Доллардын көмүскө базары Орусия менен Кыргызстанда күч алдыбы?

Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын биринде тартылган сүрөт. Архив
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын биринде тартылган сүрөт. Архив

Мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайларды уюштурган деген айып менен төрт москвалык кармалды. Кылмыштуу бизнестен түшкөн киреше 25 миллион рублдан ашканын Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирди.

Полициянын маалыматы боюнча, кармалгандар "уруксаты жок накталай чет элдик валютаны сатып алуу-сатуу боюнча операцияларды системалуу түрдө жүргүзүшкөн".

“Бул үчүн алар борбор калаанын ар кайсы райондорунан ондон ашык жайды ижарага алып, ал жерге акча эсептеген кассалык жабдыктарды орноткон. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, кылмыштуу бизнестен түшкөн жалпы киреше 25 миллион рублдан ашкан", - деди ИИМ өкүлү Ирина Волк.

Бул факты боюнча РФ Кылмыш кодексинин 172-беренесине ылайык (мыйзамсыз банктык ишмердүүлүк) кылмыш иши козголду.

Шектүү кишилер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда алардан 35 миллион рублдан ашык ар кандай валютадагы акчалар, компьютерлер, банк карталары, штамптар жана документтер алынган.

Көмүскө доллар базарынын пайда болушуна эмне себеп?
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көмүскө доллар базарынын пайда болушуна эмне себеп?

Валюта көмүскө базары: суроо-талап жогорубу?

Накталай акчанын жетишсиздиги көмүскө базар түзүү аракетине, доллар менен евронун "параллель импортуна" алып келди, деп түшүндүрөт Корпоративдик финансы банкынын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Максим Осадчий.

Анын айтымына караганда, валютаны мыйзамсыз жүгүртүү аракети азыркы санкциялар салынганга чейин эле күч органдары тарабынан бир нече жолу аныкталып келген.

Көмүскө базарда доллардын курсу биржадагы курстан 10 пайызга кымбат, деп белгилейт Осадчий. Анын пикиринде, бул мыйзамсыз акча жүгүрүүгө суроо-талап салыштырмалуу аз экенин көрсөтүп турат.

Кыргызстан: акча айландырган көмүскө базар

Акылбек Жапаров: Дүрбөлөң түшүүгө негиз жок

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров: Дүрбөлөң түшүүгө негиз жок
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандагы валюта базарында дагы накталай чек өлкө валюталарынын тартыштыгы жаралып, банктар сатууга чектөө киргизди. Ишкерлер доллар менен еврону сатып алуу кадимкидей көйгөйгө айланганын айтып, даттанууда.

Чет өлкөлүк валюта улам жогорулап, кайра түшүп жатат. Бул олку-солку абалдын фонунда көмүскө базар жаралып, валютанын курсун жогору коюп саткандар бар. Бул тууралуу маалымат каражаттары да, коомдук сайттар да жазып жатат. Маалыматка караганда, атайын телеграм каналдар ачылып, ал жерде долларды сатуу же сатып алуу үчүн жарнамалар чыгат. Айрым ишкерлер мындан бир нече убакыт мурун эле "дал ушундай абал түзүлүшү мүмкүн, банкта башка, алмаштыруучу жайларда башка ал эми көмүскө базар түзүлсө анда такыр башка баалар болот" деп болжоп жатышкан.

Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек берип, валюта базары көзөмөлдө турганын айтты:

“Акчанын баарын банктардан алуу керек. Которууларды дагы банк аркылуу жүгүрткөн туура. Кыргызстанда доллар, алтын-валюталык запас жетиштүү. Өкмөт өз аракеттерди көрүүдө. Азыр кандайдыр бир дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Чет өлкөдөн валюта келип, кетип жүргөн, азыр деле ошондой. Бир гана азыр Казакстан менен Орусияга көбүрөөк кетип жатканына көңүл буруп жатабыз. Ал боюнча иштеп жатабыз”.

Банктарга нааразы болгондор доллар алууда комиссия төлөп, чектөөлөргө кабылып жатышканын интернетке жарыялап жатышат.

Чектөөлөр жана рубль...

Март айынан бери Орусияда жарандар үчүн ар кандай валюталык чектөөлөр киргизилди. Банкоматтан валютаны алууга дагы деле чектөөлөр бар. Банкоматтан 9-мартка чейин эсепке түшкөн акчаны гана алсаңыз болот. 9-марттан кийин эсебиңизге түшкөн акчаларды рубль менен гана ала аласыз.

Банктар жарандарга 2022-жылдын 9-апрелинен бери банкка түшкөн доллар жана еврону гана сата алышат. Башка валюталарды чектөөсүз сатууга болот. Бирок мисалы, Улуу Британия июнь айынын аягында фунт стерлингди жана Улуу Британияда жүгүртүлгөн Евробиримдик өлкөлөрүнүн банкнотторун Орусияга экспорттоого жана колдонууга тыюу салган.

Борбордук банктын башчысы Эльвира Набиуллина чектөөлөрдүн сакталышын санкциялардан улам Орусияга накталай акча алып кирүүгө болбой тургандыгы менен түшүндүрдү. АКШ менен Евробиримдик Орусияга накталай доллар жана евро киргизүүгө эмбарго салды.

“Биздин өлкөдө валютанын агымы боюнча кырдаал өзгөрөт деп күтүүгө эч кандай негиз жок”, - деди Набиуллина июлдун аягында.

Орусияга накталай доллар жана еврону импорттоого эмбарго алынмайынча, аларды жеке адамдарга сатууга тыюу салуу жоюлат деп күтпөй эле койсо болот, - дейт Максим Осадчий.

“Ошол эле учурда накталай юань, рупий жана “достук” өлкөлөрдүн валюталарын жеке адамдарга сатууга уруксат берүү жокко чыгарылбайт”, - дейт ал.

Борбордук банктын чектөөлөрүнүн фонунда рублдин курсу күчтүү бойдон калууда - чет элдик валютага суроо-талап азайып, көптөгөн импорттоочулар рубль менен эсептешүүгө аргасыз болууда, ал эми бизнес тармагы товар жана кызмат көрсөтүү үчүн чет элдик валютаны сатып албай калды.

Экономисттер азырынча рублдин куну түшпөй, салыштырмалуу күчтүү бойдон кала берет деп болжолдошууда. Кээ бирөөлөр жылдын аягына чейин 1 доллар 70 рублдин тегерегинде болот деп айтууда.