Путин өзөктүк курал менен өзгөчө машыгуу өткөрүүнү көздөйт. Бул эмнени билдирет?
Эскертүү: Зээнди кейиткен сүрөттөр бар

Сүрөттүн булагы, Reuters
Орусиянын Коргоо министрлиги, президент Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча Генштаб жакын арада Түштүк аскер округу (ТАО) жана Аскер деңиз флотунун (АДФ) күчтөрүнүн биргелешкен ракеталык машыгуусун өткөрүүгө камынууда. Анда "стратегиялык эмес өзөктүк куралды колдонуунун маселелерин" (муну тактикалык курал деп да аташат) иштеп чыгуу пландалууда.
Машыгуу "батыш расмийлеринин опузасына жана провакациялык билдирүүлөрүнө" жооп катары даярдалып жатканы айтылган жана "жакын арада" өткөрүлөт. Даана кайсы билдирүүлөр тууралуу сөз болуп жатканы так көрсөтүлгөн эмес. Машыгуу кайсы жерде өтө турганы да ачыкталган эмес.
Кийинчерээк Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 6-майда, кайсы билдирүү тууралуу кеп болуп жатканын тактады. Анын айтымына караганда, сөз Франциянын президенти "Макрон мырзанын, британиялык өкүлдөрдүн билдирүүсү жөнүндө" жана "АКШ сенатынын өкүлдөрүнүн" кыязы Украинага куралдуу контингентти жиберүү ниети жөнүндөгү билдирүүсү тууралуу кеп болуп жатат.
"Бул чыңалуунун күчөшүнүн такыр эле жаңы түйүнү. Бул мурда болуп көрбөгөндөй, бул өзгөчө көңүл бурууну жана өзгөчө чараларды талап кылат",— деди Кремлдин өкүлү ("Интерфакс" басылмасынан алынган цитата).
2024-жылдын февраль айынын соңунда Financial Times басылмасы гезиттин журналисттери таанышууга мүмкүн болгон орусиянын жашыруун документтери тууралуу баяндаган. Бул маалыматтар орусиянын тактикалык куралдарына тиешеси болгон.
Жарыяланган маалыматта, Орусиянын андай куралды колдонуу ыктымалы орусиянын расмийлери көпчүлүккө жар салып жүргөндөгүдөн төмөн экендиги камтылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Такыр эле орунсуз" билдирүү
6-майда АКШ Песковдун билдирүүсүнө жооп кылып, Москванын "жоопкерчиликсиз риторикасы" деп сын менен жооп кайтарды.
"Бул биз буга чейин эле Орусиядан уккан жоопкерчиликсиз риториканын мисалы",- деп билдирди журналисттерге Пентагондун басма-сөз катчысы Патрик Райдер.
"Учурадагы коопсуздук кырдаалын эске алганда, бул караманча орунсуз",- деп кошумчалады генерал.
Ошол эле учурда "стратегиялык күчтөрдүн позицияларында [орусиянын] кандайдыр бир өзгөрүүлөр" болгонун американын чалгын кызматы каттаган жок деп тактады Райдер.
"Биз байкоо салууну улантаарыбыз турган иш",- деп жыйнтыктады Пентагондун басма-сөз катчысы.

Сүрөттүн булагы, ІГОР КОСТІН/LAW NET
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си Орус кызматынын аскерий талдоочусу Павел Аксенов: "Тактикалык өзөктүк курал саясатчыларга жана аскерийлерге бурмаланган "чектелген" эффект таасирин бергени менен коркунучтуу" деп эсептейт.
Өзөктүк курал менен машыгуу өткөрүү фактысынын өзү тынчсыздандыра турган факт болуп саналбайт. Орусия стратегиялык өзөктүк куралдар менен — чалгындоодон баштап континенттер аралык баллистикалык ракеталарды коё берүү сыяктуу түрдүү баскычтарды машыгып, бул өңдүү айла-амалдарды туруктуу өткөрүп келет. Ал эми стратегиялык өзөктүк курал алда канча кубаттуу жана коркунучтуу.
Шарт жана жагдай, ошол эле учурда стратегиялык өзөктүк куралды колдонуунун кесепети баарына жакшы түшүнүктүү, ошондуктан мындай аракет ким бирөөнү коркутуп жиберери өтө эле күмөндүү.
Тактикалык өзөктүк бомба же ракета бүтүндөй өлкөнү же заманбап чоң шаарды жер менен жексен кылып жибере албайт. "Чектелген кубат" аны колдонуу аракетин төмөндөтөт.
Бирок, экинчи жагынан — өзөктүк куралды колдонот десе эле ал өтө чоң саясий кесепетке алып келет деп дүйнөнүн эси чыгып калмайы бар. Керек болсо тактикалык дүрмөт болсо да ошондой деп ойлойт.
Орусия эки жылдан ашуун убакыттан бери Украинада кыйратуучу, кан төккөн согушту улантып жатканы менен ал Индия жана Кытай сыяктуу көптөгөн өлкөлөр менен достук жана өнөктөштүк мамилесин улантууда. Өзөктүк куралды машыгууда эле колдонуу аракети мындай мамилелерди абдан татаалдаштырып жиберет.
Өзөктүк курал ооздуктап туруунун куралы катары күчкө ээ. Башкача айтканда аны колдонбойт, аны менен айбат кылат, коркутат.
Орусия Украинада согуш уланып жаткан чакта 2023-жылы Батыш өлкөлөрү Украинага ураны азайтылган өтө натыйжалуу, чопкуттарды көзөп өтө турган снаряддардан жардам бере турган болгон учурда тактикалык өзөктүк каруу-жарагын Беларусиянын аймагына жайгаштырып, тактикалык өзөктүк куралы менен опузалаган эле.

Сүрөттүн булагы, ІГОР КОСТІН/LAW NET
Кремль азыр Франциянын жана Улуу Британиянын лидерлеринин Украинадагы согушка мамилеси тууралуу сөзүнөн улам машыгуу өткөрөбүз деп жарыялап жатат.
Бул чынында абдан кооптондурган, сезилээрлик белги. Бирок өткөндө чет элдик куралды анын ичинде снаряддарды жеткирүү токтоп калган эмес.












