Президент Байден коронавирустан вакцина алгандарга 100 доллардан төлөп берүүгө чакырды

Сүрөттүн булагы, EPA
АКШнын президенти Жо Байден штаттарды жаңы вакцинаны алгандарды шыктандыруу иретинде $100 берүүгө чакырды. Мындай кайрылууну ал өлкө боюнча эмдөө алгандардын саны азайып, коронавирус жуктургандардын саны кескин өсүп жаткан шартта жасоодо.
Президент АКШнын федералдык кызматкерлерине дагы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө буйрук берди. Федералдык кызматкерлердин жалпы саны эки миллиондой жана алар өлкөдөгү эң көп жумушчу күчтү түзөт.
Буйрукка ылайык, кызматкерлер вакцина алганын далилдеген документ көрсөтүшү керек же болбосо милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүп туруусу жана беткап тагып жүрүүсү зарыл.
Расмий маалыматтар боюнча, АКШ калкынын жарымынан бир аз гана азыраак бөлүгү толугу менен эмдөөдөн өткөн.
Бейшемби күнү Акүйдөн сүйлөгөн Байден жаңы чаралар вирустун өтө жугуштуу дельта вариантынын жайылышынын натыйжасында киргизилип жатканын айтты жана мындай абал “эмделбегендердин пандемиясынан” улам жаралганын белгиледи.
“Адамдар өлүп жатат, өлбөшү керек болгондор дагы өлүп калат”, — деди президент.
“Стимул иретинде берилген акчалай сыйлык мурда эмдөөдөн өткөн америкалыктар үчүн адилетсиз туюлушу ыктымал, бирок биз көбүрөөк адамдарды эмдей турган болсок, пайдасын чогуу көрөбүз”, - деп кошумчалады Байден.
Акчалай сыйлыкты штаттар $1.9 триллиондук Куткаруу планынын алкагында АКШнын мыйзамына ылайык пайдаланса болот.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Байден федералдык өкмөт чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин вакцина алууга кеткен чыгашасын “толугу менен төлөп” бере турганын айтты.
Эмдөө алгысы келбеген мамлекеттик кызматкерлер жумуштан айдалбаган менен Акүй бул аракети менен өлкө боюнча башка кызматкерлерге үлгү көрсөтүүнү көздөйт.
Бирок мамлекеттик саламаттык сактоо адистери эскерткендей, апта сайын тест жүргүзүү вирустун тарашын токтотуунун натыйжалуу жолу эмес.
Демократиялык партиядан шайланган президент консервативдик чөйрөлөрдө вакцинанын кооптуулугу жөнүндө жүрүп жаткан сөздөр боюнча да оюн билдирди.
Ал вакцинаны “саясатташтырбоого” басым жасады. Себеби аталган вакцинага республикачылар бийликте турганда иштелип чыгып уруксат берилген. Ал эми аны таратуу Байдендин тушунда ишке ашууда.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өткөн айда Covid-19дан каза болгондордун 99% эмдөө албагандардын арасында катталган.
Ооруларды көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, жашы жеткендердин дээрлик 70% жок дегенде бир жолу вакцина алган. Бирок өлкө ичиндеги эмдөө көрсөткүчтөрү ар түрдүү. Түштүк жана батыш аймактарда коронавирус катуу жайылып жатат жана вакцина алгандардын саны аз. Коронавируска байланыштуу өлгөндөрдүн саны аптасына 2000 кишиге чейин жетүүдө. Соңку үч айда жаңы учурлар жогорку баскычка көтөрүлүп, вирус жуктургандардын саны күнүнө 60 миңди түзүүдө.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Эмдөө эмне үчүн солгундады?
Айрыкча АКШнын түштүгүндөгү штаттарда эмдөө алгандар аз.
Эң төмөн көрсөткүчтөр Миссиссиппи менен Луизианада. Экөөндө тең вакцинанын бир дозасын алгандардын саны 40% азыраак.
Түндүк-чыгыштагы штаттарда вакцина алгандардын саны көбүрөөк болууда. Вермонт жана Массачусетсте кеминде бир доза алгандардын саны болжолдуу 75% түзөт.
“Вакцина баарына кеңири жеткиликтүү болсо да түштүк аймактарда эмдөө дээрлик токтоп калды. Аябай чоң айырма бар, - дейт Бейлор медицина коллежинин вакцина боюнча эксперти, профессор Питер Хотез.
“Түштүк штаттарда жана батыштагы тоолуу штаттарда улгайып калгандар эмдөөдөн өттү, бирок жаштардын көбү өтө элек. Ушул жерде чоң айырма жатат”.
Маалыматтарга караганда, Миссиссиппи, Алабама жана Луизиана штаттарында жашы 65тен өткөндөрдүн 80%, ал эми жашы 65тен төмөн болгондордун болжолдуу 40% вакцина алышкан.
Ага салыштырмалуу Вермонт менен Массачусетсте жашы 65тен өткөндөрдүн дээрлик баары жана 65тен жашы төмөн болгондордун 80% вакцинанын бир дозасын алышкан.
АКШ апрель айынын ортосунда күнүнө 3 миллиондон ашуун эмдөө жүргүзүп жаткан болсо, азыр бул көрсөткүч күнүнө болжолдуу 500 миңди түзөт.
Адистердин айтымында, АКШдагы ден соолугу чың жаштардын арасында эмдөө алууга ашыккандар аз.
Ошондой эле вакцинанын коопсуздугу боюнча тынчсыздангандар жана эмдөөдөн өтүүгө каршы болгондор дагы жок эмес.
“Айрым адамдар коопсуздук маселесин көтөрүп, вакцинага азыр жөн гана уруксат берилгенин жана качан гана толугу менен ырасталганда балким эмдөөдөн өтөрүн айтып жатышат”, — дейт вакцинага болгон ой-пикирлерге мониторинг жүргүзгөн Kaiser Family фондунун вице-президенти, доктор Женнифер Кейтс.
АКШда колдонулган вакциналар расмий түрдө бекитиле элек, бирок пандемиянын чукул шарттарына ылайык шашылыш уруксат алган.
“Эмдөөгө каршы болгондордун 20% вакцина такыр албай турганын же болбосо кызматтагылар талап кылса гана вакцина аларын айтат”, — деп кошумчалайт Кейтс.
Байдендин бийлиги вакцина алууга каршы болгондорго онлайн бурмаланган маалыматтардын таасиринен көрөт.
“Бул - вакцина алгысы келбегендерге таасир эткен себептердин бири эле, бирок абдан маанилүү себеп экенин сурамжылоолордон көрүп жатабыз”, — дейт Акүйдүн башкы хирургу. (EA)












