл 18-20 сомго чыкты. Эгер мыкты, ишин билген адистерди, фермерлерди угуп, чындап эле бул тармакка реформа кыла турган болсо, анда бул абалдан 2-3 жылда чыгып, жагдайды турукташтырып, киреше булагын көбөйтүүгө болот. Азыркыдай эле кала бере турган болсо, анда абал оорлой берет. Бизде көздү жумуп алып эле кетип бараткандай абал. Суу жылдан жылга азайып бара жатат. Жада калса кар жок. Тезинен тамчылатып сугаруу технологиясына өтпөсөк болбойт",- дейт айыл-чарба тармагындагы ишкер Рысгүл Акимжанова.

Сүрөттүн булагы, facebook
Картошканын кымбаттыгына эмне таасир этти?

Сүрөттүн булагы, Facebook
Картошканы Кыргызстандын дээрлик баардык аймагында өстүрсө болот. Бирок ошого карабай сырттан ташып келген мисалдар бар. Ал тургай соңку мезгилде эле Египеттен бери картошка ташылып келген эле. Андан бир аз мурда эле тандамал картошкасын сата албай, кардардын жоктугунан далай дыйкан күйгөн эле. Эми картошка өстүрүүгө, жалпы эле айыл-чарбасында бааны аныктай турган негизги фактордун ролу ого бетер күчөдү. Ал бензин, солярка. Эки жыл мурун эле 32-33 сомго чейин арзандаган бензин азыр 65 сомго чыкты. Картошканы айдоодон баштап казууга чейин техника жана бензин, солярка негизги муктаждык. Министрлик дыйкан, фермерлерге багыт берип, жетелей албаса айдалбай калган жер, сырттан ташууга муктаждык өсө берет дешет адистер. Фермер, дыйкандар болсо бизге көмөк бербесе дагы, бийлик тоскоол кылбаса, ички өндүрүшкө көңүл бурса дейт.
Монополияга каршы кызмат эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Screenshot
Таблицада көрүнүп тургандай, республика боюнча орточо алганда, рыноктук чекене баалары бир ай ичинде төмөнкүдөгү товарларга бир аз жогорулаган: - бышырылган нан - 1,5 сомго же 3%га; - пастерленген сүт. – 5,6 сомго же 11,1%га; - күрүч (Өзгөндөн башка жергиликтүү) - 2,3 сомго же 2,6%га; - тоок жумурткасы - 3,4 сом / 10 шт. же 3,6%га; - сары май 6,1 сомго же 1,6%га. Баалардын бир аз төмөндөшү төмөнкүдөгү товарларда байкалат: - койдун эти 3,8 сомго же 0,8%га; - чочко эти 2,5 сомго же 0,7%га; - суюлтулган газ 6,4 сомго же 0,9%га; - жергиликтүү көмүр 14,3 сомго же 0,8%га. Калган товарлар боюнча абал туруктуу бойдон калууда.
Мекеме мындан сырткары атайын кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалады.












